Тажик жана кытай — кылымдар өтсө да тууган болбойт

18 февраля 2019 Тажик жана кытай — кылымдар өтсө да тууган болбойт

КМШнын жакыр өлкөлөрүнүн бири үчүн Кытай менен түзүлгөн келишимдер эмнеси менен кооптуу?

Тажикстандын Өнөр жай министри жакында ТВЕА деген кытай компаниясы ушул жылы эки алтын чыгуучу жерди – Айни районундагы “Жогорку Кумарг” жана “Чыгыш Буоба” кенин иштетүүгө киришет деп билдирди. Эки кен чыгуучу жердеги алтындын аныкталган запасы 52 тоннаны түзөт. Тараптар ортосунда түзүлгөн келишим боюнча компания ушул кен чыккан жерлерден баалуу металлды “Дүйшөмбү-2” ЖЭБнин курулушуна кеткен каражатты төлөп бүтмөйүнчө иштете берет, ал сумма 330 млн долларды түзөт. Ошол эле учурда, эгер кытай компаниясынын чыгымдарын эки кен казылуучу жайдагы запастар жетпесе, ТВЕА дагы бир кен чыгуучу жайды иштетүүгө укуктуу болот.

Акыркы он жылдыкта кытайлар Тажикстанда активдүүлүгүн олуттуу боштады. Ага 2007-жылы Кытай менен Тажикстандын ортосундагы ынак коңшулук, достук жана кызматташтык жөнүндө келишимге кол коюу себеп болгон, андан икийн кытай компанияларына республиканын жолдорун, тоннелдерди, жогорку вольттуу электр берүү чубалгыларын (ЭБЧ), заводдорду, кен чыгуучу жерлерди чалгындоону, пайдалуу кендерди казып алууну жана башка көп нерселерди курууга уруксат берген. Бул жакта Кытай салып жаткан объектилердин саны жана суммалык баасы жылдан жылга өсүүдө. Тажикстандагы кытай иштеткен негизиги багыттарга кыскача көз жүгүртөлү.

Алтын тамыр

Алтындан баштайлы. Расмий маалыматтар боюнча, азыркы учурда Тажикстандагы алтын чыккан жерлердин жарымынан көбү кытай компанияларына иштетүүгө берилген, алар ошол кен чыккан жерлердин 60% акциясына ээлик кылышат. Мындан тышкары, аларга сакталып калган алтын өндүрүүчү ишканалар өткөрүлүп берилген. Бул мааниде кыйла көрүнүктүү болуп төрт ири («Тарор», «Жилау», «Хирсхона» жана «Олимпийский»)жана бир нече майда кен казуу жерлерин иштетип жаткан “Заравшон” кытай-тажик биргелешкен ишканасы саналат. Мындан тышкары, жогоруда аталган алтынга бай «Жогорку Кумарг» жана «Чыгыш Дуоба» кендеринен башка, кытай Вахдат районундагы “Пакрут” кенге бай жерди иштетүүгө уруксат алган, анын запасы 134 тонна алдынды түзөт. Бул тизме толук болбошу мүмкүн, анткени мындай нерселер жөнүндө Тажикстандын бийлиги ашыкча сөз кылуудан качат.

Тажикстандагы алтын чыккан жер

Иш кандай багытта баратканын түшүнүү үчүн бир элеалтын казып иштеген «Тиллои точик» ишканасына үч ири кубаттуу кытайдын Zijin Mining Group Co. Ltd, China Nonferrous Gold Limited жана ТВЕА компаниялары туура келерин айтууга болот.

Кытайдын инвестицияларынын чоң бөлүгү алтын жана сейрек кездешүүчү металлдарды чыккан жерлерди иштетүүгө багытталганы көзгө көрүнөт. Мындан тышкары, кытай каңомпаниялары өнөр жай курулуштары менен көбүрөөк алектенет. Алар тарабынан бир нече чемент чыгаруучу завод, ошондой эле химиялык тармактагы ишкана курулган. Кытайлар иштеп жаткан Тажик альминий компаниясы (ТАЛКО) ишканасынын аймагына жаңы алюминь заводунун курулушун баштады. 

