Трансгендер - маңдайга жазылган буйрук

4 марта 2019

"Азаттык +" бул берүүсүн коомдо сейрек кездешкен трансгендерлерге арнады. Бул оорубу же абалбы? Алардын укуктары эмне үчүн сакталбайт жана коомдо өздөрүн кандай сезишет, эмнеден кооптонушат? “Азаттык+” ушул жана башка суроолорго жооп издеди. Бул берүүнүн максаты кандайдыр бир көрүнүштү пропагандалоо эмес, тек гана дүйнө ар түрдүү адамдардан турганын эске салуу.