Борбордук Азия саясий регион катары өзүнө 5 өлкөнү – Казакстанды, Кыргызстанды, Өзбекстанды, Тажикстанды жана Түркмөнстанды камтыйт. Мамлекеттер өнүгүүнүн түрдүү жолу менен баратканына карабай, аларды мурункудай эле бир гана географиялык абал эмес, ошондой эле маданият жана тилдик жакындык, жалпы тарых да бириктирип турат. Экономикалык көз караштан алганда өлкөлөр эл аралык жана регионалдык соода, эмгектин жана капиталдын жылып жүрүүсү, кызматташуунун жана кооперациянын башка да формалары үчүн түрдүү деңгээлде ачык. Региондуу туруктуу өнүгүүсү үчүн мүмкүнчүлүктөр жана тоскоолдуктар жөнүндө саясат таануучу Денис Бердаков айтып берди.
- Денис Михайлович, борбордук азия регионунда болуп жаткан процесстерди анализдөө менен бүгүнкү күндө кайсы тенденцияларды (экономикалык) бөлүп алууга болот?
- Борбордук Азияда 2017-жылдын маалыматына ылайык жалпы ИДӨсү 265,2 млрд АКШ долларына барабар 71,3 млн киши бар. Калктын саны боюнча талашсыз лидер болуп Өзбекстан саналат – өлкөдө региондун калкынын 45%дан ашыгы жашайт. Экономиканын жана аймагынын көлөмү боюнча биринчи орунду Казакстан ээлейт. Ал жакта региондун ИДӨсүнүн 60% өндүрүлөт. Борбордук Азияда жаратылыш ресурстары дагы бир кылка бөлүнгөн эмес. Казакстан менен Түркмөнстан энергетикалык ресурстун запасына ээ, ошол эле учурда Кыргызстан менен Тажикстанда нефти менен газдын курч жетишсиздиги сезилет.
Борбордук Азия өлкөлөрүнүн экономикалык көрсөткүчтөрүн кылдат карап чыгалы.
Мисалы, Казакстанда экономиканын негизги тармагы болуп өнөр жай, айыл чарбасы, курулуш, соода, транспорт жана байланыш саналат. Экспорттун түзүмү кыйла туруктуу бойдон кала берет жана олуттуу өзгөрүүлөргө туш болгон жок. Республика дүйнөнүн 123 өлкөсүнө 800дөн ашык товардык позицияны экспорттойт. Бул минералдык продукттар – нефть, нефти өнүмдөрү, газ жана көмүр кычкыл газы, металлдар жана андан жасалган буюмдар, ошондой эле химия жана аны менен байланышкан өнөр жайдын тармактарындагы продукттар.
Кыргызстан. Кыргыз Республикасынын экономикасынын негизги тармактары ө айыл чарбасы, кызмат көрсөтүү, жеңил өнөр жайы, курулуш, соода, туризм. 2018-жылдыг жыйынтыгы боюнча ИДӨнүн өсүүсү республикада 3,2%ды түзгөн. Кыргызстандын Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча ИДӨ түзүмүндө кыйла чоң үлүш 2018-жылдын биринчи жарым жылдыгы боюнча кызмат көрсөтүү тармагына туура келген – жалпы көлөмдөн 47%ды түзгөн. Айыл чарбасынын үлүшү 10,2%ды түзгөн, курулуш – 6,4%. Өлкөнүн экономикасы үчүн чоң ролду эмгек мигранттарынын которуулары ойнорун бейгилей кетүү керек. 2018-жыл үчүн чет өлкөдө эмгектенген кыргызстандыктар Мекенине 2 млдр доллар которушкан, 2017-жылы бул сан 2,4 милларддан ашкан. Которулган каражаттардын 95%ын Орусиядан которуулар түзөт.
Тажикстан. Өлкөнүн негизги экспорттук өндүрүүчүсү болуп Тажик алюминь заводу саналат. Ишкана өлкөнүн бюджетине бардык валюталык келип түшүүлөрдүн 75%ын түзөт. 2018-жылы республика электр энергиясынын экспортун өстүрүүгө жетишкен. Тажикстан Республикасында өндүрүлгөн бардык электр энергиясынын үчтөн бир бөлүгү азыр Ңзбекстанга жана Ооганстанга экспорттолот.
