Орусияда муз тийген студенттин өлүмүнөн кийин окуу жайдын проректору кармалды

11 февраля 2019 Орусияда муз тийген студенттин өлүмүнөн кийин окуу жайдын проректору кармалды

Санкт-Петербургда Мамлекеттик химия-фармацевтикалык университеттин проректору кармалып, ага карата “Шалаакылык” жана “Пара алуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

5-февралда университеттин чатырынан муз түшүп, 23 жаштагы 5-курстун студенти, өзбекстандык Бабурбек Очилов мерт болгон. Анын тажикстандык досу жаракат алып, ооруканага жеткирилген.

Маркумдун атасы чатырды кардан тазалоого жооптуу кишилерди кечирүүгө даяр экенин билдирип, Тергөө комитетинен уулунун “ичин ачпоону” өтүнгөн. Курсташтарынын айтымында, Бабурбек Очилов провизор болууну кыялданып жүргөн.

Тергөөнүн маалыматы боюнча университет имараттын чатырын кардан жана муздан арылтуу үчүн "Вентформат" фирмасы менен келишим түзгөн. Бирок тазалык жумуштары тиешелүү деңгээлде аткарылган эмес. Кылмыш ишине байланышту "Вентформаттын" башкы директору сурак берди.

Тергөөчүлөр чатырдын тазалагына окуу жайдын чарбасын тейлеген проректор жооптуу деп эсептешүүдө. Аны менен бирге чиновник "Вентформат" фирмасы менен сынаксыз келишим түзгөнү үчүн 50 миң рубль пара алганы айтылууда.