Өткөн жумуда Орусиянын ТИМинин башчысы Сергей Лавров Борбордук Азия мамлекеттери боюнча үч күндүк сапарда болду. Тактап айтканда, ал жумушчу сапары менен Кыргызстанда, Тажикстанда жана Түркмөнстанда болду. Орусия Федерациясы менен болгон өз ара мамиле жана ушул өлкөлөрдүн союздук келечеги жөнүндө сөз биздин материалда болот.
Кыргызстан: экономикалык кызматташтыкта оң динамика бар.
Мисалы, 4-февралда Сергей Лавров Бишкекте болуп, Кыргыз Республикасынын ТИМинин башчысы Чыңгыз Айдарбекво менен жолугушту, анын жүрүшүндө тараптар президент Владимир Путиндин Кыргызстанга боло турган сапары жөнүндө сүйлөшүштү. Ошондой эле, Лавровду Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков кабыл алды. Сергей Лавровдун расмий иш сапары 2019-жылдын 1-мартына белгиленген өкмөттөр аралык комиссиянын отурумуна даярдыктын жүрүүсүнө дагы арналды.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө экономикалык кызматташтыктын оң динамикасын дагы белгилешти: 2018-жылдын биринчи жарым жылдыгында Орусия менен Кыргызстандын ортосундагы товар айлантуу дээрлик 818 млн долларды түзүп, 2017-жылдын ушул эле мезгили менен салыштырганда 16,8%га (118 млн долларга) өскөн. Ал эми Орусиянын Кыргызстанга жасаган экспорту ушул эле мезгил үчүн 10,8%га (69 млн долларга) көбөйүп, 699 млн долларды түзгөн.
Өткөн жыл Кыргызстан үчүн президенттик шайлоонун жана чуулгандуу “Ишин улантуучу” операциянын жыйынтыгында бир катар саясий өзгөрүүлөргө бай болгонун эске салуу көптүк кылбайт. Акыркысы мурнөунку президент үчүн ийгиликсиз, бирок кандайдыр бир Кыргызстандын азыркы башчысы жана бүтүндөй кыргыз коомчулугу үчүн ийгиликтүү болду.
Белгилүү болгондой, Кыргызстан - парламенттик республика. Эксперттик чөйрөдө ушул күнгө чейин бийлик менен түз бйаланышы жок жана оппозициялык маанайдагы саясий күчтөр кантип кайра топтолору жөнүндө бирдиктүү жана так түшүнүк жок. Бирок, президент Сооронбай Жээнбеков жана премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев евразиялык интгерацияга дүйнөсү жана маанисис боюнча өздөрү жактай тургандагын кенкретүү жана апачык аныкташты.
Тажикстан: ТИМдердин кызматташтыгы, регионалдык коопсуздук маселелери.
5-февралды Сергей Лавров Дүйшөмбүгө берды. Ал жакта Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугушуп, андан кийин өлкөнүнү тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддин менен жолугушуту. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында 2019-жылга карата Орусиянын ТИМи менен Тажиктснадын ТИМинин ортосунда кызматташтык программасына кол коюлду.
Сүйлөшүүлөрдүн артыкчылыктуу темаларынын бири болуп Ооганстан жактан болгон террористтик жана баңгизат коркунучунун көйгөйлөрү болду. Ушулга байланыштуу, Орусия тажик куралдуу күчтөрүн модернизациялоо менен алектенип жатат. Мындан тышкары, Орусиянын Коргоо министрилигиинн окуу жайларынуда 600дөй тажик курсанттары окуп жатат. Баары болуп Орусияда 2370 тажик аскерлери кайра удаярдоодон өттү.
Мындан тышкары, Орусия 1,6 млрд доллар топтолгон инвестициялардын көлөмү менен Тажикстандын негизги соода өнөктөшү болуп саналат. 2017-жылы өлкөлөр ортосундагы товар айлантуу 4,3%га өсүп, 717,5 млн долларды түзгөн, ал эми мурунку жылдын жыйынтыгы боюнча 28% өсүп, 1 млрд долларга жакындаган.
Келечекте бул жааттагы кырдаал бир гана жакшырат, анткени Орусияга тажик айыл чарбасынын азык-түлүктөрүн жеткирүүчүлөр үчүн мүмкүн болушунда ыңгайлуу шарттар түзүлөт деп ишенүүгө болот. “Ишке ашып жатат – ишеничибиз да ашыпы жатат, келечекте бул президенттердин “жашыл коридорду” түзүү жөнүндө макулдашуусунун практикасы болушу мүмкүн, тажиктин айыл чарба азыктарын импорттойбуз, - деп белгиледи Орусияынын ТИМинин башчысы. – Дүңүнөн бөлүштүрүүчү борборлорду түзүү боюнча дагы иштер жүрүп жатат, бул орусиянын рыногуна тажик продукцияларын жеткирүү үчүн бардык бажы жана башка жол-жоболорду өтүүгө таасирин тийгизет”.
Дүйшөмбү үчүн өнөр жай жаатындагы кызматташтыкда дагы жаңы келечектер ачылып жатат, тактап айтканда энергетика жаатында. “Жакында өкмөттөр аралык комиссияынын отуруму өтө, анда жаңы долбоорлор каралат, анын ичинде энергетика дагы бар. Биздин тажик достор жана орусиялык экономикалык операторлор ушуга чоң кызыктар экендигин көрсөтүшүүдө”, - деп билдирди Сергей Лавров.
