Кыргызстандын чек арасына жакын жайгашкан Кытай менен кызматташуу кытай берген карыздарды эске алганда чоң кызыкчылык жаратат. Бирок, 1,5 млрд доллардан ашык сырткы карыздар жана кытай насыяларына байланышкан коррупциялык жаңжалдар кыргызстандыктарды тынчсыздандырып келет. Анын ортосунда Казакстан жана Өзбекстан менен республиканын экономикалык кызматташтыгы өсүп баратат, мында Кыргызстандын ЕАЭБге мүчөлүгү жакшы роль ойноп жатат, - деп эсептейт саясат таануучу, “Пикир” аймактык серепчилер клубунун төрагасы Игорь Шестаков. Ал республика Кытай жана Борбордук Азия өлкөлөрү менен кантип кызматташып жатканын жана ал ЕАЭБде жана “Алкак жана жол” долбоорунда кандай кандай роль ойной алары тууралуу айтып берди.
- Игорь Альбертович, көпчүлүк серепчилер Кыргызстан менен Кытайдын мамилелери оор учурда башынан кечирип жатканын айтышууда. Көйгөй эмнеде жана кырдаалды жакшы жагына өзгөртүү үчүн эмне кылуу керек?
- Менимче, азыркы учурда Кыргызстан менен Кытайдын кызматташтыгы реализм мезгилин башынан кечирип жатат. Кытай менен болгон мамиле Алмазбек Атамбаевдин учурунда расмий деңгээлде чоң сырткы саясий жана экономикалык жаңылык катары айтылып келген, анткени Кыргызстан жеңил, эч кыйынчылыгы жок инфра түзүмдүк долбоорлорду ишке ашырууга миллиондогон насыяларды Кытайдан алып турган.
Сөз баарынан мурун энергетикалык жана транспорттук секторлор жөнүндө болуп жатат. Мурунку президент бир нече жолу Кытайдын каржылык жардамынын аркасы менен республика энергетикалык коопсуздукка жетишип, жолдордун абалын кыйла жакшыртып алды деп белгилеп келген. Бирок, чагылган ушул жылдын январь айында чартылдады, кытай насыяларына оңдоодон өткөн Бишкек ЖЭБинде катуу суук учурунда жабдуулар иштен чыккан. Көптөгөн бишкектиктер кырдаалдын туткуну болуп, өздөрүнүн батирлеринде тоңууга аргасыз болушкан.
Мында өлкөнүн салык төлөөчүлөрү кытай тарапка модернизация үчүн 500 млн доллардан кем эмес төлөп бериши керек. Аталган кырдаал мурунку эки премьер-министрге, парламенттин депутатына, мурунку энергетика министрлерине, мурунку Бишкек мэрине жана башкаларга карата кылмыш ишин козгоого себеп болуп калды.
Кытайдын Эксимбанкынын Кыргызстанга берген насыялары инфра түзүмдүк деген атын коррупциялык деген атка алмаштырды. Жөн жеринен парламентте акыркы 5-6 жылда Кытайдан алынган ири насыялардын алуу жана чыгымдоо механизмдерин текшерүү зарылдыгы жөнүндө сунуштар айтылып жаткан жок да.
Анткен менен, Кыргызстандын президентинин аппаратынын өкүлдөрү Бишкек ЖЭБин модернизациялоону териштирүү Кыргызстандын ички иши болуп саналат жана Кытай менен кызматташуу менен байланышы жок деп бир нече жолу билдиришкен, бул тема өлкөнүн коомдук-саясий турмушунун негизгилеринен болору түшүнүктүү.
- Бирок, насыялык жаңжалдардан тышкары, акыркы 8 жылда республиканын региондорунда жергиликтүү коомчулук менен тоо кендерин казуу долбоорлорун ишке ашырган кытай ишкерлеринин ортосунда тирешүүлөр көп болууда...
