Орусиянын президенти Владимир Путин 18-19-октябрда Өзбекстанга мамлекеттик иш сапары менен барат. Бул сапардын жүрүшүндө дароо бир нече ири масштабдагы иш-чаралар пландалган, ал эми сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча – документтердин чоң пакетине кол коюлат.
Орусия лидеринин республикага болгон сапарында эмнени күтүүгө болот жана эки тараптуу мамилелер азыр кандай деңгээлде, Спутник Өзбекстан Ma'no изилдөө демилгелерин колдоо борборунун башчысы Бахтияр Ергашевден билди.
— Эки өлкөнүн лидерлери, ошондой эле Орусия жана Өзбекстандын ар кандай мекемелеринин башчылары акыркы жылдары эки тараптуу жана регионалдык аянттарда тыгыз байланышта болууда. Өзбек-орус мамилесинин деңгээлин кантип баалайсыз жана муну сапаттуу секириктин баштапкы чекити катары эсептесе болобу?...
— Менин көз карышымда, Өзбекстан менен Орусия ортосундагы динамикалуу өнүгүп келе жаткан мамилелердин импульсу Шавкат Мирзяёвдун 2017-жылдын апрель айындагы Москвага иш сапары себеп болду. Бул эки тараптуу мамилелердеги анык бурулуш жасоонун аракети болду жана ал ишке ашты. Сүйлөшүүлөрдүн натыйжасы чынында эле таасирдүү болгон: 15 миллиарддан ашуун база макулдашылган, алардын басымдуу бөлүгү - инвестициялык долбоорлор. Ар кандай мекемелердин ортосундагы кызматташтык жөнүндөгү макулдашуулар, эң башкысы – бүгүнкү күнү жемиш берген анык “жол картасынын” принциби.
“Жашыл коридор” деп аталган өзбек айыл чарба азыктарын ачуу жөнүндөгү келишим ачык мисал болуп бере алат, бул жашылча жемиштертерди бир нече жолу Орусияга жеткирүүнү көбөйтүүгө мүмкүндүк берди. Ушул жылдын 6 ай ичинде эле экспорт 2017-жылдын ушул эле мезгилине салышмалуу 70%га өстү.
Белгилүү бир “жол карталарын” иштеп чыгуу жана ошол жерлердеги белгилүү бир долбоорлорду ишке ашыруу механизми эки өлкө ортосундагы мамилелердин жогорку деңгээлин көрсөтөт. Бул ниет тууралуу жөн гана деклария эмес, белгилүү бир тармактагы натыйжага көңүл буруу.
Андан кийинки Москвада өткөн жылдын жазында иш сапарынын алкагында алдыдагы иш-чаралар үчүн негиз салган – биринчи аймактар аралык өзбек-орус форуму. Анткени, Владимир Путин менен Шавкат Мирзиеёв Кремлдеги жолугушуусу өлкөлөрдүн аймактарындагы өз кесиптештери менен активдүү байланышууга, экономикалык мамилелерди түзүүгө, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга түрткү болду. Мындай күчтүү баштоодон кийин бардык деңгээлдерде активдүү иш башталды. Аскердик- техникалык кызматташтык да өнүгүп жатат. Ми-35 орусиянын аскердик тик учактарын жеткирүү боюнча келишимге кол коюлду, биргелешкен аскердик машыгуулар болуп өттү, аскердик билим берүү программасы ишке ашырылууда. Жакында эле, КМШ өлкөлөрүнүн коргоо башчыларынын кезектеги жыйынынын алкагында аскердик авиация үчүн аба мейкиндигин биргелешип эркин пайдалануу жөнүндөгү келишимге кол коюлду. Бул дагы Ташкент менен Орусиянын ортосундагы стратегиялык мамилелердин демонстрациясы.
Владимир Путиндин Өзбекстанга болгон азыркы иш сапары – буга чейин ишке ашкан макулдашуулардын логикалык уландысы жана эки өлкөнүн ортосундагы мамилелердин жаңы этабы.
— Орусия лидеринин иш сапары абдан мазмундуу болору күтүлүүдө: бул Өзбекстандагы алгачкы атомдук электр станциясынын курулушун баштоо жана дароо эки ири форум – аймактар аралык ЖОЖдор жана жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр. Сиздин көз карашыңызда, алдыдагы жолугушуунун негизги жыйынтыгы кандай болот?
