Экинчи ээктен арылууга болот!

30 октября 2018 Экинчи ээктен арылууга болот!

Алгач экинчи ээк эмнеден пайда болот экенине токтоло кетели. Негизинен анык эки фактор бар: ашыкча салмак менен анатомиялык өзгөчөлүк. Андан кийин жаш жогорулаган сайын булчуң эттер бошой баштайт. Бирок, азыркы учурда экинчи ээктин да маселесин ойдогудай чечүүгө болот. Эң жөнөкөй жолу: Фейсфитнес менен алектенүү.

Күзгүгө караганда ээктин алдынан ашыкча май көрүнгөн күндөн баштап фейсфитнес жасоону адатка айландырыңыз. Айрыкча, уктар алдында жасалган машыгуу пайдалуу. Машыгуулар аз убакытта аткарылганы менен, натыйжасын он күндөн кийин эле көрүүгө болот.

Машыгуулар:

Тилиңизди сыртка катуу чыгарып, ушул ыкманы 10 жолу кайталаңыз. (кимдир бирөөгө тилиңизди чыгарган сыяктуу). “И”, “У” үндөрүн катуу чыгарып айтыңыз. Муну 10-15 мүнөткө чейин улантууга болот. “О” тамгасын катуу айтып, 10 жолу кайталаңыз. Колуңуз менен ээктин алдынан кармап, жогору карай түртүңүз, кийин ээкти тескерисинче түшүрүүгө аракет кылыңыз; ээкти алаканыңыз менен ургулаңыз. (20 жолу жасоо керек).

Массаж алуу

Экинчи ээкти кетирүүгө массаждын да жардамы чоң болот. Азыр ашыкча майларга арналган атайын массаждар жасаларын билсеңиз керек?! Ошол сыяктуу ээктеги майды да косметологдордун жардамы менен жок кылууга болот. Аны 8-10 сеанс кабыл алуу керек. Натыйжасын көрүү үчүн жумасына 2-3 жолу массаж кабыл алыңыз.

Инъекция

Жогорудагы тепкичтерден өткөнүңүз менен, алар сиздин экинчи ээгиңизди кетире албаса, кабатыр болбоңуз. Дагы бир жолу азыркы кезде суроо-талапка ээ процедуралардын бири - инъекция. Албетте, бетиңизди оорутушу турган нерсе, ошентсе да натыйжасы жакшы. Бирок, бир жолу гана эмес, кеминде 2-3 сеанс кабыл алуу керек.