Жипсиз марионеткалар
Дагы бир ачык жалган – Ооганстандын бийлигинин Советтер Союзуна толук контролдуулугу. Бул боюнча тажик тарыхчысы Косимшо Искандаров мындай деп жазган: СССРдин ООганстанга болгон таасири абсолюттук болгон эмес. Анын маалыматтары боюнча, советтик кеңешчилердин таасири алардын сунушу аркылуу гана ишке ашышы мүмкүн эле. Бул жерде ким аларды алган болсо, угушу мүмкүн же жок эле. Анын үстүнө экинчиси тез-тез болуп турган, мисалдар абдан көп.
Советтик кеңешчилердин оогандар менен болгон өз ара аракетинин майда-баратына талдап туруп, орусиялык тарыхчы Никита Мендкович мындай дейт:
“Советтер Союзунун көз алдында болуп туруп Ооганстан иш жүзүндө дагы, юридикалык жактан дагы көз карандысыз мамлекет бойдон кала бергенин эске алуу керек, анын ийгилиги жана жеңилүүсү толугу менен анын өктөүнөн көз каранды болгон”.
Жалган уламыштарды карап отуруп, муну: СССР Ооганстандагы согушта жеңилип калган деген сөздү дагы кыя өтө албайсың. Биз эч кандай совет-ооган согушу болбогонун аныктып алдык. Анын үстүнө, Ооганстанда согушкан 40-армиянын жети командачыларынын бири дагы, Юрий Тухаровдон баштап, Брис Громовго чейин эч убакта ООганстанда жеңишке жетишүү жөнүндө буйрук алган эмес. Тапшырма – коргоо болчу. Ооган мамлекетин жана советтик түштүк чек араны бандиттерден коргоо эле.
Бул тапшырма советтик аскерлер аткарышкан – 1988-жылга карата 40-армия Ооганстандын аймагынын 90 пайызын контролдоп турган. Андан кийин генерал Громов мындай деп айткан эле: “Биз Ооганстанда каалагыныбызды жасачу элек, ал эми душмандар – колунан келгенин гана”. Ошол эле 1988-жылы советтик аскерлер, электүү айтканда, акыркы чабуулга – душмандардын акыркы түзүмүн жок кылганга чейин кулачын кеңири жайган. Бирок алардын колун советтик жетекчилик чыккынчылык менен кайрыган. Женевада Рейган менен Горбачевдун жолугушуусунан кийин тынчтык демилгелер ишке киргизилип, жыйынтыгында тышкы иштер министрлер (СССРдин, АКШнын, Ооганстандын жана Пакистандын) советтик аскекрлерди чыгарып кетүүнү караган Женева макулдашуусуна кол коюшкан.
Мындан улам, советтик жоокер ошол согушта жеңилген эмес, анда жеңишке жетишкен.
1979-1980-жылдардагы Ооганстанга советтик аскерлери киргизүү жана жайгаштыруу картасы.
1988-жылы 14-апрелде СССРдин, АКШнын, Ооганстандын жана Пакистандын тышкы иштер министрлери Ооганстандагы абалды саясий жөнгө салуу боюнча беш документке кол коюшкан. Бул документтер ушул күнгө чейин СССРдин стратегиялык кызыкчылыктарына Горбачев жана Шеварднадзе тарабынан жасалган чыккынчылыктын жыйынтыгы деп эсептелет.
Мындай дагы жалган ынануу бар – СССРдин Ооганстанга келүүсү менен согуш башталган, ал ушул күнгө чейин уланып келет деген. Бул дагы оңой эле четке кагылат, анткени күбөлөр али тирүү. Алар бири - пуштун Гульбеддин Хекматияр. Бул адам ар тараптан уламышка айланган. Анын башына ээ болууну бир эле атаандашып жаткан оган мажахеддеринин атаандашкан бандасы гана эмес, советтик атайын кызматтар да каалап жүрүшкөн. 1990-жылдары Кабулдагы атыштын кийин Хекматиярга Кабулдук Касап деген каймана ат берилген, ат ат анын Интенеттеги өмүр баянына салыштырганда өтө көп нерсени өзү эле айтып турат.