ЭБЧжана тоннелдер

Акыркы 12 жылда TBEA кытай компаниясы тарабынан беш: Түштүк-Түндүк (500кВ), Лолазор  Хатлон (220 кВ), Кожент  Айни (220 кВ), Айни — Рудаки жана Дүйшөмбү  Оби Гарм (220 кВ) электр берүү чубалгысын курган. Жасалган иштер өлкөнүн энерго системасынын айрым бөлүктөрүн бириктирүүгө мүмкүндүк берди, бул көп жылдык кышкы энерго таңкыстык шарттарында абдан маанилүү болгон. Мындан тышкары, Дүйшөмбүдө кытайлар жогоруда аталган жылуулук электр борборун (“Дүйшөмбү-2” ЖЭБ) куруп бүтүштү, ал эми азыр анын экинчи кезегинин курулушу жүрүп жатат.

Көп учурда мындай суроо берилет: Тажикстан бардык ушул объектилерди өз күчү менен кура алмак беле? Тилекке каршы, жок. ЭБЧнын бийик тоолуу райондордо курулушу –техникалык жактан татаал жана чоң чыгымдарды талап кылган иш. Тажикстан мындай долбоорлорду өз алдынча ишке ашыра албагандыгында – биринчи кезекте адистердин жана каражаттардын жоктугунан.

Авто унаа дана темир жол, ошондой эле алар менен байланышкан тоннелдердин курулушу дагы Кытайдын эмгеги болуп саналат. Кытай компаниялары бүткүл Тажикстан боюнча жүздөгөн километр жолдорду куруп, оңдоп бүтүрүштү. Буга чейин Тажикстан бул чөйрөдө Иран менен кызматташууга аракет кылып келген. Бирок, ал тажрыйба ийгиликсиз деп табылган. Иран курган Азноб ашуусундагы “Истиклол” тоннелин калк “коркунучтуу тоннель” же “өлүм тоннели” деп атай баштаган. Ал борбордон 80 км алыс түнтүк жагындагы Дүйшөмбү-Кожент жолунда салынган. Ал 2006-жылы колдонууга берилген, бирок анда ушул күнгө чейин жер алдынан чыккан сууну жоготуу боюнча иштер аягына чыга элек. Желдетүү системасы иштебейт, жакшы жарыктандыруу жок.

«Шахристон» тоннели ушундай эле аталыштагы ашууга салынган, ал кийинчерээк кытайлар тарабынан ушул эле жолго салынган, ирандыкынан кыйла артыкчылыкка ээ, жарыгы жана желдеткичи бар. Бир эле Дүйшөмбү  Яван  Куляб темир жолунда кытайлар узактыгы дээрлик төрт километрге созулган үч тоннель курган. Алардын активине дагы кийинчерээк «Хатлон» деп аталган «Чормагзак» жана өлкөнүн түштүк бөлүгүндөгү «Шар-Шар» («Озоди») тоннелдерин киргизүүгө болот.

Мындан тышкары, Кытай тарабынан деңиз деңгээлинен 3-4 миң метр бийиктиктеги ашуулардагы бийик тоолордогу татаал реконструкциядан өткөн. Ал жакта аралыкты кыскарта ала турган жана жол жүрүүнү кыйла коопсуз кылган жолдордун жаңы участоктору курулган.

Жер кытайларгабы?

Кытай ишкерлери айыл чарба чөйрөсүн дагы иштетип жатышат. 2011-жылдан тарытп Тажикстанда аз дегенде беш кытайдын айыл чарба компаниясы пайда болду – негизинен өлкөнүн түштүгүндө. Бул компаниялар майдаланып иш кылышпайт: алар ижарага жерди жүз, жада калса миң гектарлап алат, болгондо да дароо 49 жылга. Бул жакка кытайларга агым жүздөр саналат, алар көп убакытка келишет.