Өзбекстан. Борбордук Азияда кыйла обочолонгон болуп Өзбекстандын экономикасы саналат. Республика кеңири ассортиментте продукциясынын пайпак жасалгаларынан тартып кийим-кече жана атайын кийимге чейин даяр текстиль продукциясын өндүрөт жана экспорттойт. (дүйнөнүн 100дөн ашык өлкөсүнө). Жакшы перспективалар кабелдик-өткөргүчтүк продукцияларды жана электротехниканы жеткирүү боюнча ачылып жатат. Электр тиричилик продукцияларын чыгаруу боюнча өндүрүштүк кубаттуулуктар динамикалык түрдө өнүгүп жатат. Бүгүнкү күндө Өзбекстанда смартфондор, планшеттер, LED жана LCD-сыналгылары, муздаткычтар, кондициялоо системалары, кыска толкундуу мештер жана башка турмуш-тиричилик техникаларынын шаймандары чыгарылып, ийгиликтүү эспорттолуп жатат. Мындан тышкары, Өзбекстан Борбордук Азияда жеңил айто унааларды жана коммерциялык техниканы толук циклде жалгыз өндүрүүчү болуп саналат. Жеңил авто унааларды жылдык өндүрүү кубаттуулугу 300 миү бирдиктен ашат.
- Эгер Борбордук Азия жөнүндө бирдиктүү макрорегион катары айта турган болсокчу?
- Борбордук Азия башынан эле бирдиктүү саясий же экономикалык регион болбогонун так түшүнүү керек. Борбордук Азиянын калкы эч убакта жалпы улуттук саясий бирдикте болгон эмес. Биз коңшуларбыз, бирок жалпы чек аралар, ашканабыз жана өз ара байланышкан инфра түзүмдүк мурасыбыз – биздин өлкөлөрдү бириктирген нерселер.
Советтик учурда Борбордук Азияда бирдиктүү өндүрүш болгон эмес (эмгекти бөлүштүрүү системасына жараша), сейрек өзгөчөлүк болуп аяктаган өндүрүштүк чынжырчанын мисалдары саналат (мисалы, болот өндүрүүдөн комбайн чыгарууга чейин). Ошондуктан, Советтер Союзунун кыйрашы региондун артка агро ишканалардын деңгээлине чейин кайтууга аргасыз кылды, ошондой эле оор өнөр жайда өтө чоң жоготуулар болду. Жеңил өнөр жайдын калдыктарын кайсы бир жерлерде сактап калууга мүмкүн болду. СССРдин бутактаган аскердик-өнөр жай комплексинин ишканаларынын бөлүгү түбөлүккө жок болду.
Бүгүнкү күндөгү экономикалык регион чек аралык соодага негизделген. Бирок, Өзбекстандын ачылышы менен Борбордук Азиянын ири диаспоралары бар бардык мамлекеттеринде, Ооганстанга чыгууга мүмкүнчүлүгү жок Түркмөнстанды кошкондо, кырдаал таптакыр өзгөрдү. Экономикалык интеграция жана регионалдык саясий диалог процесси бир топ тездей баштады. Азыркы учурда биз Кыргызстанда 2019-жылдын башында кабыл алынган “Ачык асман” долбооруна күбө болуп жатабыз, 2020-2021-жылдарга карата Өзбекстанда чоң аэропорттун курулушу аягына чыгат, ушуга эле Тажикстандын айрым ишканалары үчүн кошумча наркка салыкты алып салуу, ошондой эле борбор азиялык шенгенди түзүү кирет. Өзбескатндын ачык саясаты аркылуу атаандаштык процессин киргизүүгө мүмкүн болду. Регион ичиндеги (дүйнөлүк жөнүдө айтпай эле коюуга болот) экономикалык прогресстен тездик менен четтеп калуу коркунучун түшүнүү менен, региондун өлкөлөрү саясий таарынычтан өз ара пайдалуу экономикалык стартегияларды ишке ашырууга өтүштү.
- Региондун туруктуу өнүгүүсүнө сиздин көз карашыңызда эмне тоскоол болуп жатат? Бүгүнкү күнгө карата кандай тоскоолдуктар бар жана аларды кантип басып өтүү керек?