Мыйзамдуу ооган өкмөтүнө каршы күрөштү Хекматияр советтик аскерлер Ооганга киргизгенге чейин төрт жыл мурун 1975-жылы баштаган. Башкача айтканда, Мохаммад Дауддун падышалыгы учурунда. Ошондо Дауд менен Ахмад Шах Масуд да согушу баштаган – бул дагы белгилүү мажахеддердин талаа командири. Бир убакта Масуд менен Хекматияр өнөктөш болгон деп айтып жүрүшөт, бирок кийин алардын ортонда уруш чыгып, Масуд Египетке качып кеткен.
Бул профессерго окшош келбеттүү аксакал Ооганстанда Кабулдук Касап деген атка ээ. Ал 1975-жылы эле согушуп баштаган – Ооганда советтик аскерлер пайда болгонго чейин төрт жыл мурун.
Кантсе да, азыркы ооган изилдөөлөрүнө ылайык, уруулар арасындагы согуш бул өлкөдө андан да мурун башталган – 1960-жылдардын аягында, анда Ооганстанда Мухаммед Захир-шах деген падыша башкарып турган, ал өзүн 1973-жылы тактан кулаткан Дауддун бир тууган таякеси эле. Окурмандын эсине сала кетсек, биз буга чейин жазгандай, ооган жерине биринчи советтик жоокердин буту тийгенге чейин, ошондогу Ооганстандын 28 провинциянын 16 провинциясында согуш жүрүп жаткан эле – мажахеддердин бандасы менен өкмөттүк аскерлердин, ошондой эле бандиттердин өздөрүнүн ортосунда дагы жүрүп турган.
Мындай дагы ырастоону жолуктурууга болот: советтик стратегиялык пландар Ооганстанды зордук менен бөлүштүрүп, өзбектер менен тажиктер отурукташкан өлкөнүн түндүк райондорун СССРдин курамына киргизүүнү камтыган. Бирок, бул “пландардын бетин ачуучулар” жамааттык склероз менен орууган деп айтууга болот. Алар согуш башталган мезгилден тартып бул өлкөдөгү советтик контингнеттин эң чоң саны араң эле 109 миңге араң эле жетип турган. Мындай глобалдуу экспансияны ишке ашыруу үчүн мындай сандагы жоокерлердин саны анык эле жетишсиздик кылат.
Он алты адам экөөнө каршы
Баары салыштыруудан билинет. Ооганстанда болгон тааныштар Ооганстанга АКШнын жана анын терроризмге каршы союздаштарынын кирүүсүнөн кийин оогандар менен болгон укмуштуу метаморфозалар жөнүндө айтып беришти. Эгер 1990-жылдары Ооганда мурунку советтик жарандарды жөн эле өлтүрүп коё турган болсо, 2001-жылдан баштап баары өзгөргөн. Мисалы, ооган публицисти Касим Ахгар мындай деп белгилейт:
“Мен советтер союзуна каршы күрөшүүгө катышкан адам катары ошол учурда эл жакшы жашаганын мойнума алам. СССР АКШга караганда кыйла мыйзамдуу иш алып барчу. Совет өкмөтүнүн мүчөлөрүндө азыркы өкмөттүн мүчөлөрүндө бар байлык жок болчу”.