Дүйшөмбүдөгү кытай тилиндеги жарнак

Бул жерден айта кетчү нерсе, алыстагы тоолуу райондордо Кытайддын жарандарынны пайда болушу жергиликтүү эл үчүн байкалбай жүргөн, ал эми ыңгайлуу жолдор жана ишканлардын курулушу сыяктуу пайдалар – ачык көрүнүп турат. Бул дагы түшүнүктүү: Тажикстанда аймагынын 7% гана жер иштетүүгө ыңгайлашкан, ал эми иштетилүүчү жердин гектарына 2,7ден туура келет, бул КМШ боюнча коңшуларга салыштырмалуу 1,5-2 эсе көп. Жердин жетишсиздиги ачык эле көрүнүп турат, бул көйгөй күчөп гана баратат: калктын саны жыл сайын чейрек миллионго көбөйүп келет, азыр жергиликтүү жашоочуларга фермердик чарба жана үй куруу үчүн тилке алуу кыйынга турат.

Адамдар өз жерлерин берүүнү каалашпайт, ал жерге өздөрү бир нерсе эгип, сатып жашашат. Жер менен гана алар өздөрүнүн турмуш шартын оңдой алышат. Айылдагы эркектердин көп бөлүгү Орусияда эмгек миграциясында жүргөндүктөн, жерлер иштелбей калууда. Анткени, ар бир мигранттын артында үйүндө бир нече балдары бар, алар да эртең чоңоёт, аларга да жер керек болот. Мына ошондуктан, кытай “жер экспансиясы” жергиликтүү калктын арасында олуттуу нараазылыгын пайда кылат.

Бирок, прессадагы олуттуу кабарлар дагы, элдин ачык эле нараазылыгы эч кандай жыйынтыктарды бербей келет. Тажикстандын бийлиги жерлер эмнеге кывтайларга берилип жатканын түшүндүрүшкөн жок.

Үйдө ким кожоюн

Акыркы жылдары тажик ЖМКлары кытай жумушчулары менен жергиликтүү калктын ортосундагы чыр-чатактар тууралуу тез-тез жарыялап турушат. Адатта, бул жергиликтүүлөрдүн пикиринде кордогон, кытайлардын жүрүм-турумунан же жаратылыш ресурстарын пайдалануу жөнүндө талаштан, эркектер ортосундагы уруштардан келип чыгат.  

Жаңжалдардын жаңы формасы эмгек талаштары болду. Мындай чатактардын акыркылары тууралуу январдын башында белгилүү болду. Ал тажик-кытай “Зарафшон” биргелешкен ишканасынын жетекчилиги менен Пенжикенттеги айдоочулардын тобу ортосунда болгон. Мында анча чоң эмес артка чегинңң жасоо керек - “Зарафшон” биргелешкен ишканасы тууралуу билүү үчүн. Ал бир нече ирир алтын чыккан жерде иштейт, ал жерлер совет геоглору тарабынан ачылган, СССРдин акыркы жылдары ал жерде алдын кен комбинаты ишке кирген. 1994-жылы ишкана акционердикке айланып, “Зарафшон” биргелешкен ишканасы болуп түзүлгөн. Анын акцияларынын контролдук пакети (51%) Common weal thand British Minerals PLC деген британ компаниясына сатылып кеткен. 2007-жылы 75% акциясы кытайдын Zijin Mining Group Co. Ltd ишканасы тарабынан сатылып алынган. “Зарафшон” биргелешкен ишканасы жылына 2,5 миң тоннадан ашык алдын өндүрөт жана республикадагы ири алтын казуучу ишкана болуп саналат.

"Кытай-базар" лагманканасы

Эми чатакка келели. Анын себеби жергиликтүү айдоочулар заводдон алыс эмес жерден казылып жаткан таш менен шагылды ташууга “Зарафшон” биргелешкен ишканасынын директорунун тыюу салуусу болгон (социалдыкдык медиада аны ЧжанХоллинг деп аташат, бирок транслитерация так эмес болушу мүмкүн). Акыркы 20 жыл аралыгында алар ушул жерден күн сайын шагылды мамлекеттик мекемелерге жана тапшырык бергендерге жеткирип турушкан. Биргелешкен ишканага эч кандай тиешеси жок жергиликтүү айдоочулар үчүн бул акча табуунун туруктуу булагы болчу. Андан кол жуугандан кийин алар Согди областынын  төрагасы РаджаббоАхмадзодага азырданышат. Бирок, маселени чечүү үчүн Пенжикенттин администрациясынын өкүлү келген учурда Холлинг жооп түздөн-түз Тажикстандын өкмөтүнө берилерин билдирген.

