Борбордук Азиядагы жакынкы жылдарга негизги маселеси – бул өз ара өнүгүүнүн экономикалык моделинин практикалык жана ченемдик институттарында механизмдерди жолго салууну жана бекемдөөнү издөө. Болгондо да төмөнкүлөрдүн негизинде өз ара өнүгүү аркылуу:
- регионалдык/чек аралык ички сооданы бекемдөө. Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы сооданын бүгүнкү күндөгү дараметин – беш республиканын бардык соода айлантуусунун 10%дан азырагын түзөт. ЕБда аталган көрсөткүч 60%дан ашат, АТЭКте – 68%. БУУнун маалыматы боюнча, Борбордук Азия (БА) өлкөлөрүнүн натыйжалуу кооперациясы 10 жылда регионалдык ИДӨнү кем дегенде 2 эсеге жогорулатмак. Борбор Азиянын өлкөлөрүнүн соода экспортунун негизги бөлүгүн казып алунуучу жаратылыш ресурстары жана аларды биринчи иштетүүнүн продуктулары түзөрүнө карабай (болжол менен 2017-жылы бардык товар экспорттоонун 80-90%), бул товарлар менен региондун өлкөлөрү Борбор Азиянын чегинен тышкары жүргөн соодасынан кыйла аз болсо дагы, бири-бири менен соодалашат.
Эгер товар экспортунун көлөмүн минералдык продуктыларды жана металлдарды эсептебей карап чыкса, анда региондун өлкөсүнүн экспортунун көлөмү 30%га чейин өсөт. Бул пайдалуу казып алуу болуп саналбаган товарлар боюнча анын жолундагы тоскоолдуктардын бар экендигине карабай, азыр регион ичиндеги активдүү соодага орун жок экендигин билдирет. Регионалдык сооданын көлөмүнүн анча чоң эмес үлүшүн Казакстандан товарларды экспорттоо жана Казакстандан товарларды импорттоо түзөт, бул анын экономикасынын өлчөмүнө шайкеш келет. Ошол эле учурда, регионалдык соода айлантууда (41,8%) Казакстандын үлүшү регионалдык ИДӨдө өлкөнүн үлүшү дээрлик бир жарым эсе аз (60%дан көп). Регионалдык соода айлантууда Өзбекстандын үлүшү (29,5%) регионалдык ИДӨдө анын үлүшү жогору (18,4%) жана региондун өлкөлөрүнүн продукцияларынын импортунун көлөмү боюнча ал жада калса Казакстанды басып өтөт. Регионалдык товар айлантууда Кыргызстан менен тажикстандын үлүшү (14,3% жана 10%) регионалдык ИДӨдө алардын үлүшү кыйла жогору. Мунун менен, аталган өлкөлөр регионалдык эмгекти бөлүштүрүүдө башкалардан кө катышат жана регионалдык соодадан аябай көз каранды;
- товарларды жана кызматтарды сатып өткөрүүнүн сырткы ири рынокторунда иштөө боюнча биргелешип аракеттенүү же кызматташтык;
- региондун транспорттук-логистикалык мүмкүнчүлүктөрүнүнү тармактарын өнүктүрүүнү жалпы же макулдашылган көрүүсү жана анын даяр товарлар менен сырьёлордун региондор аралык агымын түзүү. Бул жерде кыйла жолго салынган, түшүнүктүү рынок – ЕАЭБге тиешелүү. Кытайдын рыногу (Кыргызстан – бул Кытай менен “жашыл коридор” макулдашуусу бар Борбор Азиядагы жалгыз өлкө, анын алкагында тарифтик чектөөлөрсүз Кытайга айыл чарба азыктарын экспорттой алат), Европанын рыногу (Кыргызстан тарифтик чектөөлөрү жок 6500 товардык аталышты экспорттоого Баарына жалпы өзгөчө жеңилдиктердин схемасы+ (БЖС+) менен келишими бар Борбор Азиядагы жалгыз өлкө) потенциалдуу кызыктуу. Бирок, көптөгөн миллиондук инвестициялар болгон жана Тажикстандан, Казакстандан, Өзбекстандан жана Кыргызстандан айыл чарба продукцияларын өздүрүүчүлөрдөн ири конгломераттарды түзгөн учурда гана жогорку сапаттагы бир түрдүү продукцияны өстүрүү, аны кайра иштетүү, таңгактоо, маркировкалоо жана сырткы рынокторго жылдыруу боюнча жетиштүү кубаттуулукту түзүү мүмкүн болот;