Азыркы учурда Канадада жашап жаткан тажик журналисти жана котормочусу Равшан Темуриён Ооганстанда советтик аскерлерге каршы согушкан мурунку мажахеддер менен жолугуп, алар америкалыквтардын алдында кантип жашап жатканы тууралуу кызыгып көргөн. Ал мындай деп жазат:
“Котормочу мырза, - деп кайрылып, мурунку мажахеддер, - биз мурунку кылгандарыбыз үчүн кечирим сурагыбыз келет. Советтик жоокер – асыл жоокер, ар дайым автоматын жонунда куруна бекитип алып жүрчү. Ал эми булар айыл боюнча чынжырлашыр жүрөт, шлем, брондолгон күрмө кийип, куралы ар дайым колунда, атууга даяр”. Мага аксакалдар кантип америкалыктардын шагыл алып келип, аны жолго төшөгөнүн айтып беришти. Бул акция канга турган? Алты миллион доллар. “Ал эми советтиктер бул акчага үй, оорукана же мектеп куруп коюшмак!” – деп ардагер-көтөрүлүшчүлөр өкүнүп оутрушту. Оогандыктардын өздөрү тоугз жылдын аралыгында советтик аскерлер бул жерде күчтүү армия менен жаңы мамлекет, административдик органдарды куруп коюшту, ал эми америкалыктар жана алардын өнөктөштөрү ушундай эле убакыт аралыгында жада калса Кабулда армия жана административдик органдар жөнүндө айтпаганда деле, иштей ала турган өкмөт түзө алган жок дешти”.
Бирок, оогандардын мурунку талаа командирлеринин бири айтып берген бир согуштун тарыхы белгилүү. Америкалык аскерлер жөнүндөгү суроого мажахед мындай деп жооп берген:
“Алар эркек эмес. Алар бир гана ракета учурганды билишет. Эркектер андип согушпайт. Алгач жүз ракета, андан кийин бир жоокер пайда болот. Сын талаага чык да! Биге бир! Эркек катары! Күчүңдү көрсөт! Мен сага бир окуяны айтып берейин. Бул шуравилер (советтик аскерлер) менен болгон согуш учурунда болгон. Биз жүз элүү киши элек. Биз талаадан кесип өтүүнү максат кылдык эле. Бийикте жол бойлой шуварилер карап отурушкан эле. Биз ал жакта беш киши бар экенин анык билгенбиз. Биз алгач түз бардык. Пулемёттон ата башташты. Биз айланып өтө баштадык. Ал жактан дагы бизди пулемёт тосуп алды. Биз үч жагынан бийиктикке карай чыга баштадык. Бизге үч жактан тең пулемёттун огун жаадыра баштады! Алты күн ок атылды! Алты күн катарынан биз өрөөнгө өтө алган жокпуз. Жүз кишибизден айрылдык. Акыры жетинчи күн дегенде бийиктегилердин огу жок болду. Биз бийиктикке көтөрүлө баштадык. Ал жакта беш жаш жоокер бар экен. Алардын бири да жыйырмага чыга элек. Курсактары ач – алардын тамагы беш күн мурун жок болгон. Эки сутка бою суу ичишпеген. Араң эле карманып турушат. А көз карашы – карышкырларча! Тирүүлөй чайнап салгысы келет! Мен аларды карап туруп, мындай дедим: “Мына бүттү, шуравилер, билген намазыңарды окуй баштагыла!” Чынын айтам, биз аларды барчалап салганга даяр элек! Бешөө тең үн катпай, бири-биринин колун кармап, бир катарга туруп калды. Эркектер! Биз алардын курсагын тойгуздук, суу бердик, жаратын таңып, кийинки күнү аларга курал берип, мындай дедим: “Шурави, мен өзүмдүн балдарым силер сыяктуу болушун каалайт элем. Эми бара бергиле”. Алар кетип калышты. Бирок, алардын бири да бардык убакыт бою артына карашкан жок! Мына каршылаш! А сен америкалыктар дейсиң...”
