Елена Кузьмина: Бирликтин ички көйгөйлөрү жана аларды чечүү мүмкүнчүлүктөрү

30 октября 2018

Евразиялык бирлик акырындык менен күч алып жатат. Бирок? анын өнүгүшүнө тоскоол келтирген бир катар факторлор бар. Мен аларды саясий жана экономикалык кылып экиге бөлөт элем.

Евразиялык бирликтин негизги экономикалык көйгөйлөрү менен ички келишпестиктер улуттук экономиканын өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу.

Биринчиден, бардык мүчө өлкөлөр үчүн негизги экспорттук товарлар  жаратылыш ресурстары же биринчи иштелип чыккан продукция болуп саналат. Бул үчүнчү өлкөлөрдүн мамлекеттери ушул мамлекеттер тобунун керектөөчүлөрү өлкөлөрдөгү табигый ресурстарга карата суроо-талапка байланыштуу мамлекет үчүн кызыктуу дегенди билдирет.

Экинчиден, жалпы өндүрүштүк долбоорлордун эң минималдуу саны, ошондой эле өндүрүштүк кубаттуулуктарын өнүктүрүүнүн деталдуу программасы сооданын өз ара тизгинделүүсүнө алып келет. Бажы союзуна катышуунун негизги соода таасирлери жана товарлардын эркин жүрүү мүмкүнчүлүктөрү, ошондой эле, бирликтин ичиндеги көптөгөн товарларга бажы алымдарынын жоктугу дээрлик түгөндү. Бирликтин ичиндеги сооданын өсүшүн жогорулатуу үчүн өнөр-жайларды өнүктүрүү жана товарлардын ушул түрүн көбөйтүү байланышын артыруу керек. Муну менен катар, жалпы рынокто бизде жок же жок дегенде бирдей товарлар болбош үчүн  өндүрүш чөйрөсүндөгү өлкөлөрдүн адистешүүсүн өнүктүрүү зарыл.

Үчүнчүдөн, 2014-жылдын аягындагы дүйнөлүк мунай баасынын төмөндөшү жана энергия ресурстарын экспорттунан түшкөн валюталык акчага үчүнчү өлкөлөрдөн даяр өнөр-жай продукцияларын импорттоо мүмкүндүгү азайды, бул ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин муктаждыктарын өзүнүн өнөр-жай продукциялары менен камсыз кылуу зарылчылыгын арттырды. Үчүнчү өлкөлөрдөн чыккан продукциялардын импорттун алмаштыруу Бирликтин ичиндеги кызматташуунун артыкчылыктуу багыты болууда. Бирок, улуттук өнөр-жайды өнүктүрүү программаларына баа берүүдө өлкөлөр өз рынокторунун, бирликтин кызыкчылыктарын эске албай, импортту алмаштыруучу продукциялар менен гана толтурууну ниеттенүүдө. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өнөр-жай комплекстеринин тармактык өнүгүү артыкчылыктары дал келүү даражасынын жогорку деңгээлине ээ, бул аларды өз ара толуктоого эмес,  атандааштыкка алып келет.

Төртүнчүдөн, интеграция, негизинен, экономиканын салттуу тармактарында, анын ичинде энергетика, химия жана мунай, химиялык өнөр-жай, металлургия тармактарында толук мүмкүнчүлүктөр бар. Жаңы интеграциялык саясаттын  (макулдашылган саясатты түзүү боюнча иш-чараларды ишке ашыруу)  контекстинде кубатты артыруунун таасирдүү механизмдери бар макулдашылган саясатты иштеп чыгуу маанилүү. ЕЭК өнөр жай саясатынын негизги багыттарын аныктаганы менен, эч кандай конкреттүү биргелешкен долбоорлор жок.

Инновациялык чөйрөдөгү интеграция улуттук экономиканын туруктуулугун арттырууга жана бирдиктүү рыноктун калыптануу жолунда жалпы чек ара жана тийиштүү транспорт-коммуникациялык мүмкүнчүлүктүн жоктугуна байланыштуу тоскоолдуктарды жоюуга мүмкүнчүлүгү бар.

