Американын журналистикасы: АКШнын ЖМКлары согушка жана мамлекеттик төңкөрүштөргө кантип чакырышат?

30 октября 2018

2003-жылы АКШ Иракта массалык жабырлантуучу курал бар деген шылтоо менен ага басып кирген. Пентагондук куралдуу операциясы американын ЖМКлары менен коштолгон. Өлкөдөн өзөктүк да, химиялык да курал табылган эмес. бирок, Саддам Хусейн менен согушка киришкен көптөгөн журналисттер өздөрүнүн кызмат ордуларында калып, бүгүн дагы Иран менен Сирияда мамлекеттик түңкөрүштөргө үндөп жатышат. Бул туралуу Калеб Мопин өз баяндамасында билдирген.

2003-жылы АКШ Иракка басып кирген учурда өлкөнүн алдыңкы ЖМКлары олуттуу ката кетиришкен. Иракта жалпы кыргын салуучу курал жок болуп чыккан, ал эми анын калкы америкалык аскерлерди улуу куткаруучулар катары тосуп алган эмес.

Эми мына он беш жыл өткөндөн кийин ошол эле американы чоң иллюзияга ишендирген журналалисттер кайрадан мурунку ишине киришкен. Алардын арасында The Weekly Standard журналынын редактору Уильям Кристол да бар. 2003-жылы ал: “Саддам Хусейн дүйнөгө жалпы кыргын салуучу курал менен кол салат. Ал эле эмес, Саддам Хусейндин куралдануу программасы жөнүндө негизги маалымттардан эч ким күмөн санабайт”, - деп өлкөнү ишендирген. Муну менен Кристол өтө чоң жаңылыштык кетирген.

Бирок, бул анын карьерасына такыр зыянын тийгизген эмес. Ал мурункудай эле The Weekly Standard журналынын редактору. Анын кызматына азыр деле Фейсбук маалыматтарды текшерүү үчүн кайрылып турат. Кристол дайыма теледен АКШнын аскердик интервенциясын колдоп чыгып турат. Андай иштерди ал мурда деле жасап турган.

“Ырайымсыз диктатор өлгөнчө күрөшүүнү кааласа эмне кылуу керек? Албетте, анын өлүмүн жакындатып, аркы дүйнөгө кетүүсүнө жардам бериш керек. Биз бул үчүн көп нерсе жасай алабыз. Мында анча чоң эмес чабуул менен иш бүтпөйт. Сенатор Маккейн жана биз зарыл болгон олуттуу чабуул жасаш керек деп эсептейбиз”, - дейт Кристол.

Дагы бир ЖМКлардагы АКШнын Иракка басып кирүүсүндөгү “хорду” колдогон New York Times гезитинин журналисти Джудит Миллер болгон. Журналист айым Саддам Хусейндин өлкөсү өзөктүк курал даярдап жатат деп элди ишендирген.

2002-жылы Джудит Миллер: “Бирок, Ирактын өзөктүк куралга ээ болуу аракети АКШнын администрациясын тынчсыздандырган негизиг көйгөй жана САддам Хусейнди кулатуу боюнча аскердик омпанияны жүргүзүү үчүн башкы аргумент болуп саналат” – деп жазып чыккан.

2015-жылы Джудит Миллер Ирактагы жалпы кыргын салуучу курал жөнүндө жаңылыш кетиргенин мойнуна алган. Бирок, азыр ал Fox News каналында иштеп жатат. Fox News эл аралык мамилелер кеңешине мүчө, ал эми алдыңкы ЖМКлар анын Сириядагы химиялык курал жөнүндө айткандарын курак түрүп угушат.

Джудит Миллер: “Бул аракеттер химиялык куралга карата “кызыл сызыкты” калыбына келтирүүгө чакырат, аны Орусия менен Ирандын колдоосу астында Башар Асад жазага тартылбай туруп колдоно баштады”, - деп   Fox News каналы аркылуу айтып чыкты.

Мындан тышкары, Fox News каналынын белгилүү алып баруучу Шон Хэннити деген журналист бар. Ал 2003-жылы мындай деп айткан: “Бир жарым биллион адамды өлтүргөн жана балдарды газ менен ууландырган акмак кайрадан өз ишине киришти”. Ал өзүнүн башка кесиптештери сыяктуу Ирактын массалык жабыркатуучу куралы бар деп айтып, жаңылышкан. Бирок, бул жыңылыштык анын мансаптык тепкичтен көтөрүлүүсүнө тоскоол болгон эмес.

Азыр ал кайрадан  режимди өзгөртүү керектиги жөнүндө айтып чыкты. Бул жолу Иранда. “Суроо берүүгө уруксат этиңиз. Азыр болуп жаткандарды уюштурууга сиздер жардам бердиңиздер жана алар менен байланышты үзө элексиздер. Кантип революцияны куралсыз жеңүүгө болот?” – дейт журналист.

Журналист Фил Донахьюнун кайгылуу мисалы бар. Бир гана MSNBC каналында иштеген журналист Фил Донахьюнун согушка каршы чыккан. Бирок, кийинчерээк ал өз берүүсүнөн кол жууп, теледен кызматтан алынган. Анын себеби кийинчерээк прессага чыгып кеткен кызматтык кат болгон. Элге жарыяланган кызматтык каттын мазмуну төмөндөгүчө: “Согуш учурунда ал MSNBC каналынын жүзү катары бир катар проблемаларды жаратат. Белгилүү болгондой, ал өз берүүсүнө Ирактагы согушка жана президент Буштун ишине каршы чыккан, ошондой эле администрациянын аракетин аныктаган факторлорго ишенбестик менен мамиле кылган конокторду кубануу менен чакырат”. Мына ушул каттан кийин ал кызматтан алынган.

Ар бир кетирген ката сабак болушу керек. Бирок, андай болбой да калат. АКШнын алдыңкы ЖМКлары азыр деле такталбаган маалыматтарды эч кандай фактыларды келтирбей туруп жайылтып келет. Мунун эч кандай жаман жагы жок жана журналисттердин карьерасына терс таасир этпейт. Алар элдин баарына окуялардын өнүгүүсүнүнү расмий версиясын таңуулашат.

Журналист Марк Блюменталь мындай дейт: “MSNBC, CNN,  Fox News дүйнөдөгү абал тууралуу, тактап айтканда айрым өлкөлөр жөнүндө айтып жатканда алар белгилүү бир линияны карманып келерин, АКШнын сырткы саясатына карата эч кандай оппазициялык пикири жок экенин көрүүгө болот. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттин күн тартиби мына ушундай.

Бирок, башкы коркунуч мында, америкалык жаңылыктарды уккандар мамлекеттик каналадарды эмес, эркин, жеке ЖМКлардын жаңылыктарын угуп жатабыз деп ойлошот. Бирок, корпорациялар контролдогон жеке каналдар мурунку аскер кызматкерлери, чалгындоо кызматтарынын кызматкерлери, акыркы он беш жылда нео консерваторлор жана акыркы он беш жылда ишке ашырылган режимди алмаштыруу боюнча бардык операциялар менен байланышкан адамдар менен эфирлерин толтуруу – мыну ушул чынында улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттин теле каналы болуп саналат. Алардын позициясы мамлекеттик теле каналдардагы берүүлөргө караганда элди көбүрөөк ишендирери анык”.

Булак: https://russian.rt.com/world/video/557696-smi-ssha-vtorzhenie-irak