- Ооба, ошондой. Мисалы, ушул жылдын жаз айланыда Жалал-Абад областынын миңге чукул жашоочусу кытай ишканаларына таандык болгон фабриканын аймагына кол салуу жасашкан. Жергиликтүү жашоочулардын сөзү боюнча себеби ишкана тарабынан олуттуу экология бузууларда. Жыйынтыгында техника жана бир катар өндүрүш имараттары өрттөлгөн. Бул жаңжалга чейин эки жума мурун профилдик ведомстволордун өкүлдөрү жергиликтүү тургундар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнүнө карабай, ал эч кандай жыйынтык берген эмес. Атамбаевдин тушунда дагы мындай кыдаалдар дээрлик ар жылы болуп турчу жана борбордук бийлик ошондо деле бул көйгөйдү чеч алган эмес. албетте, Пекинди окуянын мындай өнүгүшү кызыктырбайт, бул тууралуу Пекиндин расмий өкүлдөрү тарабынан айтылган.
Азырынча мындай олуттуу маселелерди кыскы мөөнөттө чечүү мүмкүн деп айтуу кыйын. Маселе бир эле кытай тарапта эмес, андан да терең жана чиновниктердин жана депутаттардын коррупциялык имиджи менен түздөн-түз байланышкан, алар Кыргызстанда Пекиндин экономикалык кызыкчылыктарын коргошот. Бирок, эң үстүндө Кыргызстан коомучулугу үчүн анчалык ачык эмес Бишкек менен Пекиндин расмий экономикалык мамилелеринин фактору жатат.
Кытайдын каржы-экономикалык дараметин жана жалпы чек араны эске алганда, Кыргызстан Кытай менен экономикалык алакаларды өстүрүүгө кызыктар экендиги түшүнүктүү.
Бүгүн өлкөнүн ири соода борборлрунда кытай продукциясы 60-70%ды түзөт. Албетте, мындай активдүү экономикалык кызматташтык Пекин үчүн дагы пайдалуу. Кандай гана көйгөйлөр болбосун, албетте, кызматташтык улана берет.
- “Алкак жана жолдун” чегинде Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтык кандай жүрүп жатат?
- Мен буга чейин айткандай, акыркы 20 жылды соода-экономикалык кызматташтык эки өлкө ортосунда интенсивдүү мүнөздү алып жүрөт жана өсүү жолунда баратат. Мисалы, Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы жалпы товар жүгүртүү 2017-жылы 1,591 млрд долларды түзгөн, ал эми акыркы 4 жылда бул көрсөткүч 8,6%га өскөн. Ошондуктан Бишкек менен Пекиндин ортосунда “Алкак жана жолдун” чегинде экономикалык долбоорлорду ишке ашырууда олуттуу көйгөй болбошу керек. Анан калса, Кыргызстандын жаңы бийлигинин багыты да Кытайдан инвестиция тартууга багытталган.
Пекин үчүн Кыргызстан товардык продукцияларын экспорттоодо жана республиканын аймагында ишканаларды ачууда маанилүү роль ойнойт.
Ачыгы, “Бир алкак, бир жол” кайсы бир деңгээлде мамлекеттер аралык кызматташтыктын расмий күн тартибинде турган долбоор болуп саналат. Жакында эле ал Кыргызстандын эксперттик коомчулугунда талкуу үчүн себеп болду. Бирок, кайра эле кытайдын аналитиктеринин жана ишкерлер чөйрөсүнүн өкүлдөрүнүн катышуусусуз өттү.
“Алкак жана жол” долбоору жөнүндө, анын атынан тышкары, көпчүлүк кыргызстандыктарга азырынча эч нерсе белгилүү эмес деп айта берсе болот. Мындай боштукту эске алганда, долбоордук каршылаштары Кыргызстан үчүн өздөрүнүн негативдүү версиясы менен толтуратын күтүүгө болот.
Аталган кытай демилгесинин контекстинде акыркы үч жылда Кыргызстандык ишкерлер Кытайдын визасын алууда олуттуу көйгөйгө туш болгону менен байланышкан маанилүү аспектини белгилеп кетүү керек. Бул тууралуу ЖМКларда жана биздин “Пикир” клубунун отурумунун алкагында маал-маалы менен сөз болуп турат. Жакында Кыргызстандыктарга Кытайга барып келгенге караганда, Айга учуу жеңил болуп калат деген ой келет. Расмий түрдө Кытай тарап мындай катуу ченемдерди коопсуздук маселелери менен түшүндүрөт. Бирок, биздин ишкерлер Кытайга барып келүү үчүн элементардык иш менен барып келүү укугуна ээ боло алган мындай катуу визалык режимдин фонунда долбоорго оң имидж кантип түзөрү түшүнүксүз.
