ЕАЭБдин санариптик күн тартиби: технологиялык артта калуучулук жана “бензоколонка-өлкөлөрү” жөнүндө мифти четке кагуу

30 октября 2018

Акыркы жылдары Казакстандын Евразиялык экономикалык биримдик боюнча өнөктөш өлкөлөрдүн IT-тармагы өсүүнүн жогорку көрсөткүчтөрүн көрсөтүп жатат. Мисалы, Белорусияда IT-тейлөөлөрдүн экспортунун көлөмң өткөн жылы 1 млрд долларды түзгөн. Орусияда 2017-жылы программалык камсыздоо жана аларды иштеп чыгуу боюнча тейлөөлөр 2016-жылдагы көрсөткүч менен салыштырмалуу 10% өсүп, 8,5 млрд долларды түзгөн. Орусиялык экспорттун бул беренеси коргоо өнөр жайы менен дээрлик тең болгон, белгилүү болгондой Орусия ал жаатта күчтүү. Мунун баары “бензокалонкалар өлкөсү” жана “технологиялык артта калган Орусиянын” образы менен аз байланышат. Мындай маалымат казакстандык маалымат айдыңында бат-бат айтылып турат.

Ошол эле учурда Казакстандын IT-тармагы токтоп турат. салыштыруу үчүн 2017-жылы Казакстандын компьютердик кызматтарды экспорттоосу баары болуп 15 млн долларды түзгөн. Ал эми казакстандын атайын экономикалык “Алатау” маалыматтык технологиялар апркы 2003-жылы эле түзүлгөн. Белорусиянын жогорку технологиялар паркынан эки жыл мурун.

Казакстандын IT-тармагынын мындай мыйчалык артта калышы эмне менен байланыштуу? Бул тармакта компентенттүү кадрлардын, “таланттардын” жана “мээлердин”, ошондой эле бизнес-демилгелердин жетишсиздиги мененби? Же объективдүү фактор – мамлекеттик деңгээлде IT-тармагын системалуу колдоо стратегиясы жоктугу мененби?

Дагы бир суроо. Эгер биздин коңшуларда – евразиялык интеграциялык долбоор боюнча өнөктөштөрдө  IT-тармагы алдыга ашып кеткен болсо, ЕАЭБди Казакстан үчүн санариптик модернизацияда кетип бараткан акыркы вагонго чыккан мүмкүнчүлүк катары кароого болобу?

Алар акылдуу, а биз акмакпызбы? Жок, андай эмес

Казакстандын Интернет ассоциациясынын президенти Шавкат Сабиров Казакстан кадрлардан, таланттардан жана информациялык технологияларды өнүктүрүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдөн куру эмес экендигине ишенет. Бирок, белорусиялык жана орусиялык кесиптештеринен айырмаланып.ю казакстандык IT-индустриясынын өкүлдөрү мамлекет тарабынан колдоо көргөн эмес.

“Казакстандын экономикасы бир дагы тармак башкалардын алдында жеңилдиктерге жана артыкчылыктарга ээлик кыла албай тургандай болуп түзүлгөн. Анын үстүнө, бүгүн экономиканын дээрлик бардык тармактары салык төлөйт жана көмүскө айлантууга ээ эмес. Бул биз эгемендиктин биринчи жылынан баштап жетүүгө аракет кылган нерсе болчу. Бирок, ушул мезгилде биздин коңшулар – Орусия, Белорусия – экономиканын түрдүү секторлорун колдоп келген. Анын үстүнө артыкчылыктуулардын арасында IT-тармагы болгон. Мисалы, Орусияда 2016-жылга чейин IT-тармагын колдоо боюнча мамлекеттик программа иштеп келген. Өткөн жылы 2025-жылга чейин IT-тармагын өнөктүрүүнүн жаңы программасы кабыл алынган. Ушундай эле Белорусияда: IT-рыноктун катышуучуларына  бир топ жеңилдиктер бар, ошондой эле мамлекет тарабынан долбоорлор субсидияланып, каржыланып турат”, - деп түшүндүрдү Ш.Сабиров.

Казакстанда болсо IT-тармак экономиканын бардык тармагында бизнес жүргүзүү үчүн унификацияланган шарттардын мамлекеттик курсунун туткуну болуп калды.