Андан бери үч ай өттү, ал эми тыюу салуу ушул күнгө чейин алынган эмес, айдоочулар болсо мурункудай эле жумушуда, акчасы да жок. Алардын сөзү боюнча баарынын үй-бүлөлөрү чоң, 5-8 кишиден турат, алардын эми жошоо үчүн каражаты жок.

Бул жерде кылымдар боюн жашаган адамдар, албетте, тегерек четти жерди, айдоо айттарын жана тоолорду өздөрүнүн мурасы катары көрөт. Түзүлгөн кырдаалды алар мындай кабыл алышууда: келгин кытайлар көрсөтмө берип, жергиликтүү жашоочуларджы алардын мыйзамдуу укуктарынан ажыратып жатышат. Тилекке каршы, чатак соузулуп, ал эми бйилик жабырланычууларга келүүгө шашпай турат.

Эсептеп болбойт

Тажикстанда канча кытай бар экенин билүү кыйынга турду. Президентке караштуу Статистика боюнча агенттикте 2018-жылдын башына карата кытайларга расмий түрдө 5486 жумушка уруксат берүү берилген, ал эми ошол жылдан ортосунда дагы 2804 уруксат берилген. Бул маалыматты айтып жатып, Агенттиктин кызматкери АбдувалиКулов: “Бул 2804 уруксаттын баары жаңы келген дегенди билдирбейт. Болгону кытай мигранттарына иштөөгө уруксат берүү бир жылдык мөөнөт менен берилет. Алар көпчүлүгү кайрадан алышат”.

Ал, ошондой эле, республикага келген Кытай жарандарын каттоо жиктөө менен жүрүп жатат. Ушуга ылайык келгендердин жалпы санынан 51%ы өкмөттөр аралык макулдашуу боюнча долбоорлордо иштөө үчүн келгени анык болот. Ал эми 49%ы Тажикстанга жеке демилгесинен улам келген.

2017-жылга чейин Кытайдын жарандары үчүн жылына 4,5 миң кишиге жумушка квота белгиленген. Бирок, эки жыл мурун Тажикстандын өкмөтү кошумча дагы 1700 кытай жумушчулары  - Түркмөн-Кытай газ түтүгүн куруучулар үчүн уруксат бөлгөн, аны тажикстандын аймагында төшөө 2020-жылга чейин уланат. 2018-жылы тажик бийлиги кытай жумушчулары үчүн үчүн дагы 2,4 миң уруксат кагазын бөлгөн. Ошол эле учурда, Кытайдан биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн келген жогорку квалификациялуу адистерге жумушка уруксат кагазынын кереги жок.

Башка көйгөй – Кыргызстандан жер аркылуу Тажикстандын аймагына кирген Кытай жарандары бар. Бул республикадан кошумча алардын канчасы келип жатканы белгисиз, анткени алар чек араны мыйзамсыз кесип өткөн учурлары көп. Кандай болгон учурда дагы Кытай жарандары Тажикстанда абдан көп экенин куралсыз көз менен көрүүгө болот. Алар расмий сандарда да көп. Расмий эмес булактардын маалыматына таянуу менен, “Азаттык” радиосу Тажикстанда иштеген жана жашаган 100 миң кытай жараны жөнүндө билдирет. Бул кытай жарандары “Тажикстанга ишкердик кылуу максатында келишет, андан кийин тиешелүү тажик түзүмдөрүнө пара төлөп, өздөрүнүн визаларынын мөөнөтүн узартышат”. Башка маалыматтар боюнча, республикадагы кытай жарандарынын саны 150 миң кишиге жетиши мүмкүн.

Үйлөнүп калып калуу

Тажик райондоруна жана шаарларына кытай мигранттары канчалык көп кирген сайын, ошончолук жергиликтүү жарандар менен мамилеси начар экени байкалат. Мындай каршы туруу маданияттагы, жүрүм-турумдагы жана диндеги чоң айырмачылыктан келип чыгат. Мисалы, көпчүлүктү Кытайданк елген мигранттардын тамактануу адаттары дагы шок кылат. Тоолуу жолдордун боюндагы айылдардын жашоочулары тоолордо иштеген кытайлар ташбакаларды, жыландарды жана айрым чымчыктарды кырып жок кылууда, бекер деликатестерди жөн эле жеп коюшууда. Ошол эле учурда, жергиликтүү жашоочулар мусулман болуп туруп түрдүү себептерден улам мындай тамактардан жийиркенишет. 