- калктын жашоосунун сапатын жогорулатуу, региондун өз ара байланышын жакшыртуу, сатып өткөрүүнүн жаңы рынокторуна чыгуу максаты менен регионалдык сооданы өстүрүү жана региондук транзиттик дараметин пайдалануу үчүн Борбор Азияда жалпы транспорттук коридорду түзүү. Регион жалпы жолдорго муктаж. Ал жүздөгөн жылдар бою бир эле товарлар жана эл үчүн эмес, билим, маданияттардын жана этностордун диалогу, сырткы жана региондун ичиндеги туризмди өнүктүрүү үчүн кызмат кылат. Серепчилердин божомолу боюнча, 2030-жылга карата Борбор Азиянын өлкөлөрү аркылуу жалпы суммасы 176 миллард доларды түзгөн жүк ташылып өтөт.
Борбор Азиянын магистралдарын натыйжалуу пайдалнуу үчүн өткөрүү пункттарындагы жана региондун өлкөрүнүн аймагындагы бир катар физикалык эмес тоскоолдуктарды алып салуу, айдоочулар менен жүктөрдү санкциясыз токтотуунун жана текшерүүнүн санын кыскартуу, транспорттук каражаттардын мүмкүн болгон параметрлерин максималдуу ыңгайлаштыруу керек.
Борбор Азиянын регионалдык экономикалык кызматташтыгынын тарнспорттук коридорлору – ийгиликтүү кызматташтыктын мисалы!
2001-жылы расмий түзүлгөн Борбор Азиядык регионалдык экономикалык кызматташтык (БАРЭК) прогаммасы – бул 10 өлкөнүн жана 6 көп тараптуу институттардын өнөктөштүгү, ал кызматташтык аркылуу өнүгүүгө көмөк көрсөтөт. БАРЭК Борбор Азия өлкөлөрүнө жана алардын коңшуларына транспортто, соодада, соода саясатында жана энергетикада регионалдык кызматташтыкты өнүктүрүү жолу менен интеграцияланган Евразиянын чоң дараметин ишке ашырууга жардам берет. Чыгышта Япония менен Кытай Элдик Республикасынын (КЭР), түндүктө Орусия Федерациясынын, түштүктө Индия менен Пакистандын тездик менен өскөн экономикасы Европа менен Азиянын ортосундагы байланышты жакшыртууга суроо-талапты жогорулатат. Бул БАРЭКке мүчө өлкөлөргө бир эле учурда экономиканын өсүүсүн жогорулатуу жана жакырчылыкты кыскартуу менен соода жана коммерциянын борбору болууга талашсыз мүмкүнчүлүк берет. Региондогу бир дагы өлкө атадган мүмкүнчүлүктү толугу менен өз алдынча колдоно албайт, бирок баары биргеликте алардын күчтүү тараптарына негизделген кызматташтыкта пайда таба алышат.
Тажикстанда БАРЭК программасы энергетикалык натыйжалуулукту жогорулатуу жана регионалдык энергетикатык рынокту өнүктүрүү; регионалдык жол коридорлорун, ави паркты жана новигация системаларын, чек аралардагы өткөрүү пункттарын модернизациялоо; соодагы көмөктөшүү боюнча Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ), Европалык реконструкция жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ), Ислам өнүктүрүү банкы, Бүткүл дүйнөлүк банк жана башка өнөктөштөр аркылуу 730 миллион доллардан ашык каражатты алууга жардам берди.