“Белгилей кетсем, эгер он жыл мурун бардык тармактарга өзүнчө жеңилдик жана мамлекеттик субсия бербей, укуктарын бирдейлештирүү экономикалык жактан максатка ылайыктуу болсо, ушул жылдар аралыгында дүйнөдөгү кырдаал кардиналдуу түрдө өзгөрдү. Эгер экономиканын алдыңкы тармактары мамлекет тарабынан тиешелүү колдоого ээ болбосо (сөз жүзүндө эмес, иш жүзүндө дагы), эгер жеңилдиктерге ээ болбосо, IT-тармагы өнүгө турган дем берүүчү параметрлер берилбеген болсо – тармак бир деңгээлде тура берет, ордунда турган бойдон өнүгө берет, жеке бизнестин кызыкчылынан жана мүмкүнчүлүгүнөн көз каранды болуп калат”, - дейт IT-тармагынын серепчиси.   

Ш. Сабиров ал жетектеген Казакстандын интернет ассоциациясы беш жыл мурун 2013-жылы IT-тармагынын Жол картасын түзүү жөнүндө маселени көтөргөнүн эске салды.

“Чынында Казакстанда бүгүн эле айтылып жаткан: санариптештирүү, IT-тармагын колдоо деген иштерди беш жыл мурун жасаш керек эле. 2013-жылы эле биз коңшулардын артында болчубуз. Бизде зарыл болгон компетенция жоктон, же “алар акылдуу, биз акмакпыз” деген сыяктуу эмес. Такыр андай эмес. Казакстандык IT-тармактан дарамети абдан чоң жана биздин бизнестин мүмкүнчүлүктөрү да чоң. Бирок, тармакка сөзсүз мамлекеттик колдоо чаралары керек”, - деп белгилейт Казакстандын интернет асоцияациясынын президенти.

Эң жөнөкөй, көрөнүп эле турган чаралар деп ШюСабиров төмөнкүлөрдү санады: салык каникулдары, инновациялык ишке кеткен чыгымдардын компенсациясы, реестр түзүү, ата мекендик IT-тармак үчүн система түзүүчү компанияларды чогултуу.

“Акыр аягы , IT-тармагынын долбоорлору үчүн жеңилдетилген насыя керек. Мисалы, эгер бүгүнкү күндө кадимки пайыздык чен 12-14-18%ды түзсө, IT-долбоорлорун жеңилдетилген насыялоого жылдык 4-5% менен бөлүнүш керек”, - деп сунуштайт серепчи.

Муну менен, Казакстандык интернет ассоциациясынын перзидентинин пикири боюнча  IT-тармагын ар тараптуу мамлекет тарабанан комплекстүү колдоо чаралары керек.

“Акыркы 5-10 жыл аралыгында биз IT-технологиялар секторунда катастрофалык түрдө артта калдык, анын ичинде биздин коңшулардан дагы. Бүгүнкү күндө IT-тейлөөлөрдү жана программалык камсыздоолорду миллиарддаган көлөмдө экспорттоп, белорус сыяктуу мактануу үчүн тармакты колдоого 8-10 жыл мурда киришүү керек эле. Кайсы бир конкреттүү тармакты колдоодо эч кандай жаман нерсе жок”, - деп жыйынтыктады Ш.Сабиров.

ЕАЭБ бирдиктүү санариптик мейкиндиксиз иштей албайт

Белорусиялык эксперт Кирилл Озимко ЕАЭБ өлкөлөрүндө чындыгында жогорку технологиялар чөйрөсү жакшы тесп менен өнүгүп жатканын жана Белорусиянын, Казакстандын жана Орусиянын жетекчилери үчүн бир тармакты өнүктүрүү артыкчылыктуу маселе болуп саналарын белгиледи.

“Мааыламтык технологиялар тармагындагы союздк кооперациялар жана интеграциялар тууралуу айта турган болсок, ал бүгүнкү күндө акырындык менен жүрүп жатат. ЕАЭБдин санариптик күн тартибинде анын бардык аймагы боюнча бирдиктүү санариптик мейкиндик түзүү деген бар. Аталган идеяны ишке ашыруу мындан билинет, бүгүнкү күндө IT-тармагында бир катар биргелешкен долбоорлор бар. Мисалы, ушул жылдын апрелинде Евразиялык маалымат-аналитикалык консорциум түзүлдү, ага биримдиктин түрдүү өлкөлөрүнөн окумуштуулар жана изилдөөчөлөр каташып жатат. Ошондой эле, ЕАЭБдин аймагында товарларды санариптик көзөмөлдөө ишке ашырылып жатат, өнөр жайдын бирдиктүү маалыматтык системасы түзүлүп жатат, ал биримдиктин өлкөлөрүнүн өндүрүштүк уюмдары менен өнөр жай жабдууларынны керектөөчүлөрүн байланыштырат”, - деп түшүндүрдү К.Озимко.

