Салык киргизүү демилгесин «Республика – Ата-Журт» фракциясынын депутаты Кенжебек Бокоев көтөрүп чыккан. Башкы максаты – өлкө бюджетин толуктоо. Депутаттардын пикиринде, дан иштетүүчүлөрдү КНС салыгынан бошотуу бюджеттин 500-600 млн сомго чыгым болуусуна алып келди.
Тегирменчилер комитети, КР жеткирүүчүлөр жана дистрибьютерлер ассоциациясы, набайкана ээлери, жөнөкөй фермерлер депутаттардын бул демилгесине каршы чыгышты. Ишкерлердин айтымында, келээрки жылы кудуретсиздикке алып келүүсү мүмкүн болгон катаал заман күтүп турат. КирТАГ бул көйгөйдү чечмелеп көрүүгө аракет жасады.
КР ишкерлер бирикмесине караштуу тегирменчилер комитетинин төрагасы Рустам Жунушовдун билдирүүсү боюнча, ата мекендик тегирменчилер үчүн КНС үстүбүздөгү жылдын февраль айында жоюлган, бул Казакстандан ун ташып жаткан мезгилге туруштук берүүгө шарт түздү. Бүгүнкү күндө булл салыкты кайраданк иргизүү сунушталууда.
«Бул нандын 1-2 сомго кымбаттоосуна алып келет. Ошондой эле өндүрүш токтоп, жумушчу орундардан кол жуушубуз мүмкүн. Бул демилгени депутаттар көтөрүп, алар ата мекендик эмес, казакстандык өндүрүүчүлөрдүн кызыкчылыктарын коргоп жатышат», - деди Р. Жунушов.
Тегирменчилер комитети белгилегендей, ата мекендик кайра иштетүүчүлөрдү КНС салыгынан бошотконго чейин өлкөнүн түштүгүндө жана түндүгүндө 32 ишкана токтоп турган, 5000ден жогору ун комбинаттарынын жумушчулары маянасыз эмгек өргүүсүндө болушкан. Себеби, ата мекендик унга салыштырмалуу казакстандын унунун баасы кыйла арзандыгында болгон.
Мындан тышкары, тегирменчилердин белгилөөсүндө, бюджетте салык каражатынын төмөндөгөндүгү тууралуу сандар чындыкка дал келбейт.
«КР Улуттук статистикалык комитетинин маалыматына ылайык, 2016-жылдын январь-февраль айында баардыгы болуп 61 645 тонна дан импорттолгон. 1 кг/12 сом өлчөмүндөгү буудай баасын алып септегенде, бюджетке 570 млн сом эмес, 90 млн сомго жакын каражат түшпөй калган», - деди тегирменчилер комитетинен.
Р. Жунушовдун белгилөөсүндө, республикалык бюджеттин тартыштыгынын негизги себеби, абийирсиз ишкерлерине КР аймагына салыксыз товар ташып келүү үчүн баардык шарттар түзүлүп берилген.
КР жеткирүүчүлөр жана дистрибьютерлер ассоциациясынын президенти Гүлнара Ускенбаева КирТАГга берген маегинде белгилегендей, депутаттардын аракеттери жергиликтүү өндүрүүчүлөргө каршы багытталган.
«Эгерде алар унга да, данга да бирде КНС койсо, данга караганда ун ташып келүү оңой болуп калат. Бул биздеги ун кобинаттардын токтоп калуусуна түрткү болот. Жумуш орундарынан арылышат. Адамдар кайрадан жумуш издеп Орусия, же Казакстанга кетесинби?», - деп нааразы болду Г. Ускенбаева.
Р. Жунушов белгилегендей, ата мекендик өндүрүүчүлөрдү коргоо максатында Өзбекстанда ташылып келүүчү унга жана макарон азыктарына акиздер киргизилген (ун – 11%, макарон азыктары – 30%), Тажикстанда – сырттан ташылып келүүчү данга жана унга болгон КНС ар башка (дан – 10%, ун – 18%).
«Жогорудагы аракеттер көрсөткөнжөй, бул өлкөлөр жогорку сапаттагы казакстандын данын сатып алып, бирок аны өз тегирмендеринде иштетүүгө даяр», - деди Р. Жунушов.
Анын ырастоосунда, салык киргизиле турган болсо, бул тармак кудуресиздикке дуушар болот, б. а. тегирмендер жабылып, 5 миң адам жумушсуз калып, ал эми дүкөндөрдө нан кымбатыраак сатыла баштайт.
Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев тегирменчилердин билдирүүлөрүнө комментарий бербеди, жоопту өзү жызган мыйзам долбоорунун негиздеме-маалымкатынан издөөнү кеңеш кылды. Мыйзам долбоору кабыл алынса республиканын бюджетине 1 млрд сом түшөөрүнө депутат ишенет. Ал эми мыйзам долбоору кабыл алынбай кала турган болсо, депутаттын пикиринде, бюджет чыгашага учурап жана айдоо аянттарынан куржалак калат. Депутаттын толук ой жүгүртүүсү менен каалоочулар мыйзам долбооруна тиркелген негиздеме-маалымкаттан таанышат алышат.