Региондору БАРЭК программасынын жыйынтыкра ыболуп төмөнкүлөр саналат:
• 2600 километров (км) жолу куруу жана кабылына келтирүү;
• 2000 км темир жол төшөө;
• чек аралардан өткөрүү портторун жана пункттарын жакшыртуу;
• энергия менен камсыз кылууну, анын натыйжалуулугун жана бөлүштүрүүнү жогорулатуу.
БАРЭКтин транспорттук коридорлору региондун негизги экономикалык борборлорун бири-бири менен, ошондой эле регионду башка Европалык рыноктор менен байланыштырып турат. БАРЭКтин Транспорт жана соодага көмөктөшүү боюнча стратегиясын ишке ашыруу үчүн аракеттер планы 2017-жылга карата эл аралык стандарттарга ылайык алты коридорду модернизациялоо максаты менен активдүү инвестициялык планды элестетет. Бул регион чичиндеги, региондор аралык жана транзиттик сооданы ишке ашырууда маанилүү жакшырууларга алып келет. Кыйла натыйжалуу соода бизнести өнүктүрүүгө, жумушчу орундарды түзүүгө жана жакырчылыкты жоюуга колдоо көрсөтөт.
Коридорлор төмөнкү беш факторду баалоонун негизинде тандалып алынган:
- Ташуулардын азыркы көлөмүнк
- Экономикалык өсүүнүн жана ташуулардын көлөмүнүн өсүүсүнүн келечегин
- Экономикалык жана калктуу борборлор ортосундагы байланыштуулукту өнүктүрүү үчүн мүмкүнчүлүктү
- Кечигүүнү жана башка тоскоолдуктарды кыскартуу үчүн дараметти
- Экономикалык жана каржылык туруктуулукту
Ар бир коридор БАРЭКтин өлкөсү үчүн кем дегенде эки ири Европалык рынокко чыгууну жакшыртат.
БАРЭК өлкөлөрү: Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Кытай Элдик Республикасы, Азербайжан, Монголия, Ооганстан.
Региондо артыкчылыктуу жана атаандаштыкка туруктуу сапатта БАРЭК тарабынан аныкталган 6 (алты) транспорттук коридордун ичинен төртү Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча өтөт, балар: 1) БАРЭК 1 – Европа-Чыгыш Азия (Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолу боюнча); 2) БАРЭК 2 – Жер ортолук деңизи-Чыгыш Азия (Ош-Сарыташ-Эркечтам унаа жолу боюнча); 3) БАРЭК 3 – Орусия Федерациясы-Жакынкы Чыгыш жана Түштүк Азия (Ош-Сарыташ-Карамык унаа жолу боюнча); 4) БАРЭК 4 – Чыгыш Азия-Жакынкы Чыгыш жана Түштүк Азия (Эркечтам-Сарыташ-Карамык унаа жолу боюнча).
- Жаңы технологиялык көндүмдүн түшүнүү менен кирүүсүнүн чекиттерин түзүү үчүн Укуктук, инвестициялык жана социалдык-билим берүүчүлүк чөйрөнү түзүү. Азыр региондун алдында мамлекеттик секторду санариптештирүүдө кайсы технологиялык платформага, программалык-аппараттык чечимге кайсы лидер өлкөлөр өтүп жатат деген маселе турганы анык. Жаңы технологиялар чөйрөсүндө тарнс улуттук компаниялардын продукцияларынан региондун өлкөлөрүнүн өсүп жаткан көз карандылыгы кийинчерээк жогорку технологиялык продукцияларга региондун өлкөлөрүнүн бирине санкцияларды/чектөөлөрдү колдонуу учурунда пайдаланылышы мүмкүн. Түзүлгөн кырдаалдан чыгуу жолу региондун ишканаларын жана атайын кызматтарынын өзүнүн элементтик базасында бир катар өндүрүштү түзүү, өнүктүрүү боюнча, же кем дегенде санариптештирүү үчүн программалык-аппараттык чечимди тастыкташтыруу, адаптациялоо борборун түзүү боюнча комплекстик кызматташтыгы болушу мүмкүн.
