Болуп көрбөгөндөй рекорд: кыргыз мигранттары Орусияда болуп көрбөгөндөй акча таба башташты

4 марта 2019 Болуп көрбөгөндөй рекорд: кыргыз мигранттары Орусияда болуп көрбөгөндөй акча таба башташты

Кыргызстандын Улуттук банкы билдиргендей, өткөн жылы Кыргызстандын эмгек мигранттары өз мекенине 2,685 млрд доллар жөнөтүшкөн, ал эми 2017-жылы бул сумма 2,435 млрд долларды түзгөн. Негизги масса – 95% Орусиядан иштелип табалган жана жөнөтүлгөн, экинчи орунда Казакстан турат – 2,2 млн. 2015-жылдан баштап которуунун суммасы 1,62 млрд долларды “гана” түзгөн, чет өлкөгө чыгып кеткен Кыргызстандын жарандары жыл сайын акча которуулар боюнча рекорд коюп келет.

“Которуулардын суммасынын өсүүсү, биринчиден ЕАЭБдин алкагында бирдиктүү туруктуу эмгек рыногунун түзүлгөндүгү жөнүндө кабар берет, анын үстүнө Орусияга иштөөгө чыгып жаткан Кыргызстандын жарандарына экономикалык биримдиктин берген артыкчылыктары Тажикстандын, Өзбекстандын, Украинанын мигранттарына берген укуктар менен мүмкүнчүлүктөргө салыштырганда кыйла салмактуу, - дейт экономист Кубат Рахимов. – Экинчиден, аталган факт Орусиянын экономикасындагы туруктуу кырдаал жөнүндө дагы айтып турат. Ага ылайык, эмгек рыногу өсүп жатат, тигил же бул бутаны ээлөөгө адамдар керек. Эгер орусиялык жумуш берүүчүлөр тараптан, өзгөчө курулушта, коммуналдык тейлөө чөйрөсүндө, транспортто суроо-талап бар болсо, анда биздин эмгекчилерден дагы сунуш болот.     

Айрым пессимисттер, - дейт серепчи, - Кыргызстандан эмгек мигранттарынын агымынын көбөйүүсү – бул өлкө үчүн жаман көрүнүш деп эсептешет. Бирок, бул төмөн жактагылардын көз карашы. Ал эми жогор жактан көз караш – бул эл аралык эмгек ресурстарынын рыногу. Ал түзүлүүсүн, өзгөчө евразиялык экономикалык интеграциянын алкагында улантууда.   

Түрдүү маалыматтар боюнча, Орусида 600 миңден 1 млн тегерегиндеги кыргыз жарандары иштеп жүрүшөт. Ошол эле учурда, респбликанын калкы 6 млн кишини түзөт. Мигранттардын которууларынын суммасы республиканын мамлекеттик жылдык бюджетинин киреше бөлүгүнөн дээрлик 650 млн долларга көп. Ошол эле учурда мамлекеттик карыздын суммасы болжол менен 4,5 млрд долларды түзөт. Сырткы карыздын чоң бөлүгү – 3,83 млдр доллар Кытайга туура келет.

Булак: https://www.ritmeurasia.org/news--2019-02-18--poshli-na-rekord-kirgizskie-migranty-zarabotali-v-rossii-kak-nikogda-41145?fbclid=IwAR0CoVspDOI-toGAd79-Rtt-bDuIDkbIG0YYM2czdzsmk2DhIxileffeEK0