Кытай медициналык борбору

Тажикстандыктарды кытайлардын шамдагайлыгы дагы жагымсыз таң калтырат. Өткөн кылымдын 90-жылдары эле шаардын башкы проспектинде парламенттин бет маңдайына кытайдын тиричилик техникасынын дүкөнү ачылган. Ал жактагы баалар базардагыга караганда кыйла жогору эле. Ал эми базарда бардык товардар эч кандай кепилдиги жана документтери жок сатылчу. Бирок, элди дүкөндөгү үч жылдын аралыгында бардык товарга бузулуп калган учурда алмаштырып беребиз деген кепилдиги, сатып алуучуларга мөөр басып берген паспорттору тарткан. Жагымдуу сатуучулар котормочу аркылуу ойлонуп жаткан сатып алуучуларга арзандатууларды сунуштап, бонустарды беришкен. Сыналгылар менен кондиционерлер бул жерде ысык токоч сыяктуу сатылып кеткендигинде шек жок. Бирок, сатып алуучулардын бири эки айдан кийин сыналсы бузулуп калды деп кайрылган учурда ага болгон мамиле чукул өзгөргөн: котормочу бир жакка жоголуп кетет, ал эми сатуучу кытайлар аны такыр түшүнбөгөн түр көрсөтүшкөн. Кардар башка убакта кирем деген ой менен кеткен. Бирок, ал кайра кийин келген учурда дүкөндүн өзү жабылып калган болот. Башкача айтканда, кытайлар билип туруп сапатсыз техниканы “кепилдиги” менен сатышкан, ал эми милдеттемелерди аткаруу убактысы келген учурда алар жөн аган качып кетишкен.  

Тажикстандын борборунда азыр ушунчалык кытай көп болгондуктан, “Кытай-базар” деген базар да ачылган. Дүйшөмбүдө дагы бир нече кытай кафелери жана ресторандары пайда болгон. Алар тездик менен жерлгиликтүү  калктын эске алып, кытайлар жакшы көргөн чочконун этин же, мисалы жыланды даярдашпайт, анын ордуна тажиктер үчүн адатка айланган кой жана уй этинен тамактарды даярдашат. Бул ресторандарда катардагы тейлөөчү катары жергилктүү эл иштейт.

Кытай медицианлык мекемелери да пайда боло баштады. Алар тез ара ад ачылып, ошондой эле тездик менен жок болуп кетишет. Кээде алар кимге арналып ачылганын да – мигранттрагабы, же жергиликтүү элгеби, түшүнүү кыйын болот. Шаардыктарды кытай “бейтапканаларынын” иши тууралуу пикирлер да өтө айрымаланышат: кимдир бирөө жактырса, башкалары ичи чыкпаганын айтышат.

Дүйшөмбүдөгү кытай рестораны

Көпчүлүк тажиктер Кытай жарандары менен болгон никелерге терс көз краашта экенин билдиришти. Жергиликтүү кыздарга турмуш куруу менен кытайлар тажик жарандыгын алып, ушул жерде түбөлүккө калып калууну максат кылышат дейт жергиликтүү эл.

Жумуштун оордугунан көз жумууга болот

Кытайларды эмгекти уюштуруусу жергиликтүү элдин көп калган иш убактысынан кыйла айырмаланат. Мисалы, Дүйшөмбүнүн түштүк жагында жашаган аял мындай дейт: “Таң эрте абдан көп, бирдей кийим кийген, бир сапка тизилип алып биздин микрорайон аркылуу өтөп бараткан кытайды көрүп, мен өтө таң калдым. Алар өздөрүн күтүп жатка жүк ташуучу унааларды көздөй баратты. Алар турак жай үйлөрүн куруучулар болуп чыкты. Алар унаа токтоочу жайда вагондордо жашаган кытайлар болуп чыкты. Аларды эч икм байкаган эмес, аткени алар таң ата электе саат 5те кетип, түнкү саат 23тө кайтып келишчү. Мен ошондо гана түшүндүм, эмнеге анча алыс эмес жерде кытай дүкөнүнүн ачылганын. Бир жылдан кийин алар жок болуп кетишти”.