Глобалдык санариптештирүү тездеп өнүгүүдө, өкмтөөр, ишканалар жана жеке адамдар үчүн ыңгайлуукту жана туруктуу өсүүнү камсыз кылат. Мындай санариптештирүү шартында прогресстин жоктугу Борбор Азиянын өлкөлөрүндө ресрессияга алып келет. Бул өлкөлөргө бир гана кванттык секирүү жардам берет, ал иннновациялык чечимдерди издөөнү жана табууну, алдыңкы тажрыйбаны иштеп даярдоону жана жаңы атаандаштык артыкчылыктарды түзүүнү камсыз кылат. Маалыматтык-коммуникациялык технологияга инвестициялар экономикага маанилүү салым кошорун изидөөлөр көрсөттү. Ал өзүнүн негизги пайдасынын чегинен алыс чыгат. Бул баарынан мурун “жакшы натыйжа” алуу менен байланыштуу . 2017-жылы Huawei жана Oxford Economics биргелешкен Digital Spillover (санариптик натыйжа) отчетун чыгарышкан. Баяндамада акыркы 30 жылда санариптик технологияларга 1 АКШ доллары өлчөмүндөгү ар бир инвестиция 20 долларга ИДӨнүн өсүүсүн алып келди. Узак мөөнөттүү салымдардын рентабилдүүлүгү (ROI) санариптик технологиялар үчүн санариптен башка инвестицияларга караганда 6,7 эсе көп, ал эми санариптик экономика дүйнөлүк орто ИДӨгө караганда 2,5 эсе тез өстү.
Көптөгөн өлкөлөр жана региондор экономикалык өсүүгө түрткү берүү үчүн санариптик технологиялардын дарамети чоң экендигин таанышууда. Ошондуктан, санариптик экономиканын алкагында улуттук стартегиялар түзүлүп, алдыга жылып жатат. Мисалы, Германияда 4.0, ЕБда Smart Nation Singapore жана Horizon 2020. Борбор Азиянын бир нече өлкөсү дагы өздөрүнүн улуттук “санариптик” пландарын жарыялашты. Мисалы, Digital Kazakhstan жана Кыргызстанды санариптештирүүнүн алкагында “Таза Коом” программасы түзүлгөн. Бирок, биз Борбор Азиянын көпчүлүк өлкөлөрүндө маалыматтык-коммуникациялык технологияларынын (МКТ) инфра түзүмүнүн азыркы деңгээли дүйнө боюнча ортодон төмөн экендигин аныктадык. Жыйынтыгында азыркы МКТнын инфра түзүмү чоң бөлүгү санариптик экономиканын өнүгүү шарттарында суроо-талапты канааттандыра албайт. Эгер мисал катары ушул өлкөлөрдөгү тиричиликтик кеңири мейкиндиктеги байланышты карай турган болсок, биз үйлөргө кирген кеңири мейкиндиктеги байланыштын орточо деңгээли 34%ды түзөрүн көрөбүз, ал эми алардын кээ бирлеринде 10%ды түзөт. Бул дүйнө боюнча ортодон кыйла төмөн, анда көрсөткүч 41,4%га барабар. Мындан тышкары, ушул өлкөлөрдөгү катталган байланыштын кеңири мейкиндиктеги үй байланышынын бардык колдонуучуларынын 79%ы секундасына 10 Мбиттен кем эмес колушуу ылдамдыгына ээ.
