Ооганстандагы согуш: жалганга каршы коюлган фактылар
40 жыл мурун 1979-жылдын 12-декабрында Ооганстанга советтик аскерлерди киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынган.
30 жыл мурун 1989-жылы бул чечим кылмыш деп жарыяланган. Ооганстанга жоокерлердин киргизилишин ошондо СССРдин элдик депутаттарынын съезди айыптаган.
Ушул жылдар бою ооган согушунун жоокерлери, анын ичинде кыргызстандык жоокерлер – каза болгондору да, тирүүлөрү да жакшы болгон өздөрү менен кылмыштуу саясаттын курмандыгынын, жаман болгондо кылмышкер деген мөөрдү алып жүрүштү.
Мына эми тарыхтын дөңгөлү артка карай айлана баштады. Орусиянын мамлекеттик думасы – СССРдин ишин улантуучусу – советтик аскерлерди Ооганстанга киргизилүүсүн айыптоону кайра карап чыгууну ниеттенип жатат. Ушуга байланыштуу токтом 2019-жылдын февралында – советтик аскерлердин чыгарылуусунун 30 жылдыгына карата чыгарылары күтүлүүдө.
Азырынча токтом кабыл алына электе мурунку СССРдин ар бир өлкөсүндө ооган согушунун баатырларын эскергендердин баарында тарыхый адилеттүүлүк акыр аягы жеңет деген ишеним гана калат. Анткени, ошондогу уяттуу, башкача да айта албайсың, 1989-жылдан кийин карапайым элдин аң-сезимин көптөгөн жалгандар менен толтура башташты – алар айрымдарын биз азыр карап чыгабыз.
Кара уламыштар
Ооганстандагы согуштун айланасында айтылган сөздөрдү мына ушундай атоого болот – бул жомок дагы эмес.
Элге эң кеңири тараган легендалардын бири үч сөздөн турат – “совет-ооган согушу”. Бул уламышты Батышта конкреттүү максат менен ойлоп табышкан – идеологиялык жактан Кабулдун өкмөтүнө каршы согушуп жаткан ооган можахеддерине (биздин жоокерлер аларды душмандар деп аташкан) көрсөтүп жаткан жардамын актоо болгон. Так ушундай: ошол учурда Ооганстанда толук мыйзамдуу өкмөт болчу. СССРден жардам сураганда ошол – жалпы жолунан жыйырма бир жолу! Башкача айтканда юридикалык жактан да, иш жүзүндө да ал согушту совет-ооган согушу деп атоого болбойт.
Ошондогу окуяларды согуш деп дагы айтууга болбойт, анткени согуштук аракеттердин интенсивдүүлүгү дагы согуштагыга караганда төмөн болгон. СССР – кайра куруунун идеологдору жана алардын рухий мураскорлору кандай деп гана айтышпасын – ооган эли менен эмес, куралдуу согушчандар менен согушкан.
Баса, куралдуубу, алар кимдер? Ушул жерден биз экинчи жалган уламышка туш болобуз – америкалыктар ооган согушкерлерине советтик аскерлер чыгарылгандан кийин гана жардам бере баштагандай мамиле кылышат.
2009-жылга чейин бул жалган эркин эле пайланчу, эч ким аны танган эмес. Бирок, баарын белгилүү Збигнев Бжезинский деген мырза жокко чыгарды. Ал АКШнын президенти Джимми Картердин улуттук коопсуздук боюнча мурунку кеңешчиси болгон.
Биз изилдөөлөрүбүздүн биринде Бжезинскийдин “Нувель Обсерватёр” деген француз гезитине берген маегинен цитата келтирген элек. Маектин өзү мындай аталчу: “Ооба, Борбордук чалгындоо башкармалыгы Ооганстанда орустарга чейин пайда болгон...” Ушул маекти дагы бир жолу эске салуунун мааниси бар.
Мисалы, журналист минтип сурап жатат:
“Борбордук чалгындоо башкармалыгынын мурунку директору Роберт Гейтс өзүнүн мемуарларында мындай деп жазат: америкалык атайын кызматтар Ооганстанда мажахеддерге ал жакка советтик аскерлер киргизилгенден алты ай мурун эле жардам бере баштаган. Ошол учурда сиз АКШнын президенти Картердин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси элеңиз. Сиз бул жөнүндө билчү белеңиз. Сиз Гейтстин сөзүн тастыктайсызбы?”
Бжезинский мындай деп жооп берген:
“Ооба. Расмий версияга ылайык, Борбордук чалгындоо башкармалыгы 1980-жылдан баштап колдой баштаган, башкача айтканда Ооганстанга советтик армия киргизилгенден кийин. Бирок, чындыгында (бул ушул күнгө чейин жашыруун маалымат болуп келген) баары башкача болчу: иш жүзүндө Кабулдагы советтик режимдин каршылаштарына жашыруун жардам берүү жөнүндө биринчи директивага президент Картер 1979-жылдын 3-июлунда кол койгон. Ошол эле күнү я ага баяндама кат жаздым, анда бул, менин пикиримде, Советтердин аскердик кийлигишүүсүнө алып келет деп түшүндүрдүм”.
