Сауд Арабия Хамза бин Ладенди жарандыктан ажыратты

4 марта 2019 Сауд Арабия Хамза бин Ладенди жарандыктан ажыратты

Сауд Арабия бийлиги “Аль-Кайда” террордук тобунун мурунку лидери, 2011-жылы май айында Пакистанда америкалык атайын кызматтар тарабынан өлтүрүлгөн Усама бин Ладендин уулу Хамза бин Ладенди жарандыктан ажыратты.

Тиешелүү жарлык өткөн жума күнү Сауд Арабия ИИМинин өкмөттүк гезитинде жарыяланды.

АКШ Мамлекеттик департаменти бейшемби күнү Хамза бин Ладендин жашаган жери тууралуу маалымат бергендерге бир миллион доллар сыйакы ыйгарарын жарыялаган. АКШ аны “Аль-Кайданын” азыркы башчысы деп эсептейт.