Маанилүү жакшырууларга Борбор Азия өлкөлөрүндө кеңири мейкиндиктин жана колдонуучулук тажрыйБорбор Азиянын көз карашынан жетиши мүмкүн. Убл өлкөлөр санариптик инфра түзүмдө инвестициялардын жана инвестициялык циклдин кирешелүүлүгү менен байланышкан олуттуу көйгөйлөргө туш болуп келет. Ушул маселелерди чечүү үчүн бардык катышуучулардын биргелешкенк аракетин талап кылат. Ушуга байланыштуу, региондун өлкөлөрүнүн өкмөтүн МКТны өнүктүрүүнүн колдоо үчүн өздөрүнүн саясий куралдарына колдонууга жана фонддорго, таланттарга жана салыктарга карата натыйжалуу саясатты иштеп чыгууга киришүүгө чыгармачылык менен мамиле кылууга чакырат элек. Муну менен, өкмөт байланыш операторлоруна инвестициялар менен байланышкан маселелерди жана тобокелдиктерди басып өтүүгө бекем чөйрөнү түзүү менен жардам бермек. Ал бардык тармактарда МКТ технологияларын колдонууну жеңилдетет. Регион. Statusquo
Борбор Азиянын мамлекеттерин бир эле географилык абалы эмес, ошондой эле маданий жана тилдик жакындык, ушул региондо кылымдар бою коңшу жашаган элдин жалпы тарыхы бириктирип турат. Менин көз карашымда, региондун негизги өзгөчөлүгү анын чыдамкайлыгы, өзгөрүүлөргө даярдыгы, сырткы шарттарга карай ыңгайлашуусу жана маданий, географиялык дараметинин негизинде мундан өсүү жана өнүгүү үчүн мүмкүнчүлүк алуу болуп саналат.
Борбордук Азия башынан эле бирдиктүү саясий жана экономикалык регион болгон эмес. Борбор Азиянын калкы эч убакта жалпы улуттук саясий бирдейликке ээ болгон эмес. Биз коңшубуз, чек араларыбыз, ашканабыз жана инфра түзүмдүк мурасыбыз бир – булар биздин өлкөлөрдү бириктирген нерселер.
Советтик учурда Борбордук Азияда бирдиктүү өндүрүш болгон эмес (эмгекти бөлүштүрүү системасына жараша), сейрек өзгөчөлүк болуп аяктаган өндүрүштүк чынжырчанын мисалдары саналат (мисалы, болот өндүрүүдөн комбайн чыгарууга чейин). Ошондуктан, Советтер Союзунун кыйрашы региондун артка агро ишканалардын деңгээлине чейин кайтууга аргасыз кылды, ошондой эле оор өнөр жайда өтө чоң жоготуулар болду. Жеңил өнөр жайдын калдыктарын кайсы бир жерлерде сактап калууга мүмкүн болду. СССРдин бутактаган аскердик-өнөр жай комплексинин ишканаларынын бөлүгү түбөлүккө жок болду.
Бүгүнкү күндөгү экономикалык регион чек аралык соодага негизделген. Бирок, Өзбекстандын ачылышы менен Борбордук Азиянын ири диаспоралары бар бардык мамлекеттеринде, Ооганстанга чыгууга мүмкүнчүлүгү жок Түркмөнстанды кошкондо, кырдаал таптакыр өзгөрдү. Экономикалык интеграция жана регионалдык саясий диалог процесси бир топ тездей баштады. Азыркы учурда биз Кыргызстанда 2019-жылдын башында кабыл алынган “Ачык асман” долбооруна күбө болуп жатабыз, 2020-2021-жылдарга карата Өзбекстанда чоң аэропорттун курулушу аягына чыгат, ушуга эле Тажикстандын айрым ишканалары үчүн кошумча наркка салыкты алып салуу, ошондой эле борбор азиялык шенгенди түзүү кирет. Өзбескатндын ачык саясаты аркылуу атаандаштык процессин киргизүүгө мүмкүн болду. Регион ичиндеги (дүйнөлүк жөнүдө айтпай эле коюуга болот) экономикалык прогресстен тездик менен четтеп калуу коркунучун түшүнүү менен, региондун өлкөлөрү саясий таарынычтан өз ара пайдалуу экономикалык стартегияларды ишке ашырууга өтүштү.
Борбор Азияда 2017-жылдагы маалыматтарга алайык, 265,2 млрд АКШ долларын түзгөн жалпы ИДӨ менен 71,3 млн адам бар. Калктын саны боюнча талашсыз лидер болуп Өзбекстан саналат, өлкөдө региондун калкынын 45%дан ашыгы жашайт. Экономиканын өлчөмү жана аймагы боюнча Казакстан биринчи орунда ээлейт. Ал жакта регионалдык ИДӨнүн 60%дан ашыгы өндүрүлөт. Борбордук Азиянын жаратылыш ресурстары дагы бирдей бөлүштүрүлгөн эмес. Казакстан менен Түркмөнстан энергоресурстарынын запасына бай, ошол эле учурда Кыргызстан жана Тажикстан нефти менен газдын жетишсиздигин баштан кечирип келет.
