Орусия КМШнын, анын ичинде Борбордук Азиянын ар бир өлкөсүндөгү орус мектептерди колдоого даяр.
Орусия Федерациясынын катышуусу жана патронажы менен билим берүү программалары Борбордук Азияда, анын ичинде Кыргызстанда кеңейиши керек.
Бул тууралуу Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавровдун Кыргыз-Орус славян университетинде окуган лекциясынын жүрүшүндң белгилүү болду. Министр Кыргызстандагы орус тилдүү мейкиндик эң жогорку деңгээлдеги колдоого ээ экендигине ишенерин айтты.
— Кыргызстандын бийлиги орус тилдүү мейкиндикти кыскартуу максатын көздөп жатат деп ойлобойм. Бүгүн Кыргызстандын президенти менен болгон жолугушууда орус тили кыргыз эли үчүн жеңиштин тили, бул КМШ мейкиндигинде жумушка орношуу үчүн кошумча мүмкүнчүлүк деп, орус тилдүү мейкиндикти бекемдөөгө жана кеңейтүүгө өзүнүн кызыктар экендигин тастыктады. Бирок, конткретүү кырдаал пйда болгондо, тишелүү түзүмдөр өз ара келишип алышы керектир, - беп билдирди орусиянын ТИМнин башчысы.
“Деловая Евразия” билдиргендей Сергей Лавров Бишкекке 4-февралда келип кетти. ТИМ башчысынын иш сапарынын максаты орусиянын президенти Владимир Путиндин мамлекеттик сапарына даярдык көрүү жана өкмөттөр аралык комиссиянын тапшырмасына аткаруу үчүн келген. Министри өзүнүн кыргыз кесиптеши, өлкөнүн президенти менен жолугуп, КОСУга барып, эл аралык күн тартиби, андагы Кыргызстан менен Орусиянын орду жөнүндө лекция окуду.
Дипломат Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен жолугушууда бир катар маселелерди айтып өттү. Мисалы, анын сөзү боюнча, кыргыз лидери Орусия менен болгон өнөктөштүк байланыштан стратегиялык маанини көрөт, тактап айтканда орус тилин өнүктөрүү аркылуу билим берүү чөйрөсүндө.
— Кыргызстандын президенти менен жолугушуу болду, ал Кыргызстанда билим берүүнүн өнүгүшү өлкөдө орус тилинин расмий тил катары өнүгүшү менен байланыштуу экенин белгиледи, - дейт орусиянын ТИМнин башчысы.
Региондогу орус тилинин ийгиликтүү өнөгүүгүнө мисал катары Тажикстанды айтты. Ал жакта орусиялык устаттардын катышуусу менен ушул өлкөнүн мугалимдерин окутуу боюнча долбоорду активдүү ишке ашырып жатышат.
— Бүгүн Сооронбай Шарипович Жеенбеков Кыргызстандын жетекчилиги орус тилдүү мейкиндикти өнүктүрүүгө жана сактоого, аны кеңейтүүгө кызыктар экендигин айтты. Баса, сиздерге коңшу Тажикстандын тажрыйбасы бар, ал жакта орус тили сабагынын мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу прогаммасы эки жылдан бери ишке ашырылып келет. Ал тажикстандык мугалимдердин орусиянын жогорку окуу жайларында стажировка өтүүсү аркылуу ишке ашырылат. Ушул эле ыкма менен орусиялык тажрыйбалуу мугалимдердин Тажикстанга иш сапарына баруусу аркылуу дагы жүрөт. Биздин өлкөнүн президенти ушул сыяктуу иш-чараларга кызыктар экендигин көрсөтүп жатат, - деп билдирди министр.
Ал Кыргыз-Орус славян университетинин ректорунун ишин белгилеп өттү, бирок Кыргызстандын аймактарында программанын кыйла терең ишке ашырылышы керектигин баса белгиледи.
— Мугалимдер жетишпеген тоолуу райондорго көбүрөөк көңүл буруу зарыл, - деп белгиледи Сергей Лавров.
Орусиялык билим берүү программаларын КМШ жана Борбордук Азия мейкиндигинде кеңейтүү жана жайылтуу интеграциялык биримдиктердин катышуучуларынын өз ара өнүгүүсү үчүн маанилүү шарттардын бири экендигин белгиледи министр.
— Борбордук Азияда эки университет бар – Бишкекете жана Дүйшөмбүдө. Ашхабадда Пушкин атындагы орус мектеп ачылды, ал орус билим берүү программаларына негизделген – азыр орус тили кыйла кеңири үйрөтүлүп жатат, бул жакта дагы, тажикстанда дагы. Биз Орусия Федерациясынын программасы боюнча окуткан орус мектептери бир эле Борбордук Азияда эмес, КМШ өлкөлөрүнүн ар биринде болушун каалайбыз. Анткени, бул эки диплом берген биздин университеттен билим алууга жардам берет (КОСУ). Мына ушул өз ара толуктоо, өз ара алмаштыруу – абдан маанилүү, бул жатта окутуучуларды, профессорлорду алмаштырууга, стажировка өтүүгө, ошондой эле орус тилинен сабак берүүгө мүмкүн болот. Мунун баары кыргыз жетекчилиги үчүн абдан маанилүү экендигин көрүп жатабыз, - деди Сергей Лавров.