2016-жылы тажик парламентарийлери мыйзамга өзгөртүү киргизип, биргелешкен  ишканаларда 90%дан кем эмес тажикстандыктар иштөөсүн талап кылышкан. Буга чеийн мындай ишканаларда иштеген чет элдиктердин саны 30%га жетчү. Бирок, жергиликтүү калк кытайлардын эмгек режимине чыдай албайт экендиги аныкталаган,  күнүнө жогорку темптеги 12 сааттык жумуш, түштөнүүгө жарым саат гана берилет, тамакты иштеген жеринде гана жешет. Жумуш күнүнүн интенсивдүүлүгүнө жана узактыгына карата кытай инженерлери жана жергиликтүү жумушчулары ортосунда ар дайым талаштар пайда болчу. Чыдабагандар акыры жөн эле кетип калышчу.

Кытай долбоорлорнудан иштеген адамдар алардын айлагы 300-350 долларды түзгөнүн айтышат. Бир гана менеджерлери көп алышчу 600 доллардын тегерегинде. Эмнеге тажикстандыктар кытайлар менен иштешүүнүн ордуна Орусияга барып иштөөнү туура көрөрү түшүнүтүү болду. Ал жакта тапкан акчасы жогору, ал эми иштөө шарты жакшы.

Бирөөнүн экологиясы баарына чыдайт

Тажикстандагы кытай активдүүлүгүн мүнөздөгөн өтө көрүнүктүү окуя. Дүйшөмбүнүн чок ортосунда иштебей турган заводдун аймагында бир ишкер кытай металлдын сыныктарынан металл ээритүүчү меш жасапган. Жумуш күнү-түнү жүрүп турган. Жакын жайгашкан үйлөрдүн жашоочулары кадимкидей уйку көрбөй кыйналышат: уулуу газ абаны өтө булгагандыктан, алардын баш оорусу башталып, уулануунун башка белгилери да пайда болгон.

“Бул мештен километр алыстыкта дагы дем алуу мүмкүн эмес болчу, -дейт жергилкитүү Наргис аттуу жашоочу. – Илинген кийимдер тез эле чөгүп турган килограммадаган күлдөн бозоруп калчу. Короодогу бадалдар жана гүлдөр куурап калды. Биз чыдай албай шаардын башка районуна көчүп кеттик”.

Жашоочулар экология боюнча шаардык башкармалыкка жамааттык кат жөнөтүшкөн. Бирок, андан жыйынтык чыккан эмес. Кытайлар түрдүү деңгээлдеги кыйчалыштуу маселелерди жетекчилик менен чечүүдө чоң чебер экендиги аныкталды. Муну менен, колдо жасалган “заводдун” иши дагы бир нече жыл улантылган, Дүйшөмдүдө дээрлик бекер металлдын калдыктары калбай калганга чейин. Бирок, сүйүнүүгө эрте эле, анткени алдыда өтө чоң көйгөйлөр пайда болгон.

2016-жылдын аягында Дүйшөмбүдө кытайлардын акяачына салынган, ошолордун эле күчү менен бүткөн “Дүйшөмбү-2” ЖЭБ ишке киргизилген. Албетте, объект маанилүү жана керектүү, анткени ал энергиянын чечнемин кыскартууга мүмкүндүк берип, борбор калаанын жашоочуларынын үйлөрүнө жарык берүүнү көбөйтөт. Анын “бирок” деген сөзү бар: ал көмүр менен иштейт, бирок бул шаардын чегинде жайгашкан ишканаларга тыюу салынган, ошол эле учурда заманбап тазалоочу фильтр менен жабдылган. ЖЭБ көмүр чаңын бөлүп чыгарат, ал чоң кара бүртүгү үйлөрдү, бактарды жана жерди каптап, мүмкүн болгондун баарын уулап жатат. Ошол эле учурда бийлик дүйшөмбүлүктөрдүн нараазылыгын көз жаздым алдында калтырууда.

Ушул чыгындыларга чыдоодон тажаган борбор калаанын тургуну Абдурахмон ЖЭБдин башкармалыгына шаардын гүлдөп турган бөлүгүн эмнеге айландырып жатканын көрүүгө чакыруу үчүн барат.