Казакстанда негизги тармактар болуп өнөр жай, айыл чарбасы, курулуш, соода, тарнспорт жана байланыш саналат. Экспорттун түзүмү жетиштүү туруктуу бойдон калып, олуттуу өзгөрүүлөрдү башынан кечирген жок. Республика 800дөн ашык товардык позиция боюнча 123 дүйнөнүн өлкөсүнө экспорт кылат. Буларга минералдык продуктылар – нефти, нефти өнүмдөрү, нефти газдары жана көмүр суутектер, металлдар жана алрдын жасалгалары, ошондой эле химиялык жана өнөр жайдын аны менен байланышкан тармактары.
Кыргызстан. Кыргызстанда экономиканын негизги тармактары – айыл чарбасы, кызматтар, жеңил өнөр жайы, курулуш, соода, туризм. 2018-жылдын жыйынтгыы боюнча ИДӨнүн өсүүсү республикада 3,2%ды түзгөн. Кыргызстандын улуттук стратегиялык комитететинын маалыматы боюнча, 2018-жылдын биринчи жарым жылдыгында ИДӨүнүн түзүмүндө анча чоң эмес үлүш кызмат көрсөтүү тармагына туура келген, жалпы көлөмдүн 47%ын түзөт. Айыл чарбасында 10,2%ды, курулушта 6,4%ды түзгөн. Өлкөнүн экономикасы үчүн чоң ролду эмгек мигранттарынын акча которуулары ойнойт экендигин белгилей кетүү керек. 2018-жылы чет өлкөдө иштеп жүргөн кыргызстандыктар Мекенге 2 млрд доллардын тегерегинде акча которгон, 2017-жылы бул саны 2,4 миллиарддан ашкан. Түшкөн каражаттардын 95%Орусиядан которулат.
Тажикстан. Өлкөнүнү негизги экспорттук өндүрүүчүсү болуп Тажик алюминий заводу саналат. Ишкана өлкөнүн бюджетине бардык валюталык түшүүлөрдүн 75%ы менен камсыз кылат. 2018-жылы республика электр энергиясынын экспортун өстүрө алды. Тажикстандагы бардык өндүрүлгөн электр энергиясынын үчтөн бири азыр Өзбекстанга жана Ооганстанга экспорттолот.
Узбекистан. Борбор Азиядагы кыйла диверсификацияланган экономика болуп Өзбекстандын экономикасы саналат. Республика байпактардан баштап үстүңкү кийимдерге жана атайын кийимдерге чейин даяр тесктиль продукцияларын кеңири ассортиментте өндүрөт жана экспорттойт (дүйнөнүн 100 ашык өлкөсүнө). Кабелдик-өткөргүчтүк продукцияларды жана электр техникаларын жеткирүү боюнча жакшы перспективалар ачылып жатат. Электр тиричилик продукуияларын чыгаруу боюнча өндүрүштүк кубаттуулуктар динамикалык түрдө өнүгүп жатат. Бүгүнкү күндө Өзбекстанда смартфондор, LED жана LCD-телевизорлору, муздаткычтар, желдетүү системалары, кыска толкундуу мештер жана башка тиричилик техникалары чыгарылып, ийгиликтүү экспорттолуп жатат. Мындан ытшкары, Өзбекстан Борбор Азиянын аймагында жеңил авто унааларды жана коммерциялык техникаларды толук циклде жалгыз өндүрүүчү бойдон кала берет. Жеңил авто унааларды өндүрүүнүн жылдык кубаттуулугу 300 миң бирдикти түзөт”.