- Ушул жылдын март айынны аягына карата Кыргызстандын Кытайга болгон карызы (Эксимбанк Кытай) 1,709 млрд долларды түзгөн. Кытай алдындагы Кыргызстандын карызы эмнеси менен коркунучтуу?
- Негизинен кытай тарап Кыргызстанга насыяларды кыйла маанилүү инфра түзүмдүк долбоорлорго берет. Мурунку президент Атамбаев белгилегендей, республика үчүн кыйла жеңилдетилген шарттарда.
Кытай каражаттарын кайтаруу жөнүндө айта турган болсок, ушул жылдын мартында Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Сяо Цинхуа брифингде бардык карыздар кыргыз тараптан милдеттүү түрдө акчалай эквивалентте гана кабыл алынарын айткан. Буга байланыштуу республикада карыз маселесин чечүү үчүн чоң сандагы альтернативдүү варианттар жок. Ал эми Кыргызстандын Кытай экспорттук-импорттук банкына карызы күн сайын 469,5 миң долларга сөүп жатат. Орусиядан айырмаланып, Пекин Кыргызстандын карызын кайтарымсыз кечүү ниети жок. Бул жаатта Кытайга болгон карыз маселеси ЖМКларда жана социалдык тармактарда популярдуу темага айланды. Өз кезегинде, аталган теманы кызытууга бийлик жогорку өкүлдөрүнө крата резонанстуу кылмыш иштери таасир этет.
Карыздык көз карандылык эки тараптуу кызматташтыкты кабыл алууда негативдүү фонду гана жаратат. Жакынкы жылдары Кытайга болгон карыз маселеси 2020-жылы өтө турган парламенттик шайлоону эске алганда, бир гана саясатташып кетет деп ойлойм.
Бул маселе экономикалыктан саясийге өтүп кетери толук мүмкүн. Кандай болсо да, кыргызстандык чиновниктер азыр республика сырткы саясий милдеттемелерин өз алдынча төйлөй алат жана мамлекеттик бюджетте зарыл болгон каражат бар деп ишенишет.
- Сентябрда Евразиялык экономикалык комиссия ЕАЭБдин Кытай менен соода-экономикалык макулдашуусу 2019-жылдын башында иштей байтайт деп билдирди. Кыргызстанда ЕАЭБ менен Кытайдын кызматташуусунун өнүгүү келечеги жана биримдиктин долбоорлорун “Бир алкак, бир жол” демилгеси менен айкалыштыруу кандай бааланып жатат?
- Албетте, мындай айкалыштыруу евразиялык интгерация процессине олуттуу экономикалык түрткү бериши мүмкүн. 2015-жылы Орусия жана Кытай Евразиялык экономикалык биримдиги менен Жибек жолунун Экономикалык алкагынын курулушун айкалыштыруу боюнча кызматташтык ж-нүндө биргелешкен билдирүүнү бекиткенин эске сала кетейин. Документ эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтыкты натыйжалуу өнүктүрүүгө багытталган, өнөр жай кооперациясын, инвестициялык жана каржылык өз ара байланыштарды кеңейтет. Макулдашуу Евразиялык экономикалык биримдик жана Кытай менен аймактык өндүрүштүк тармактарды оптималдаштыруу, эл аралык транспорттук инфра түзүмдүк жана интермодалдык ташууларды, акырындык менен эркин соода аймагын түзүүгө алып келүү маселелерин коёт.
Алдыңкы кытай серепчилери ЕАЭБ – мурунку советтик мейкиндиктеги эң глобалдуу интеграциялык биримдик экенин белгилешкен. Ал эми эки долбоорду айкалыштыруу жакынкы жана узак мөөнөттүү келечекте мамлекеттердин ири өнүгүү пландарын биргелешип ишке ашырууга жардам берет.
Кыргызстандын ролуна жана катышуусуна карата ЕАЭБдин рынокторунда биринчи кезекте суроо-талапка ээ боло турган экспортко багытталган продукцияларды чыгарууну өнүктүрүү үчүн ушул интеграциялык долбоорлордун механизмдерин колдонуу зарыл деп айтууга болот. Тактап айтканда, Орусия жана Кытай менен биргелешкен ишканаларды түзүүнү өстүрүү зарыл, муну менен жумушчу орундарын түзүү деген курч көйгөйдү чечүүгө болот. ЕАЭБдин жана Жибек жолунун дараметин энергетикалык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн дагы колдонууга болот.