Акыркы учурда Тажикстанда 300дөн ашык ишкана орусиялык капитал менен иштейт. Ошондой эле, Тажикстан бир нече жылдан бери ЕАЭБге кирүү маселесин караштырып жатканын эстен чыгарбоо керек. Биримдикке мүчө болуу Орусияга иштөөгө кетип жаткан Тажикстандын жарандары үчүн миграциялык мыйзамды жеңилдетүүсү менен тартат. Сөз арасына, буга жакшы мисал катары коңшу Кыргызстанды алууга болот. Кыргызстан жана Армения ЕАЭБге мүчө болгондон кийин Тажикстан Биримдикке кирүү маселесин үйрөнүү спектрин кеңейткендиги артыкчылыкка ээ. Ал 2014-жылдан бери республиканын өкмөтү тарабынан каралып келет.
Евразиялык экономикалык бурулуш жасоого тажик жетекчилигине эмне тоскоолдук болуп жатат? Негизги кооптонууну, баарынан мурун, тажик продукциясынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү потенциалдуу төмөндүгү пайда кылат. Тажик продукциясын ЕАЭБке мүчө мамлекеттердин сапатуу жана арзан азыктары менен товарлары текчелерден сүрүп чыгарып коюушу мүмкүн.
Белгилүү болгондой, 2018-жылдын апрелинде Орусия Тажикстанга ЕАЭБдин алдындагы байкоочу өлкө болуу сунушун киргизген. Азыр да ушул сунуш өз күчүн жогото элек.
Түркмөнстан: каспий темасы жана газ транспорттук кызыкчылык.
Орусиялык министр борбор азиялык сапарын Ашхабадга баруу менен аяктады. Ал жакта Сергей Лавров Түркмөнстандын президенти Гурбангулу Бердымухамедов менен жолугушуу өткөрдү, ошондой эле министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары менен, Түркмөнстандын тышкы иштер министри Рашид Мередов менен жолугушту. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө каспий тематикасы да талкууланды. Мисалы, Орусия Федерациясынын ТИМинин башчысы ушул жылдын августунда Түркмөнстан тарыхта биринчи жолу каспий жээгиндеги мамлекеттердин экономикалык форумун өткөрөрүн эске салды. “Түркмөнстандын калыстыгын биздин колдообуз конъюнктуралык болуп саналбайт. Бул биздин карама-каршылыксыз позициябыз”, - деп белгиледи Лавров.
Евразиялык багыттын алкагындагы Түркмөнстан жөнүндө айта турган болсок, анда бул өлкө интеграциялык процесстерден салттуу алыс болгон. Ал Орусия жана ЕАЭБдин башка өлкөлөрү менен айрым тармактар боюнча гана кызматташып келген. Мисалы, газ чөйрөсүндө. Эгер Түркмөнстан ЕАЭБ интеграциялык долбооруна өтө кызыгып кетсе, анда регионалдык саясатта олуттуу бурулушка алып келиши мүмкүн.
Баарынан мурун, бул коүшулар үчүн чындыгында жагымдуу евразиялык интеграциялык долбоор экендигин түз жана төгүндөлбөс күбөлүк болуп калмак. Мындан тышкары, көпчүлүк серепчилер иштин мындай абалы АКШнын Өзбекстан жана Түркмөнстан өңдүү ЕАЭБге каршы баланс түзүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыратышы мүмкүн деге ойго келишет. Биз билгендей, мындай сценарийлер 2012-жылдын жай айынан тартып Вашингтондо талкуулана баштаган.
Аны менен катар, мамилелердин аталган баскычында Түркмөнстандын Евразиялык экономикалык биримдикке тез арада мүчө болуусу жөнүндө сөз болгон жок. Бирок, бул уюм менен Ашхабаддын мамилелер форматынын кеңейиши толук мүмкүн. Дал ошол Түркмөнстанды акырындап евразиялык интгерация процесстерине кошулуусунун башталышы боло алат.
Негизги маселелер ачык бойдон калууда: кандай шартта Түркмөнстан ЕАЭБге мүчө боло алат жана анын ордуна эмне сурайт? Ашхабад үчүн бүгүнкү күндө экономиканын маанилүү тармагы газ болуп эсептелери жашыруун сыр эмес. Мындан улам, түркмөн тарапты жалпы газ транспорттук системаны түзүү чөйрөсүндө ЕАЭБ менен кызматташтыкка кызыктыруу мүмкүн деп болжолдуу логикага ылайык болмок. Бирок, мунун баары келечектин иши. Ишенүү гана керек.
Анткени, евразиялык долбоорлорго Ашхабаддын кызыкчылыгы 2012-жылы эле пайда боло баштаган, анда ЕБнын түркмөн газын экспорттоо үчүн кандайдыр бир реалдуу маршрут келечекте сунуш кыла албашы анык болгон эле. Мунун баары табигый жол менен Түркмөнстандын ЕАЭБ менен жакындаштырат. Азырынча, Түркмөнстанга болгон сапардын алкагында Лавров менен Медеров 2019-2020-жылдарга карата эки өлкөнүн сырткы саясий ведомстволорунун ортосундагы кызматташуу программасына кол коюшту. Эми жаңы тарых дипломатия өзүнүн артынан экономикага кимди тартканы жөнүндөгү мисалдарды жакшы билет.