“Беш кабаттуу көптөгөн иш бөлмөлөрү бар имарттан бир дагы жергиликтүү кызматкерди тапкан эмес, - деп таң калуу менен айтат. – Бардык кабинеттерде компьютер алдында жаш кытай адистери отурат. Алардын арасында кыздар көп эле, алар менин суроомо жооп берүүнүн ордуна каткырып күлүп жатышты. Акыркы менен башкы инженердин иш бөлмөсүн таптым, бирок ал дагы кытай эле, ал бир дагы сөздү же тажикче, же орусча айта алган жок”.

Бул жөнүндө Тажикстандагы Кытай элчилигинин соода-экономикалык маселелер боюнча кеңешчиси Сунь Янь  “Авеста” маалымат агенттигине берген маегинде мындай дейт: TBEA компаниясы ЖЭБге гипстен жана акиташтан түтөгөн газдарды бозортпой турган объект курган, чаң жок кылуу үчүн эң заманбап электрохимиялык композициясын, ошондой эле казанда төмөн курамдуу азоттун күйүү технологиясын колдонгон, бул Тажикстандын айланы-чөйрөсүн зыяндуу калдыктардан сактайт”. Чыныгы абалды көз менен гана көрүү керек.  

Мына ушундай кайгулуу фондо Тажикстандагы Кытай элчилигинин соода-экономикалык маселелер боюнча канцеляриянын кеңешчиси Сунь Янь “Авеста” агенттигине берген маегинде ТВЕА компаниясы ЖЭБде “акиташтан жана гипстен түтөгөн газдарды бозортпойт”.

Миллиондогон жардамдар

Тажикстандагы кытай компаниялары маал-маалы менен кайрымдуулук акцияларын уюштуруп турат, алар ЖМКларда кеңири чагылдырылат. Тактап айтканда, алар тарабынан республикада жети мектеп курулган. Мисалы,ТВЕАтөрт заманбап мектеп курган. Аларга болгон салымдын көлөмү 9 миллион долларды түзгөн. Кытай муну менен катар Тажикстанда 40 миң студент үчүн ондогон адистик боюнча окута турган университет курууну пландап жатат.

Дүйшөмбүдөгү дагы бир кытай рестораны

ытайлар ар дайым аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн чыккан окуучу балдарга мектепке керектүү каражаттарды берип, жаталышы кырсыктарынан жабыр тарткан элге акча жана товар таратып келет. Белектерди кээде фирмалардын продукциясы түрүндө берет. Мисалы, “Хуаксин цемент” корпорациясы мектеп гана курбай, аларга жалпы баасы 2,3 миллион доллардан ашык каражат бөлүп керген.

Мындан тышкары, Тажикстандын мектептеринин 30 бүтүрүүчүсү trans-asia gas pipeline company limited биргелешкен тажик-кытай ишкнаасы аркылуу түрдүү кытай университеттерине 5 жылдык стипендия берүү менен жөнөтүлгөн. “Тажик-кытай тоо-кен өнөр жай компаниясы” ЖЧК Тажикстанда Конфуций институтунун курулушуна каражат бөлгөн жана жергиликтүү тоо-кен өнөр жайы үчүн адистерди даярдаган.

ZТЕ компаниясы да артта калбайт, ал Тажикстандын Билим берүү жана илим министрлигине 10 миң өткөргүчсүз стационардык станция, Байланыш ызматына – өзгөчө кырдаалдар учурунда байланышуу үчүн 300 GОТА коммуникациялык терминалын, ал эми Экономика жана соода министрлигине виедо конференцияларды өткөрүү үчүн системаларды бөлүп берген. Азыркы учурга карата эү акыркы ири кытай белеги болуп парламенттин жана өкмөттүк резиденциясынын жаңы имаратынын курулушуна кайтырамысуз 345 миллион доллар берген.