Мындан тышкары, Кыргызстандын географиялык өзгөчөлүгүн эске алып, биздин өлкө транспорттук түйүндүн стратегиялык ролун ойной алат, муну менен транспорттук инфра түзүмдү өнүктүрүүгө насыяларды эмес, инвестицияларды тартууга болот.
Ошондой эле, 2018-2019-жылдары ШКУга өкүлчүлүк кылуу Кыргызстанга келгенин эске алып, биздин өлкө ушул долбоорлорду айкалыштыруу боюнча сүйлөшүү аянтчаларынын бири боло алат. Анткени ШКУнун максаттары жана милдеттери кайсы бир деңгээлде ЕАЭБдин жана Жаңы Жибек жолунун максаттары менен дал келет.
- Сиз Кыргызстан менен Борбордук Азия өлкөлөрүнүн азыркы кызматташуу деңгээлин кандай баалайсыз? Бишкек региондо кандай жаңы долбоорлорду ишке ашырганы жатат?
- Кыргызстан эгемендик жылдары аралыгында Борбордук Азия өлкөлөрү менен коопсуздук, ошондой эле соода-экономикалык маселелеринде кызматташууга ар дайым конструктивдүү мамиле кылган. Түрмөнстандан башкасынын баары менен республиканын жалпы чек аралары бар. Көптөгөн өз ара пайдалуу байланыштар СССРдин убагында эле калыптанган.
Көйгөйлөргө карабай өткөн жылдын күз айларындагы кыргыз-казак чек арасында болгон айрым көйгөйлөргө карабай, Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы товар айлантуунун өсүүсү өткөн жылы 9%дан ашык болгон. Бул өсүшкө эки өлкөнүн ЕАЭБге мүчө боуусу таасир этти, анда продукцияны экспорттоо ченемдери жеңилдетилген.
Азырынча кыргызстандын товарлары Казакстандын чек арасынан көйгөйлөрсүз өтүп жатат деп айтууга эрте, эки өлкөнүн өкмөттөрү ушул багыттагы көптөгөн маселелерди чечиши керек. Бирок, негизгиси оң тенденциялар бар жана саясий пикир келишпестиктер жок.
Өзбекстан менен кызматташуу чыныгы жаңылык болду: 2017-жылы өлкөлөр аралык 220 млн доллардык суммага 115 экспорттук жана импорттук келишимге кол коюлган. Узак тыныгуудан кийин өкмөттөр аралык комиссия да иштей баштады. Чек аралык режим да жеңилдеди, бул иштиктүү байланыштарды кеңейтүүгө жакшы таасир этет. Жыйынтыгында товар айлантуу Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда өткөн жылы 60%га өсүп, 281 млн долларды түздү. Серепчилердин баасы боюнча, мамлекеттер аралык экономикалык өз ара аракеттерге Кыргызстандын ЕАЭБге мүчөлүгү да оң таасир этиши мүмкүн. Бул өзбек ишкерлерине биргелешкен ишканаларды түзүү жолу менен Евразиялык рынокко чыгууга мүмкүнчүлүк берет. Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттери тарабынан жасалаган маанилүү кадамдардын бири товар өндүрүүчүлөр үчүн чек аралык жана бажы тоскоолдуктарын алып салгандыгы болуп саналат.
Кыргызстан менен Тажикстандын товар жүгүртүүсү түшүп кетти. Расмий баалар боюнча, бул ЕАЭБдин бажы эрежелеринен улам Кыргызстандын аймагы аркылуу өткөн кыйра продукцияларынын реэкспорту түшүп кеткендиги менен байланыштуу. Эми Тажикстандын ишкерлери кытай өндүрүүчүлөрү менен түз иштей башташты.
Долбоорлор боюнча конкреттүү бир нерсе айтуу кыйын. Кыргызстан аймктык энергетиклык жана транспорттук долбоорлорго катышууга даяр. Бир көйгөй 2010-жылдан тартып Кыргызстанда ар жылы өкмөт алмашкандыгында, ал эми бул ири демилгелерди ишке ашырууга таасирин тийгизбей коё албайт.
Булак: http://eurasia.expert/eaes-pomogaet-uvelichivat-tovarooborot-kyrgyzstana-s-kazakhstanom-ekspert/