Аялдар эркектерге караганда эмнеге узак өмүр сүрүшөт?

31 октября 2018 Аялдар эркектерге караганда эмнеге узак өмүр сүрүшөт?

Жөнөкөй гана, болбосо зарыл эмес эле суроо. Бирок, кызыктуу. Себеби статистика боюнча аялдар эркектерден көп жашашат. Бул биздин өлкөбүздө да байкалат.

Дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө аялдардын орточо жаш курагы эркектердикинен жогору. Кыргызстанда да статистика боюнча эркектердин орточо жашы – 67, аялдардын орточо жашы болжол менен – 72 жаш.

Жакында Калифорния университетинин окумуштуулары орточо жаш куракка байланыштуу суроого жооп издеп көрүштү. Изилдеп олтуруп аялдардын узак жашоосунун себеби эстроген гормонуна байланыштуу деген жыйынтыкка келген. Аялдардагы бул гормон клеткалардын картаюсун жайлатат. Ошондой эле, хромосомадагы генетикалык маалымат боюнча аялдардын дене клеткалары эркектердикине караганда жай картаят.

“Эстроген адам организмин бир калыпта сакталуусуна, ферменттердин активдүү иштешине көп жардамын тийгизет. Бул гормондун организмде көбүрөөк бөлүнүшү жүрөк-кан тамырлар ооруларына чалдыктырбайт. Андан башка сөөктүн нормалдуу өсүшүнө да зор жардамы бар”, – дешет изилдөөчү окумуштуулар.

Калифорния университетинин адистери эркектердин аялдардан аз жашоосунун дагы бир фактору катары тамеки менен алкоголдук ичимдиктерди атаган.