Бирок, тоскоолдуктардын негизгиси бул тармактардагы өз ара инвестициялардын жоктугу болуп саналат. Өлкөлөр өздөрүнүн улуттук өнөр жайын мүмкүнчүлүгүнө жараша инвестициялоодо. Өндүрүштүккө жана инфратүзүмдүк долбоорлор үчүн кыргыз-орус инвестициялык фонду гана ишке ашырат.

Бешинчиден, Бирликтин өнүгүүсү үчүн олуттуу көйгөй болуп транспорттун жетишсиздиги жана башка инфратүзүмдүн түрлөрүнүн, логистиканын жетишсиз деңгээли саналат. Бүгүнкү күндө транспорттук инфратүзүмдүн өсүүсү бардык өлкөлөрдө тездик  менен өнүгүп жатса да, бирок улуттук транспорттук системаны бирдиктүү транспорттук-логистикалык мейкиндикке бириктирүү дагы бир топ алыскы перспектива. Бул чөйрөдөгү өнүктүрүүдөгү чоң жетишкендик, албетте, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн эл аралык транспорттук коридорлорунда катышуусу болуп саналат. Биринчи кезекте, Кытай-Европалык бюиримдиги, ошондой эле Түндүк-Түштүк биримдиги.

Бүгүнкү күндө эл аралык коридорлорду өнүктүрүүнүн негизги драйверлери бирдиктүү документтердин пайда болушу, мисалы, Забайкальск, Эрлянь, Достук, Хоргос, Суйфэньхэ аркылуу чыгыш-батыш багыттарына транзиттик жүк ташууларга арналган коштомо кагаздар. Ошондой эле, Кытай, Беларусь, Германия, Казакстан, Монголия, Польша жана Орусия темир жолу ортосундагы Кытай-Европа байланышындагы контейнердик поезддерди уюштуруу боюнча кызматташтыкты тереңдетүү тууралуу келишимге кол коюлду.

Өнүгүүнүн негизги көйгөйлөрү жүк ташуу көлөмүндөгү дисбаланс шартында ташуу үчүн жылып турма курамдын өсүп жаткан керектөөлөрү болуп саналат; коңшу өлкөлөр ортосундагы чек арадан өтүү мүмкүнчүлүктөрү чектелген; транзиттик контейнердик поезддердин кыймылынын ылдамдыгынын жогорулоосун кармаган “РДЖ” тармагында Чыгыш полигонунан өтүү жөндөмдүүлүгү чектелген. Авто унаа инфратүзүмүнүн өзүнчө көйгөйлөрү бар: алар азыраак өнүккөн, жолдордун, айрыкча магисталдык жолдордун сапаты начар.

ЕАЭБдин өнүгүшүнүн саясий көйгөйлөрүнө мүсө өлкөлөрдө улуттук курулуш процесстеринин аягына чыкпагандыгын кошууга болот, бул жакынкы эле тарыхый ченемдер боюнча байланышкан. Бул улуттук мыйзамдарды тез түзүү ЕАЭБдин улуттук органдарынын бекемдөө мүмкүнчүлүгүнө таасир этет. Аларсыз бирликтеги мамлекеттердин өз ара кызматташуусу бир кыйла татаалдашат жана интеграциялык процесстерди кол менен башкарууга алып келет.

Бул маселелердин  негизги блогу гана, алардын ар бири ЕАЭБдеги интеграциялык өнүгүү көйгөйлөрүндө көбүрөөк деталдуу градациялар бар.

Елена Кузмина, саясат таануу илидеринин кандидаты, Орусия илидер академиясынын Е.М. Примаков атындагы Дүйнөлүк экономика жана эл аралык мамилелерди изилдөөнүн улуттук институнун Постсоветтик изилдөө борборунун сектор башчысы.

Булак: http://enw-fond.ru/ekspertnoe-mnenie/9167-elena-kuzmina-vnutrennie-problemy-eaes-i-vozmozhnosti-ih-preodoleniya.html