Бухарада жергиликтүү бийлик таланттуу окуучу үчүн үй салып берди

11 февраля 2019 Бухарада жергиликтүү бийлик таланттуу окуучу үчүн үй салып берди

Бухара облусунда жергиликтүү бийлик математика боюнча эл аралык олимпиадалардын көп жолку жеңүүчүсү, 9-класстын окуучусу Дониер Исмоиловдун үй-бүлөсүнө там салып берди. Учурда курулушчулар үйдүн ички жасалгалары менен алектенүүдө.

Былтыр жергиликтүү басылмалар Дониер Исмаиловдун апасы кара сарык менен ооруп жатканы, атасынын туруктуу жумушу жок экенин кабарлашкан. Үй-бүлөдөгү каржы маселелеринен улам өспүрүм окуусун уланта албай калган.

Кийинчерээк Бухара облусунун башчысы Уктам Барноев окуучунун үй-бүлөсүн кабыл алып, үй салып берерин билдирген.

Элдик билим берүү башкармалагы Дониер Исмаиловго ноутбук белек кылууну, Өзбекстан Жаштар биримдиги ал үчүн жеке китепкана уюштурууну убада кылган.