— АЭС курулушунун башталышы – бул эки өлкөнүн ортусундагы стратегиялык байланыштарын мындан ары да бекемдөөчү, Өзбекстан үчүн абдан маанилүү жана көптөн күткөн долбоор болуп саналат. Бул орусиялык инвесторлордун катышуусу менен болгон республикадагы масштабдуу долбоорлордун биринчиси эмес. “Лукойл” компаниясы менен курулган Бухара облусундагы газ иштетүү комплекси же Ташкент жана Каракалпакстандагы ири металлургиялык заводдордун курулушун эске салуу. Мындай долбоорлор барган сайын көбөйүүдө.
Дагы бир маанилүү учур, мен буга чейин белгилеп кеткендей, аскердик-техникалык чөйрөдөгү кызматташтык. Мында коопсуздукка өзгөчө көңүл бөлүнөт.
Бирок, сүйлөшүүлөрдүн негизги өзгөчөлүгү, менин оюмча, гуманитардык компонент болот. Анын үстүнө ар кандай деңгээлдеги министрлер бизге көп жолу келди, аскер адамдары, бизнесмендер келишти, бирок менин маалыматым боюнча, Орусиянын жогорку окуу жайларына келген өкүлдөрдүн саны дароо кырктан ашты – бул Эгемендүүлүктүн бардык жылдарындагы алгачкысы. Ал эми Владимир Путиндин республикага болгон иш сапарынын алкагында өткөрүлө турган жогоркуу окуу жайлардын ректорлорунун форуму – гуманитардык чөйрөдө эки мамлекеттин ортосундагы кызматташтыктын таптакыр жаңы этабынын башталуусу болот.
Бул өз ара аракеттешүү азыр да бар – Өзбекстандагы орусиялык жогорку окуу жайларынын филиалдарын карап көрсөк, сегиз чет элдиктин бешөөсү Россия Федерациясынан.
Мындан тышкары, ал ушул жылдын жыйынтыгы боюнча алмашуу программасына ошондой эле билим берүү тармагындагы жаңы келишимдердин ондогонуна кол коюлат жана академиялык байланыштар күтүлүүдө. Орусиянын университеттеринде өзбек студенттеринин саны жыл сайын өсүп жатат – азыр 20 миңге жакын адам бар. Бул багытта өлкөлөр таптакыр жаңы сапаттуу секирик жасай алат.
— ЖОЖдор аралык гуманитардык форумдан тышкары, Ташкентте биринчи аймак аралык саммит өтөт. Сиздин оюңузча, Орусия менен Өзбекстандын бул деңгээлдеги иши кандай болуп жатат, кайсы облустар бул ишке активдүү кошулушу керек?
— Аймак аралык кызматташтыктын негиздери өткөн жылдын апрель айында эле Шавкат Мирзиёевдин Москвага болгон иш сапарында айтылган. Ошол иш сапардан кийин Орусия менен Өзбекстан аймактарынын башчылары ортосунда ондогон жолугушуулар болду. РФ субъектилеринин арасында көчбашчылар да бар. Мисалы, Татарстан өтө активдүү. Республиканын башчысы Рустам Минниханов үчүн быйылкы жылы Өзбекстанга келген экинчи иш сапары болот, анын жүрүшүндө кезектеги келишимдер менен кызматташтык жөнүндөгү келишимине кол коюлат деп ишенем.
Бул аймакта республикага сунуштай ала турган нерселер бар, өзгөчө мунай-химияда, кийим тигүү өндүрүшүндө, ошондой эле машина жасоодо .
Алдадыдагы убакытта активдүүлүк менен демилгелерди күтүүгө боло турган аймактарга келе турган болсок, менин оюмча, биринчи кезекте, Өзбекстан жакын арада өз консулдуктарын ачат. Сөз Владивосток, Казань, Екатеринбург жана Ростов-на-Дону жөнүндө болуп жатат.
Эгер биз орусиянын аймактарындагы кызматташтык үчүн түпкүлүгү кызыгуучулук жөнүндө сөз кыла турган болсок, анда мен түштүк Орусияга, айрыкча бүгүнкү күнү алар пахта өндүрүшүн жандандырууга аракет кылып жатышканына көңүл бурар элем. Аймак аралык байланыштар үчүн дагы бир маанилүү багыт – бул Сибирь. Азыркы учурда Томск облусунун өкүлдөрү гана бул иште абдан активдүү болуп жатат, биринчи кезекте гуманитардык жана илимий кызматташтыктын аркасында. Бирок, башка тармактарда да мүмкүнчүлүк бар.