Белорус серепчиси бизнес коомчулугу ЕАЭБдин санариптик күн тартибине кызыктар экендигин белгилейт.

“Биримдиктин санариптик күн тартибин ишке ашырууга карата бизнестин биргелешкен позициясы иштелип чыккан. Тактап айтканда, анын өкүлдөрү евразиялык санариптик автивдерди түзүүг- катышкан инвесторлорду укуктук коргоо зарылдыгы жөнүндө билдиришкен. Бирок, жалпысынан бийликтин жана ишкерлердин бардык аракетине карабай, ЕАЭБдин бирдиктүү санатиптик мейкиндигин түзүү – эң жеңил жол эмес экенин түшүнүү керек. Бул убакыттын иши. Бирок, ал акырындык менен түзүлөт. Мунсуз жакынкы келечекте бир дагы интеграциялык биримдик жакшы иштей албайт жана муну Москвада, Минскиде, Астанада, Бишкекте жана Ереванда жакшы түшүнүшөт”, - деди К.Озимко.

Казакстан менен Орусия ЕАЭБдин санариптик транспорттук каридорун түзүү боюнча пилот иштеп чыгууда.

Эске салсак, ЕАЭБдин санариптик күн тартиби жөнүндө билдирүүгө 2016-жылдын 26-декабрында интеграциялык биримдиктин беш мамлекетинин башчылары тарабынан кол коюлган. ЕАЭБдин санариптик күн тартибинин 2025-жылга чейинки негизги ишке ашыруучу багыттары 2017-жылдын 11-октябрындагы Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин отурумунда бекитилген.

ЕАЭБ ишке ашырууну пландап жаткан артыкчылыктуу демилегелердин катарына жөнгө салуучу кум системасы.ю товарларды, тейлөөлөрдү жана активдерди санариптик көзөмөлдөө, санариптик соодалашуу, санариптик транспорттук коридорлор, маалыматтарды айландыруу жөнүндө макулдашуу, санариптик өнөр жай кооперациясы кирет.

Ушул жылы Сочиде Жогорку евразиялык экономикалык кеңешитн отурумунда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев келечектеги Эл аралык IT-стартаптарынын базасында санариптик долбоорлор менен демилгелерди башкаруу кеңсесинин ишин Астанада уюштуруу сунушун киргизди.

ЕАЭБдин санариптик күн тартибин ишке ашыруунун чегинде казакстандык демилгелер июлда Астанада көрсөтүлдү жана ага “Ачык маалыматтарды колдонуу”, “Кичи жана орто бизнес үчүн ачык санариптик плантформа” жана “Электрондук лицензиялоо” деген сыяктуу долбоорлор кошулган. Казакстан тарап ушул долбоорлордун ар бири Казакстанда ийгиликтүү иштеп жатат жана ЕАЭБдин чегинде ирилештирүү менен ушундай эле аянтчалар менен интеграциялаштырууга даяр экендигин белгилейт. 

Казакстандын кызыктуу демилгелеринин бирин белгилейли. Бүгүнкү күндө бирдиктүү евразиялык санариптик мейкиндикти өнүктүрүү үчүн сезгич тоскоолдук болуп ЕАЭБ мамлекеттери тарабынан электрондук санариптик колдорду өз ара таануунун жоктугу саналат. Бул потенуиалдуу жеткирип берүүчүлөрдүн электрондук форматта сатып алууга катышууларында татаалдыктарды жаратат.

Казакстан тарап Астанада ачылган “Астана” эл аралык финансы борборунун (АЭФБ) базасында электрондук ID боюнча техникалык маселени чечүүнү сунуштады. АЭФБда катталып жаткан компаниялардын мисалы катарында жөнгө салуучу кумдарды колдонсо болот, деп ишенишет казакстандык серепчилер.