Биз муну комментарийсиз катырабыз – Бжезинский өзү баарын айтып берген. Ооганстанга советтик аскерлерди киргизүү учурунда өлкө америкалык, европалык түрдүү куралдарга толуп калганын кошумчалып гана коебуз, ал эми 1981-жылдан баштап кытайдыкы да кире баштаган (ошол учурда СССР менен КЭРдин мамилеси курч абалда болчу). 1981-жылы Пекинге Борбордук чалгындоо башкармалыгынын директору Уильям Кейсинин Пекинге болгон сапарынан кийин гана Кытай ооган согушкерлерине ок атуучу куралдарды жана артиллериялык системаларды жеткире баштаган. Кытай НАТОнун 16мүчө деген сөздөр айтыла баштаган (ошол учурда ушул согуштук альянста 15 мамлекет бар эле).
Орусиялык изилдөөчү Иван Прошкин мындай деп жазат:
“1981-жылдын аягына карата кытайлар можахеддерге 10 миң тоннадан ашык курал жөнөткөн, 1983-жылы – 40 миң, ал эми 1985-жылы – 65 миң тонна. Көпчүлүк учурда кытайдын арты менен советтик аскерлерге каршы турган күчтөр жакшы жана жетиштүү санда бир эле ок атуучу курал жана гранаталарды эмес, эң акыркы байланыш каражаттарын, түнкүсүн мээлөөчү куралдарды, гранатомётторду, танкага каршы миналарды, 122-миллиметрлүү гаубицаларды жана жада калса ок атуу узактыгы 15 километрге жеткен ракеталык орнотмолорду алып турушкан. Ооган согушу – бул бир эле СССР менен ал жактагы мажахеддердин куралдуу кагалышы эмес, деп айтса ашыктык кылбас. Бул согуш бир тарабынан Советтер Союзу, экинчи жагынан АКШ менен Кытайдын расмий эмес альянсы менен болгон. Болгону Москва өзүнүн жеке куралдуу күчтөрү менен согушкан, ал эми пекин менен Вашингтон – башка бирөөлөрдүкү менен. Чынында, АКШ менен Кытай тарабынан СССРге каршы классикалык гибриддик согуш жүргөн. Азыркы биздин күндөгүдөй эле, жер жүзүндөгү кубаттуу жөө армия менен түз кагылышууну каалагандар жок болгон”.
Андан кийинки апыртылып айтылган согуш – 1978-жылдагы апрель (саур) революциясын Ооганстандын Элдик-демократиялык партиясы СССРдин катышуусу менен ишке ашыргандыгы жөнүндө. Бирок, СССРдин Коргооминистрлигинин ыкчам тобунун башчысынын биринчи орун басары генерал-полковник Виктор Меримский өзүнүн “Ооган согушунун табышмактары” деген мемуарында мындай деп жазат:
“Мен биздин элчиликтин ири кызматкери менен сүйлөштүм (аны шарттуу түрдө жолдош К. деп атап коёлу). Ал Ооганстандын элдик-демоктратиялык партиясына (ОЭДП) мүчө офицерлер тарабынан жасалган төңкөрүш болуп бааланат. Ошол эле учурда ал кызыктуу нерселер жөнүндө айтып берди. Төңкөрүшкө катышкан офицерлердин көпчүлүгү өз убагында СССРде окуган, ал эми алар мүчө болгон “Хальк” фракциясы өзүн жана ОЭДП дагы жалпысынан марксистик партия болуп эсептелген. Ошондуктан, төңкөрүштөн (же революциядан) кийин дароо эле Батышта буга Москванын тиешеси бар деп тастыкташкан. Чындыгында советтик жетекчилик болгон окуялар жөнүндө чет элдик агенттиктердин билдирүүлөрүнөн билген. Даярдалып жаткан төңкөрүш жөнүндө Кабулдагы атайын кызмат дагы билген эмес. Ошондуктан, бул революция биз үчүн ачык асмандан түркөн чагылган болду. Жолдош К. ОЭДПнын көрүнүктүү кызматкерлеринин бирине кайрылып, эмнеге алар советтик элчиликти даярдалып жаткан төңкөрүш тууралуу кабарландырып коюшпагандыгы сураганда, бул түшүнүп туруп жасалганын, анткени Москва аларды аталган акциядан айтынып коюшу мүмкүн экендигин билгенбиз деп жооп берген”.
Ошондо кандай болуп калат? ОЭДПнын жогор жактагылары ООганстанда эч кандай революциялык кырдаал жок деп эсептешкен. Ооба, генерал Меримскийдин мемуарынан тышкары, СССР Ооганстандагы революцияны көз жаздым алдында калтырган деген бир топ күбөлүктөр бар.
ССКПнын Борбордук комитетинин саясий бюросунун 1979-жылдын 12-декабрындагы “Ооганстандагы абалга карата” чечиминин титулдук барагы.
Булак: https://delo.kg/?p=20421&fbclid=IwAR2PY6GqJiI4jNqib1im9v3KD3pS0P_B7MaaccV-w8jdQtRPixofdwx7S_s