- Региондун өнүгүүсү үчүн чоң тоскоолдук болуп Ооганстандагы оор кырдаал саналат. Андагы туруксуздук маанилүү инфра түзүмдүк долбоорлорду ишке ашырууга тоскоолдук жаратып келет. Акыркы маалыматтар боюнча, Кабул өкмөтү өлкөнүн аймагынын жарымына азырагын контролдоп жатат, айыл жана тоолуу жерлерде Талибан бийлигин жүргүзүп келет. Долбоорлордун өздөрү жөнүндө айта турган болсок, Борбордук Азияга олуттуу транспорттук-логиятикалык кубаттуулук керектигин белгилей кетүү зарыл. Региондун географиялык өзгөчөлүгү тарнспорттук оридорлорду жана жүк ташууларды түзүүгө чектөөлөрдү коёт. Мисалы, деңизге чыгуу үчүн табигый жолу жок беш өлкөнүн үчөө жүк ташуу үчүн негизи эле жердеги транспорттук маршруттар менен пайдалынышат. Темир жол ташуулар бааларды жана жеткирүүнүн ылдамдыгы боюнча потималдуу болуп саналат. Бирок, бир катар саясий жана экономикалык себептерден улам региондогу темир жол инфра түзүмү бирдей өнүккөн жок. Анын үстүнө СССРде көптөгөн транспорттук коридорлор, анын ичинде темир жол, “Борбор-Периферия” тиби боюнча курулган, региондун транспорттук жагшынан байланышы начар бойдон калган. Жыйынтыгында биз күбө болуп жаткан региондун ири транзиттик өклөсү Казакстанда тездик менен өнүгүп жаткан тарнспорттун түрү болуп дал ушул темир жол саналат. Ал эми аны менен чектешкен Кыргызстанда СССР кулагандан бери темир жол куруу толугу менен токтоп калган. Азыр өлкөнүн аймагы боюнча жүк ташуунун чоң бөлүгү авто унаа транспортуна туура келет.
Регион транспорттук-логистикалык долбоорлордон тышкары, энергетикалык долбоорлорго да муктаж. Бир катар өлкөлөр бир эле газ же нефтинин эле эмес, электрэенргиясынын дагы олуттуу жетишсиздигин башынан кечирип келет. Ал эми бул жада калса жеңил өнөр жайынын ңнүгүүсү үчүн жагы кыйынчылыкетарды пайда кылат. Азыркы көйгөйлөрдү жоюу үчүн Советтер Союузу учурундагы бирдиктүү энерго шакекчесин калыбына келтирүүгө аракет кылып көрүү керек. СССРдин Борбор Азиялык энергеликалык системасы региондун иштеп чыккан кубаттуулуктарынын жүгүн баланстап, электрэнергиясынын жетишсиздигинен качууга жардам берип келген. Ошондой эле, ал ар бир өлкөнүн географиялык жана геологиялык өзгөчөлүктөрүн колдонуунун эсебинен электрэнергиясынын баасын төмөндөтүүгө таасир эткен. Бул кыргызстандагы жана Тажикстангы гидроэлектростанциялы (ГЭС), Өзбекстандагы жана Түркмөнстандагы газ менен иштеген же Казакстандагы катуу отун менен иштеген жулуулук электрстанциялары (ЖЭС). СССРкулагандан кийин система инерция боюнча кайсы бир убакытка чейин иштеп жатты, анткени альтернативасы жок болчу. Алар пайда болгон учурда эгерго шакек кыйрап калды. Алгач Казакстандын эгергосистемасы бөлүнүп кетти, андан кийн аны 2003-жылы Түркмөнстан, андан кийин Өзбекстан 2009-жылы таштай качышты.
Региондогу электрэнергиясынын жетишсиздиги маселеси чечүүдөн алыс. Бирок, өлкөлөр Борбор Азияда акырындык менен бирдиктүү энергетикалык мейкиндикти жана рынокту калыбына келтирүү керектиги жөнүндө түшүнүүгө келе башташты. Жакшы ишке ашкан учсурда региондун өлкөлөрүнүн энергетикалык коопсузудун кепилдеген бул ири долбоорду ишке ашыруу үчүн бир нече маселени чечүү керек: бул иштеп чыгуучу кубаттуулуктарды түзүү жана болгон эгерго тармактарынын инфра түзүмүн калыбына келдирүү. Азыркы учурда бир гана Казакстан жана Түркмөнстан электр энергиясынын ашыгына ээ, калган өлкөлөр мезгил-мезгили менен же туруктуу таңкыстыкты башынан кечирип келет.
