Февралдын башында Орусия Федерациясынын Тышкы иштер министри Сергей Лавров Бишкекке расмий иш сапары менен келди. Орусиянын сырткы саясат бөлүмүнүн башчысы Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен болгон жолугушуусунда ушул жылдын жаз айларына белгиленген Владимир Путиндин Кыргыз Республикасына боло турган мамлекеттик иш сапарына даярдык көрүүгө арналгандыгын белгиледи.
Ата мекендик саясат таануучулар Сергей Лавровдун иш сапарынын жыйынтыктарын талдап, Бишкекте өткөн расмий иш-чаранын жүрүшүндө айтылган маселелер менен сунуштардын бир топ актуалдууларын бөлүп карашты.
Лавровдун Кыргызстанга болгон иш сапарынын алкагында стратегиялык өнөктөштүктүн өз ара багыты аныкталды. Сапардын негизги жыйынтыгы ушул. Мындай пикирин редакция менен болгон маектешүүсүндө саясат таануучу Игорь Шестаков билдирди.
- Кыргызстан менен Орусия союздаштар жана стратегиялык өнөктөштөр, ЕАЭБ жана ЖККУнун алкагында активдүү өз ара аракеттешет.
Иш сапардын жүрүшүндө биринчи орунда коопсуздук маселеси биринчи орунда турган жана тура берери, анткени Орусия КМШнын түштүк чек араларынын (жана Борбордук Азиянын) коопсуздук кепилдиги болуп саналары белгиленди. Тараптар мындан ары дагы бири-бирине кабарлоо менен алдыга көздөй жыларын чечишти. Өз ара түшүнүшүү аскердик-техникалык маселелерде дагы аныкталды. Белгилей кетсек, Орусия Кыргызстанга чоң аскердик жардам көрсөтүп келет. Ооганстандагы террористтик уюмдардан пайда болуп жаткан туруксуз кырдаалды эске алуу менен коопсуздук маселеси азыр абдан актуалдуу болуп турат.
Мындан тышкары, сөз экономикалык байланыштарды өнүктүрүү жөнүндө дагы жүрдү. Жөн жеринен мартта Владимир Путиндин Кыргызстанга боло турган турган сапарынын алкагында ири орусиялык компаниялардын келүүсү күтүлүүдө. Азыркы учурда Кыргыз Республикасы менен Орусия Федерациясынын ортосунда экономикалык кызматташтык коопсуздук чөйрөсүндө болгон эки өлкөнүн кызматташтыгынан артта калууда. Ошондуктан, экономикалык маселелерди талкуулоо – абдан маанилүү учур.
Орусия Федерациясынын ТИМнин башчысы Кыргыз-Орус славян университетинин студенттери менен жолуккан учурда Лавров Кыргызстан менен Орусия бирдиктүү билим берүү мейкиндигинде бирге алдыга жылат деп белгиледи. Анын ичинде орус тилин жалпынын аракети менен өнүктүрүү менен, - деди Шестаков.
Саясат таануучу Шерадил Бактыгулов Лавровдун сапары учурунда жетишилген макулдашуулар жөнүндө, алар тууралуу мартта гана конктертүү сүйлөшүүгө болорун белгиледи.
- Кыргызстанга орусиянын сырткы саясат ведомствосунун башчысынын келүүсү Владимир Путиндин мамлекеттик иш сапарына даярдык деп эсептелет. Ага ылайык, болуп өткөн жана боло турган иш-чаралардын негизин түзгөн бардык макулдашуулар жазында айтылат – Кыргызстанга Орусиянын президентинин сапары жана өзүнүн кыргыз кесиптеши менен болгон жолугушуу учурунда.
Эгер айтылган учурларды, сунуштарды талдай турган болсок, анда актуалдуу лардын бири болуп, менин көз карашымда, Жогорку-Нарын ГЭСинин каскадын куруу менен байланышкан маселе саналат. 2016-жылы экономикалык көйгөйлөрдөн улам, ага биздин уят-сыйытты билбеген чиновниктер күнөөлүү, орусиялык “Русгидро” компаниясы менен түзүлгөн макулдашуу жокко чыгарылган, - деп билдирди.
Саясат таануучу Денис Бердаков дагы Жогорку-Нарын ГЭСинин каскадын курууну кайрадан баштоо жөнүндө маселени негизгилердин бири деп эсептөөгө белгиледи.
- Бирок, бул жерде системалуу көйгөйлөр бар. Алардын катарында – энергетикалык тармакка каражаттын жетишсиздиги (болжол менен 70%га), сатып өткөрүү рыногунун жоктугу, кыйкы мезгилде суунун деңгээлинин төмөндөшү, электр энергиясынын өтө төмөн баасы (киловаттына 1-2 цент). Долбоордун баасы 700 миллион доллардан ашык бааланат, ал эми аны ондогон жылдардан кийин гана актоого болот. Анын үстүнө, Жогорку-Нарын ГЭСинин каскадында иштелип чыккан электр энергиясынын өздүк баасы жогору болот, ички рынок мындай бааны көтөрө албайт. Долбоор экономикалыкка караганда, геосаясий болуп саналарын түшүнүү зарыл.
Мен токтолууну каалаган дагы учур – бул экономикалык кызматташтыктын маселелери. Лавровдун Кыргызстанга болгон сапарынын алкагында (ошондой эле, Орусиянын ири соода компанияларынын республикага келүүсү пландалып жатканы жөнүндө билдиргенден кийин) Орусия Кыргызстанды экономикалык жактан системалуу колдоо курсун кабыл алганы белгилүү болду. Бул кошумча баанын узун чынжырчасын түзүүнүн эсебинен ишке ашырылышы мүмкүн – айыл чарба азыктарынын өндүрүлүшүн. Мисалы, уруктарды, аларды кайра иштетүүнү, сактоону, логистикасын, таңгактоону жана Орусияда ай сайын соода позицияларында продукцияны сатып өткөрүүгө чейин. Мындай кадам Кыргызстандын Орусияга олуттуу геосаясий байланышканын камсыз кылат. Республиканын өзүндө жашоо деңгээлин жогорулатууга, айыл чарбасын, мүмкүн кайра иштетүү өнөр жайын ишке киргизүүгө мүмкүндүк берет, - деп белгиледи Бердаков.
Саясат таануучу Марс Сариев төмөнкү маселелерге көңүл бурду
- Орусия Борбордук Азияда “ысык чекиттеринин” пайда болуусуна жол бербөөгө аракет кылат. Анын үстүнө, Москва Кыргызстан өңдүү өзүнүн стратегиялык өнөктөшү менен түзгөн мамилесинде туруктуулукту сактоого ниеттенүүдө жана анын колдоосуна ишенүүнү каалайт. Мындан улам, Бишкектеги жолугушуу максатка ылайыктуу болгон, баарынан да эки өлкөнү жакындатууга, анын ичинде экономикалык планда дагы, багытталган, - деди серепчи.
Белгилей кетсек, Орусия Федерациясынын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга мамлекеттик сапары марттын аягына күтүлүүдө. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынан билдиргендей, мамлекеттик сапардын жыйынтыгы боюнча аскердик, экономикалык жана укук коргоо чөйрөсүндө, регионалдык жана сырткы саясий өз ара аракеттенүү тармагында кызматташуу жөнүндө 15 чакты документке кол коюлушу күтүлүүдө.