Советтик жоокердин Ооганстандагы эрдиги темасын жөнөкөй оштук жигит Юрий Исламовдун окуясы анык сүрөттөгөн. 1987-жылдын 31-октябрында ал өзүнүн он беш жолдошу менен Дури кыштагынын жанында буктурмага түшүп калат, аларга 200 душман кол салат. Исламов жана анын жолдошу Хропенко чыгып кетүү жолун жабуу үчүн калат. Душмандар аларды гранатомёттон атат. Хропенко дароо көз жумат, ал эми Исламов ок атууну уланта берген. Оор жаракат алган Исламов, аны душмандар курчап калган учурда, өзүн граната менен жардырып жиберет. Ошол согушта согушкерлер 150 кишиден кол жуушкан. Юрий Исламовго каза болгондой кийин Советтер Союзунун Баатыры наамы ыйгарылган. Ушул жылдын 5-апрелинде ал 50 жашка толмок.
Юрий Исламов Ош областынын тургуну. 1987-жылы 1-октябрында оогандын Дури айылындагы согушта эки жүз мажахедге каршы согушкан он алты бала бар эле. Оор жаракат алган Юрий Исламов жолдошторунун чыгып кетүү жолун ачып, өзүн жана өзүн курчаган дашмандарды граната менен жардырып жиберген. Көз жумгандан кийин Советтер Союзунун Баатыры наамын алган. Ушул жылдын 5-апрелинде 50 жашка толмок.
Экинчи Советтер Союзунун Баатыры наамын алган Кыргызстандык “ооганчы” – Сергей Гущин. Анын сыйлыктар тизмесинде мындай деп айтылат: “Мотоаткычтар ротасын жетектеп, душманды күтүүсүз айланып өтүп, миноиёттук батареянын жок кылат, аны менен көтөрүлүшчүлөрдүн тобун жана миномёттук эсепти өзү жок кылган. Өзүнүн жеке мисалы менен батальондун өздүк курамына дем берген. Коюлган тапшырма аткарылган”.
Гущин аскердик кызматын Ооганстандан кийин дагы уланткан, танкалык дивизиянын полковниги наамына жана командирдин орун басарына чейин кызмат кылган.
Ооганстанда баары болуп 7 миң 140 кыргызстандык согушкан. Алардын ичинен 252 киши курман болгон, бир жарым миүи жаракат алып, ал эми төртөө дайынсыз жоголуп кеткен.
Сергей Гущин Сокулук айылынын тургуну. Советтик аскерлердин чектелген контингентинин курамында Ооганстанда 1987-жылдын майынан тартып 1989-жылдын февралына чейин согушкан.
СССРдин Жогорку Кеңешинин Президиумунун кыргызстандык Сергей Гущинге Советтер Союузунун Баатыры наамын ыйгаруу жөнүндө Жарлыгы.
Ачык айтканда, 1989-жылдагы Элдик депутаттардын съездинин чечимин жаңылыш деп таап, Мамлекеттик дума иштин жарымын гана аткарат. Ошондогу СССРдин Жогорку Кеңешинин төрагасы Михаил Горбачёвдун бул чечиминдеги жоопкерчиликти карап чыгуу зарыл. Жок дегенде бул суроого жооп берүү үчүн: ошондо акмакчылык болгон беле же чыккынчылыкпы?
Анткени, дүйнө жүзүнүн бир дагы өлкөсүндө мамлекет өзүнүн башкы коргоочусу – армиянын жүзүнө ушунчалык ачык түкүргөн учур болбогон чыгар. Ал алыскы аймакта – Ооганстанда ӨЗҮНҮН өлкөсүн коргогон. Ошондо биздин жоокерлердин аркасы менен кыркы жыл илгери соугш СССРдин түштүк чек арасынан өтө алган эмес. Ошон үчүн, душмандарга жана аларга Батыш менен Кытайдан жардам бергендерге каршы күрөшүп, курман болгон жана тирүү калган адамдар аларды эстеп жүрүүгө жана Мекендин чыныгы уулу, баатыры катары сыйлоого татыктуу.
Булак: https://delo.kg/?p=20421&fbclid=IwAR2PY6GqJiI4jNqib1im9v3KD3pS0P_B7MaaccV-w8jdQtRPixofdwx7S_s