Туруктуу өнүгүү мүмкүнчүлүктөрү жана багыттары
Борбор Азия регион катары бирдиктүү экономикалык мейкиндик болуп саналбайт. А бирок болушу мүмүкүн эле, анткени Казакстан менен Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө. Өзбекстан эки тараптуу негизде региондун өлкөлөрү менен кооперацияны жана өз ара аракетти жолго салууда
Региондун соода-экономикалык өнүгүүсүнүн жолундагы тоскоолдук болуп катуу көзөмөлгө алынган чек арадагы контролдон улам өз ара ишенбөөчүлүк саналат. Бул маселеде бир эле өлкөлөрдүн макулдашуусу эмес, алардын бардык регионду камсыз кылууга жөндөмдүү экспорттук тармактарга ынтоо коюусу маанилүү. Мисалы, пахтаны кайра иштетүүдө күчтүү болгон Өзбекстан Кыргызстан менен координациялашууда көлөмдөгү продукцияны Орусияга жана чыгыш европа рынокторуна экспорттой алат. Кыргыз тигүүчүлөрү ал жакта жакшы байланыштарга, схемаларга жетишкен, аларда зарыл болгон көлөм, өлчөи жана стандарттар жөнүндө билим бар. Мындан тышкары, Кыргызстанда эки жылдан бери текстиль заводу ийгиликтүү иштеп жатат. Тажикстан акыркы 3-4 жылда байпай, жүн иштетүү кубаттуулуктарын кабылына келтирип, өнүктүрө алды. Мыны менен, Өзбекстан, кыргызстан жана Тажикстан кластер түзө баштады. Фунитура менен байланышкан учурларды иштеп чыгуу, маркетинг иштерин күчөтүү жана ири рынокторго бирдиктүү фронт менен чыгуу гана калды.
Кыргызстан 2015-жылы евразиялык экономикалык биримдиктин толук укуктуу мүчөсү болуу менен бирдиктүү экономикалык мейкиндиктеги эркиндиктин бөлүгүн колдоно баштады, бул өз кезегинде бардык регионго жакшы таасир этти. Кыргызстандын экономикасынын бардык түзүмүн кайра түзүү үчүн жакшы тажрыйба болуп калды (муну терең талдоо жана түшүнүү керек, Өзбекстан жана Тажикстан ойлонуп туруп мүчө болсо, жыйынтыгы бир топ жакшы болмок).
- Кыргызстанда айыл-чарба өндүрүшүнүн рыногу толугу менен өзгөрүүнү баштан кечирип жатат. Өлкөдө төмөнкү техникалык жабдуулары менен майда товардык фермердиктен ири фермердик чарбаларга жана агрохолдингдерге алмашуу жүрүп жатат. Алар сырткы рыноктордо сүт, эт, жашылча-жемиш азыктарынын чоң көлөмүн түзүүгө жана сатууга жөндөмдүү. 2017-жылы гана Орусияга болгон Кыргызстандын азык-түлүк товарларынын жана айыл чарба сырьёлорунун тобу боюнча 17,3 миллион долларга (70,7%) импорту көбөйгөн.
- Кыргызстандык эмгекчилердин Орусия (750 000) жана Казакстанда (125 000 чейин) көбөйүүсү өлкөдө социалдык-саясий туруктуулукту сактоого мүмкүндүк берет. Ошондой эле, ЕАЭБ өлкөлүндө эмгектенгендердин социалдык-укуктук коопсуздугу кыйла жогорулады, алар жүргөн өлкөлөрдүн жарандары сыяктуу эле экономикалык укуктарга ээ болууда. Кыргызстандык 100 000 ашуун эмгек мигранты Орусиянын кара тизмесинен чыгарылды. Биздин мекендештер мыйзамдуу иштегенге, зарылдыгы жок экзамендерди тапшырбоого, жумушка уруксат берүү кагазын же патент албоого мүмкүнчүлүк алды. Кыргызстандын ЖОЖОдорунун дипломдору ЕАЭБдин бардык аймагында таанылат, демек кыргызстандыктар ушул өлкөлөрдүн жарандары менен бирдей жумуш орундарына талапкер боло алат жана аларды жумушка орноштуруунун тартибине акы төлөнбөйт”.