— Сиздин оюңузча, транзиттик-транспорттук тармагындагы Орусия менен Өзбекстандын ортосундагы кызматташтык канчалык маанилүү? Бул мамиледе өлкөлөр бир-бирине кандай пайда алып келиши мүмкүн?
— Өзбекстандын кошуна Орто Азия, Кытай, Индия же Европага гана эмес, ошол эле учурда Орусиянын өзүнө да кызыктуу болгон өтө жогорку транзиттик мүмкүнчүлүктөрү бар. Эгер ошол эле Индия өзүнүн товарларын түндүккө ыңгайлуу жана тез жеткирүүгө кызыктар болсо, анда негизинен Борбордук Азияга алып барган Каспий аркылуу өтүүчү жолдон тышкары, Пакистан, Ооганстан, Өзбекстан жана Казакстан аркылуу Орусиянын чыгыш региондору – Урал менен Сибирге товарларды жана жүктөрдү ташуу үчүн, ага борбор азиялык вариант дагы пайдасын тийгизиши мүмкүн. Бул максатта Индияга алгач Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, андан кийин орусиянын лидери Владимир Путин барып келди.
Өзбекстан транспорттук коридорлорду жигердүү өнүктүрүүдө, анын ичинде Ооганстан сыяктуу маанилүү, бирок татаал багытта. Азыртадан эле Термез - Мазари-Шариф темир жол долбоору ишке ашырылып, бул ишти андан ары Гератка кеңейтүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Келечекте бул түштүк деңизине жетүүгө мүмкүнчүлүк берет жана “Түндүк-Түштүк” деп аталган багыттын маанилүү бир бөлүгүнө айланат.
— Акыркы күндөрү эки тараптуу , аймактык, атүгүл глобалдык деңгээлдеги борбордук сүйлөшүүлөрдө ооган темасы негизги болуп калды. Бүгүнкү күндө Ооганстандагы кырдаалды жөнгө салууда Орусия менен Өзбекстандын кандай позициялары бар жана бул маселелер иш сапарынын жүрүшүндө талкуулана турганы канчалык мүмкүн?
— Эки өлкөнүн позициясы менен көз карашына келе турган болсок, анда алардын ар биринин өз кызыкчылыктарына карабай, Москва менен Ташкент үчүн бирдиктүү жана түшүнүктүү болгон жалпы учурлар бар. Биринчиден, Орусия менен Өзбекстан акыркы жыйынтыкта жана азыр бир гана нерсени каалайт – Ооганстандагы тынчтыкка жетишүү, зордук-зомбулук менен кан төгүүнү токтотуу жана карама-каршы тараптарды элдештирүү.
Экинчиден, эки мамлекеттердин позицияларын бир аз бириктирип турат, - бул ооган чыр-чатагынын бардык тараптары менен байланыш жасоого болгон даярдык. Эгер мурда биринчи кезекте Ооганстандын түндүк аймактарына ишеним артып, түштүк аймактары менен Пуштун деп аталган элементине азыраак көңүл бөлүп келсе, анда азыр РФ сүйлөшүү үстөлүнө башка ооган күчтөрүн олтургузууга даяр.
Аягында, үчүнчү орунда, бирок маанилүү эмес маселе – коосуздук боюнча. Бир нече жолу Ислам мамлекетинин согушкерлери Сирия менен Иракты талкалангандыгы тууралуу маалымдалды (террордук уюм деп таанылган жана РФ жана башка өлкөлөрдө тыюу салынган). Ооганстандын түндүк аймактарына көчүрүлдү. Ар кандай баа берүүлөр боюнча, алардын саны 6 миңден 9 миңге чейин жетиши мүмкүн, албетте, Борбор Азия менен Орусиянын өзүнө коркунуч жаратат.
Мындай шарттарда дипломатиялык күчтөр менен кошо, аскерий кызматташуусуз айланып өтүүгө мүмкүн эмес. Аскер аба күчтөрү үчүн аба мейкиндиги ачык өлкөлөр – бул өсүп келе жаткан коркунучка каршы туруу элементтеринин бири болуп саналат. Мен эки өлкөнүн көчбашчыларынын жолугушуусунун күн тартибинде ооган маселеси болоруна ишенем. Ооганстандагы кырдаал бул көйгөйдүн аскерий-саясий талкуусу жогорку деңгээлдеги ар бир сүйлөшүүлөрдүн бир бөлүгүнө айланат.