Орус тили Өзбекстанда: Ташкентте экономикалык секирик жасоо үчүн плацдарм даярдоодо
31 октября 2018
“Билим берүүдөгү, маданияттагы жана саясаттагы долбоорлордун натыйжалуулугу биринчи кезекте өлкөнүн экономикасынын керектөөлөрү менен аныкталат. Өзбекстанда орус тилин үйрөтүүчү курстар – сабаттуу стратегиянын мисалдарынын бири”, - деди Борбордук Азия боюнча орусиялык серепчи Иван Ипполитов.
- ЖМКлардын маалыматы боюнча Өзбекстандын студенттери ушул жылы орусиялык окуу жайларга болгон талаптарынын саны менен алдыда болду. Бул эмне менен байланыштуу?
- Ташкенттин Москва менен болгон багытынын жакындоосу акыркылардан эмес. өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин бир катар кадамдары республиканын бийлиги Орусия менен болгон кызматташтыктын экономикалык да, маданий да белгилүү бир кайтарымына ишенип жатканынан кабар берет. Мындай долбоорлордун натыйжалуулугу экономикалык көрсөткүчтөрдүн өсүүсү менен өлчөнөт.
Ислам Каримов башкарган акыркы жылдары биздин өлкөлөр бири-биринен бир аз алыстап кеткен эле. Өзбекстандын жаңы бийлиги колунан чыгарып жибергендерди кайра кайтарууга аракет кылып жаткандай.
- Экономикалык натыйжалуулук жөнүндө сөз кылуу сиз эмгек миграциясы жөнүндө айтып жатасызбы?
- Мисалы, азыр коңшу Ташкентте колдонулуп жаткан миграциянын моделин Ташкент кайталап жатат.
Бул өлкөнүнү көпчүлүк жарандары иштөө үчүн келишет, аларга чынында эле эле орус тили керек – бул орусиялык эмгек рыногунда атаандаштык артыкчылыктарды бири болуп саналат. Орус тилин билүү деңгээли төмөн болгондуктан, тадик мигранттарынын көп бөлүгү, тилекке каршы, төмөн акы төлөнгөн иштерде иштешет.
Өзбекстан менен Кыргызстандын жарандары орусиянын шаарларын иштөөгө келишет, жалпысынан орус тилин билүү деңгээли жогору. Анткени, өз убагында Өзбекстанда Тажикстандагыдай орус тилинен тездик менен баштуу болгон эмес. Анткен менен, Ташкенттин чечими менен өлкө латын тилине өткөн, ал эми орус тилинен такыр эле баш тартуу болгон эмес. Ал бүгүнкү күндө деле колдонулуп келет, анын ичинед расмий документ түгүртүүдө дагы.
Ташкент билим берүү чөйрөсүндө биргелешкен долбоорлорун ишке киргизүү маселелерин чечип жатат, аны канчалык кеңири чечсе, өзүнүн жарандарын чет жакка көбүрөөк жөнөтө алат. Азыр Өзбкестан өлкөдөн “мээлердин агылуусун” минималдаштырууга кызыктар.
Ташкент өзүнүн экономикасын кеңейтип, модернизациялап жатат. бийлик өз алына койгон жаңы долбоорлор жана демилгелүү маселелер бир эле каржылык басымды эмес, кадрдык камсыздоону да талап кылат.
Мисалы, Ташкент АЭС куруу маселесин көтөрүп чыкты, ал Москванын түздөн-түз катышуусу менен курулары пландалууда.
Өзбекстан СССР кулагандан кийин өнөр жайдын жана өндүрүш кубаттуулугунун чоң бөлүгүн сактап кала алган. Республиканын жетекчилиги өнөр жай иштетүүчү базаны бүнүүсүнө жол берген эмес. ал эми коңшу өлкөлөрдө бөлүп жарып, таш-талканын чыгарышты. Азыр эми Өзбекстанда алдыга экономикалык секирик жасоо үчүн олуттуу мүмкүнчүлүк бар. Ташкен азыр чечип жаткан кадр маселеси – бул үчүн зарыл болгон шарт.
- Өзбекстанда болжолдонгон орусиялык окуу жайлардын ачылышы ушул стратегиянын бир бөлүгүбү?
- Бул маселе ушул жылдын кыш айларында орусиянын ТИМинин башчысы Сергей Лавровдун сапары учурунда талкууланган.
Тизмеде Улуттук изилдөөчүлүк технологиялык университететин, “Москва болот жана эритиндилер институтунун”, Бауман атындагы Москва мамлекеттик техникалык университеттин, Москва архитектуралык университеттин жана Орусиялык технолигиялык университеттин, ошондой эле Сеченов атындагы Биринчи Москва мамлекеттик медицианлык университетинин филиалдары бар болчу.
Бул окуу жайлары биринчи кезекте өнөр жай үчүн адистерди даярдайт экендигине көңүл бурбай коюуга болбойт.
Өзбекстанда азыр ММУнун, Губкин атындагы Орусия мамлекеттик нефти жана газ университетинин жана Плеханов атындагы Орусиялык экономикалык университететин филиалы иштеп жатат.
Эгер белгиленген максаттар ишке ашса, анда Өзбекстандагы орусиялык окуу жайлардын саны башка өлкөлөрдөгү ушундай эле окуу жайлардын санынан ашып түшөт.