Кытай кайрымдуулугу кээде өтө өзгөчө формага ээ болот. Экономикалык блоктун ведомстволорунун биринин кызматкери жашырындуулук шартында абдан кызыктуу окуя айтып берди:

“Мен кытайлар өткөргөн семинарга катышып калдым. Ага бир нече министрликтердин кызматкерлери катышты. Катталуу учурунда бардык каалоочуларга Кытай жөнүндө китептер сунушталды. Алар столдо абдан көп болуп жатты. Бирок, аларды алган адам аз болду. Мен үчтү алдым, өзүмдүн кызматкерлериме таратып берүү үчүн. Кийинчерээк алардын ар бирине 100 доллардан салынганын билдим, бул менен бир айлык маянам эле. Мен бул тууралуу күлүп кесиптештериме айтып бердим, алар эми кытайлар берген бардык белектерди ала турган болду”.

Азыр жумшак болгону менен, кийинчерээк катуу болот

Көпчүлүк серепчилер Кытай менен мынчалык тыгыз кызматташтыкка баруу канчалык күмөндүү экендигине карата өз пикирлерин айтышат. Өкмөттү актоо үчүн буга ири долбоорлорду ишка ашырууга жеке каражаттардын жетишсиздиги түртүп жатат десе болчудай.

Ушул жылдын 30-январында Кытай Элдик Республикасынын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Лю Бинь “Авестага” берген маегинде Кытай Тажикстандын негизги инвестору болуп саналат, республикада Кытайдын акчасына түзүлгөн 400дөн ашык ишкана иштеп жатат деп билдирди. Анын ортосунда жылдан жылга республиканын Кытай алдындагы карызы да өсүп жатат, 2018-жылдын аягына карата карыз 1,2 млрд долларды түзгөн.

Тажик өнөр жайына жана инфра түзүмүнө мындай ири салым сезиле турган экономикалык натыйжа бериш керек эле, жок дегенде бюджетке түшкөн салыктардын өлчөмү көбөйүп, калктын социалдык абалын жакшыртууга таасирин тийгизиш керек болчу. Бирок, Тажикстан мурункудай эле КМШнын эң начар өнүккөн эң төмөн маяна төлөгөн (орточо 130 доллар) өлкөсү бойдон калууда жана жакырчылыктын деңгээли жогору (30%дын тегерегинде). Ошол эле учурда, Кытайга карызды берүүгө баары бир туура келет – эгер акча менен болбосо алтын менен, алтын менен болбосо аймагы менен эшептешет. Мындай окуя 2000-жылдары болгон, анда Тажикстан Кытайга Тоолуу Бадахшандын аймагынын миң квадраттык километрден ашыгын белек кылып жиберген.

Тажикстан Кытайдан өтө эле көз каранды. Азыркы түзүлгөн кырдаал достук мамиле деп эсептелгени менен, тең укуктуу болуп саналбайт деп эсептейт айрым серепчилер. Мисалы, тажик экономисти Содикжон Носиров кытай салымдары Тажикстан үчүн олуттуу карызга айланат, ал эми инвестицияланган каражаттардын чоң бөлүгү Кытайга кайтып жатат, анткени “кытай компаниялары чет өлкөдө иштөөдө өзүнүн техникасын, өзүнүн материалдарын колдонот, ошондой эле артыкчылыгы боюнча кытай адистерин тартууга аракет кылып келет” дейт.

Кытайдын жасап жатка иш-аракеттеринен көрүнөө жакшыруунун жоктугуна жана мындан улам маал-маалы менен пайда болуп жаткан чатактарга карабай, Тажикстандагы кырдаал жалпысынан тынч бойдон калууда. Алма-Атада жана Бишкекте өткөн кытай башкынчылыгына каршы митингдер Дүйшөмбүдө болушу мүмкүн эмес. Ал жакта Кытай менен болгон “достукка” кулагына чейин батып кеткен бийликтин аракетин эч ким сындай албайт. Жоюлгус кытай прагматизмин эске алуу менен Тажикстандагы Кытайдын саясий жана экономикалык прессинги мындан ары өсөт деп гана айтууга болот. Аталган учурга боюнча кытай саясатына карата орустун эски накыл кеби туура келет: “Төшөгү кат-кат салынганы менен уктоо кыйынга турат”.  

Булак: https://www.fergana.agency/articles/104786/?fbclid=IwAR1FV2HK9yUzY5uncWyBHSoc04MYUEAwumLlMAAPxXX-cMpHjhPTYLcssu0