- Өлкөдө биринчи соода-логистикалык борборлор (СЛБ) түзүлүп жатат, бардык зарыл болгон инфратүзүмү бар. Азыр 4 ири СЛБ ишке киргизилген, дагы 11 борбор пландоо жана ткурулуш стадиясында турат.
- 2017-жылдын жыйынтыгы боюнча (КР Экономика министрлигинин маалыматтарына ылайык), Кыргызстандын экономикасы 4,5%га өскөн. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн арасында Кыргызстан – бул көрсөткүч боюнча экинчи орунда турат. Алтынды эске албаганда, экспорт 20%вга өскөн. ЕАЭБ өлкөлөрү менен товар айлантуу 2,4 млрд долларды түзгөн. 2017-жылы өнөр жай (Кум-Төрдү эске албаганда) 21%га өскөн. 2017-жылдын 9 айында жыңы ишканаларда 4 миңден ашык жумушчу орундар уюштурулган.
- 2017-жылды Кыргызстандын өнөр жайынын өсүүсү боюнча Евразиялык экономикалык биримдиктин өлкөлөрүнүн ичинен биринчи орунда турат. Эң чоң ийгиликти пайдалуу кендерди казып алуу менен байланышкан тармактар көрсөттү. Металл кенин казып алуу көлөмү бир топ өскөн (+400%).
Мындай оң тажрыйБорбор Азиянын болушу Борбор Азиянын өлкөлөрүнө региондун мындан ары жалпы өнүгүүсүн түзүүдө пайдалуу болушу мүмкүн. Өзгөчө, менин көз карашымда, Орусия Федерациясы менен тыгыз кызматташуунун ири дараметтик мүмкүнчүлүгү Өзбекстанда бар.
Бүгүнкү күндө Кыргызстандын мөмө-жемиштеринин маанилүү бөлүгүн тажик ишкерлери салып алып, кургатып, андан кийин Орусия менен Казакстанга дүңүнөн сатышат. Региондо бирдиктүү агрохолдингди түзүү (кем дегенде Өзбектснадын, Тажикстандын, Кыргызстандын катышуусу менен) өндүрүштү ирилештирүүгө, таңгактоонун, маркировкалоонун кыйла жогорку стандарттарынны сапатына жетүүгө жана маркетингге маанилүү каражатты коротууга мүмкүндүк берет. Мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу керек. Кытайга Кыргызстан аркылуу мөмө-жемиштердин чоң көлөмүн экспорттоо керек. Анткени, Борбор Азияда Кыргызстан Кытай менен “жашыл коридор” жөнүндө макулдашуусу бар жалгыз өлкө. Республика бул мүмкүнчүлүктү колдоно албайт, анткени керектүү товардык көлөмгө, ошондой эле өтө өзгөчүү кытай рыногундагы маркетинг үчүн каржы каражатына ээ эмес. Мисалы, өзбек ишкерлери менен кызматташтык бирдиктүү рынок түщзүүгө мүмкүнчүлүк жана Кыргызстандын маркасы астында Кытайга же ЕАЭБдин 180 миллиондук рыногуна мөмө-жемиштерди жөнөтө бермек. Анткени, Өзбекстанда бүгүнкү күндө жүздөгөн гектарларга алма жана алча өстүрүлөт, анын үстүнө кыйла бирдей жана тутумдуу өстүрүлөт.
Бирдиктүү Борбор Азия саясатын түзүүдө өзүнчө жана абдан маанилүү маселе ири коңшуга, дүйнөнүн экинчи экономикасы болгон Кытайга карата бирдиктүү саясатты түзүү болуп саналат.
Кытай – бул ири рынок, бирок Борбор Азия өлкөлөрү бир гана айыл чарба консорциумдарын бирдиктүү түзүү менен аталган өлкөгө өздөрүнүн товарларын жана кызматтарын массалык сата алат. Бул өлкөнүн тамактануу артыкчылыктары өзгөчө, алардын рыногуна кирүүдө сырткы оюнчуларга сапат стандарттары жогору, маркетингге жана соода-логистикалык инфра түзүмгө болгон чыгымдары жогору.