ЕАЭБдин санариптик күн тартибиндеги артыкчылыктуу долбоорлордун бири болуп ЕАЭБдин санариптик транспорттук каридорлордун экосистемасын түзүү болуп саналат. Азыркы учурда Казакстан жана Орусия эки эксперименталдык долбоорду ишке ашырып жатат. Алар санариптик транспорттук коридорлорду түзүүгө багытталган.

Биринчиден, бул ЕАЭБ товарларынын санариптик планформасынын базасында тамекини жана тамекиден жасалган өнүмдөрдү маркировкалоо боюнча пилоттук долбоор. Демилгени 2019-жылдын 31-мартына чейин ишке ашыруу ландалып жатат. Бул эксперименталдык долбоор ЕАЭБдеги түзүлүп жаткан товарлардын санарипти көзөмөлдөө системасынын бир бөлүгү болуп калат жана жалпы санариптик көзөмөлдөө архитектурасынын принциптерин түзүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Экинчи долбоор навигациялык пломбаларды колдонуу менен тамеки ташуудагы авто унаалык транзиттик маниторингди өзүнө камтыйт. Эксперимент 2018-жылдын 1-октябрына чейин аягына чыгуусу пландалган. Ага эл аралык транзиттик жүктөрдү ташууну көзөмөлдөө системасынын улуттук операторлору катышат. Армения, Белорусия жана Кыргызстан экспериментти жүргүзүүгө даярдыгына жараша кошулары болжолдонууда.

Санариптик транспорттук оридорлорду түзүү транспорттук тейлөөлөрдүн жалпы рыногун түзүүгө жана ЕАЭБдин бирдиктүү транспорттук мейкиндигин түзүүгө мүмкүндүк берери белгиленет. Бул Биримдиктин транзиттик дараметинишке ашырууга мүмкүндүк берет, административдик тоскоолдуктарды төмөндөтөт, инфра түзүмдүк долбоорлордун өзүн өзү актоосун тездетет. Мындан тышкары, транспорттук кызматтардын натыйжалуулугу, жеткиликтүүлүгү жана коопсуздугу жогорулайт, ошондой эле алардын өздүк баасы төмөндөйт.

Аягында, ушул жылдан тартып Евразиялык экономикалык комиссия “Евразиялык санариптик платформалар” деген эл аралык инновациялык долбоорлордун сынагын өткөрүп жатат, анын жыйынтыктары “Евразия жумалыгы” форумунда көрсөтүлөт, ал октябрда Ереванда өтөт. Сынак Интеграциялык маалымтаттык системаны өнүктүрүүгө маанилүү салым кошо ала турган компанияларды жана долбоорлорду аныктоого багытталганы айтылып жатат.

Сынактын тандап алуу баскычтары буга чейин Кыргызстанда, Казакстанда, Белорусияда жана Орусияда өттү.

Астанда өткөн жарым финал 3-июлда өткөн  IТ-стараптарынын Astana Hub эл аралык технопаркынын ачылышына туура келди. Казакстандагы сынактын баскычынын жеңүүчүлөрү болуп жүк ташууларды, логистиканы, транс чек аралык сооданы санариптештирүүгө арналган Apilog.kz булуттуу сервиси, мамлекеттик салып алууларды пландоодо, тариздөөдө жана төлөөдө экономикалык жана коррупциялык тобокелдиктерди аныктоочу “Мамлекеттик сатып алууларда тобокелдиктерди аныктоо” системасы, Smart Satu өндүрүүчүлөр, дистрибьюторлор жана соода түйүндөрү үчүн », b2b-платформасы, ошондой эле балдарды кулинарияга үйрөтүүчү “Маша жана аюу: бирге даярдайбыз” оюну аныкталды.  

Муну менен, ЕАЭБ аянтчасы биримдиктин чегинде калыптанып калган казактсандын IT-долбоорлорун мүмкүн болгон ирилештирүү аркылуу да, ошондой эле бирдиктүү платформаларды – мисалы, санариптки транспорттук коридорлорду түзүү аркылуу, жана да биримдиктин деңгээлинде сынактык негизде казакстандык компаниялардын жана алардын долбоорлорун жайылтуу аркылуу казакстандын IT-тармагынын дараметин аныктоо үчүн иштеп жатат.

Булак: http://iq.expert/last-news/?ELEMENT_ID=595