Ушул баскычта өлкөлөрдүн ар биринде энергетикалык секторду өнүктүрүүнүн өзүнүн программасы бар. Региондун алдыңкы өлкөлөрү жаңы долбоорлорду ишке ашырууга же эскилерин оңдоого каражаттары бар туруп, жеке өсүп келе жаткан керектөөлөрдү жөн эле жаап эле койбостон, энергоресурстарды экспорттоочулардын рыногуна чыгууга запас топтоону каалашат.
Өзбекстан атомдук электр станциясын курууну баштоонун алдында турат. Азыры долбоордун негизги өнөктөшү – орусиялык “Росатом” корпорациясы менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Эки энергоблокту колдонууга берүү 2028-жылга белгиленген. Пландалган суммалык кубаттуулугу – 2400 МВт, ал Андижан, Наманган жана Фергана областтарын жабдууга жетет, бул аймактар Өзбекстанда энергиянын таңкыстыгын башынан кечирип келет. 2020-жылы энергияны колдонуунун өсүүсү 15,5% болору күтүлгөнүнө карабай, Ташкент долбоор аягына чыгары менен энергияны жалпы рынокко жеткирүүчүгө айланат деген олуттуу божомолдор сакталып келет. Казакстан азырынча Борбор Азиянын энергетикалык борборуна айлана албайт – инфра түзүмүнүн абала мүмкүндүк бербейт. Анткен менен, 2020-жылга карата өлкөдө АЭС куруу планы жөнүндө 2010-жылы эле айтылган. Тажикстан 2018-жылдын ноябрында Рогун ГЭСнин пландалган алты агрегатынын биринчисин ишке киргизишти. ГЭСтин суммалык иштеп чыгуусу саатына 17 млрд кВт жогору болушу керек. Бирок, ушул долбоорду ишке ашыруу тарыхынан жана каражаттын таңкыстыгынан улам долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү үзгүлтүккө учурашы мүмкүн. Жакынкы учурда өлкө энергетикалык каатчылыкты жеңбейт деген божомол бар. Азыркы баскычта Рогун ГЭСнин электр энергияны иштеп чыгуусу өсүп жаткан калктын керектөөлөрүн жаап жатат жана болгон өнөр жай объектилеринин керектөөлөрүн канааттандыра алат, бирок жыл бою экспорттук жеткирүүлөрдү камсыз кыла албайт.
Кыргызстандагы иштеп чыгуучу кубаттуулуктарды куруу боюнча иш-чаралар - Камбар-Ата ГЭСин жана Жогорку Нарын ГЭСинин каскадын куруу токтотулган. Станциялардын айланасындагы эң активдүү окуялар болуп Бишкек менен болбой калган инвестор – орусиялык “РусГидро” компаниясынын ортосундагы соттук териштирүүлөр саналат. Объектиде иштерди кайра жандандыруу мөөнөтү азырынча айтыла элек. Жакынкы беш жылга болгон пландарда өлкөнүн ички керектөөлөрүн жабдуу үчүн кичи ГЭСтердин комплексин колдонууга киргизүү белгиленген.
Туркмөнстан “2013-2020-жылдарга карата электр энергиясынын тармагын өнүктүрүү концепциясына” ылайык 14 жаңы газ түтүктүү электр станцияларын куруп жатат, ошондой эле колдонуудагы кубаттуулуктарда оңдоо-түзөө иштеринен өткөрүүдө.
Энергиянын альтернативдүү булактары жөнүндө айтып жатып, мисалы Өзбекстанда 2013-жылы эле күн панелдерин өндүрүү ишке киргизилгенин кошумчалап кетейин. Өлкөдөгү күн энергиясынын дарамети, серепчилердин баасы боюнча, 51 млрд тонна нефти эквивалентин түзөт.
Региондун соода-экономикалык өнүгүүсүнүн жолундагы тоскоолдук болуп катуу көзөмөлгө алынган чек арадагы контролдон улам өз ара ишенбөөчүлүк саналат. Бул маселеде бир эле өлкөлөрдүн макулдашуусу эмес, алардын бардык регионду камсыз кылууга жөндөмдүү экспорттук тармактарга ынтоо коюусу маанилүү. Мисалы, пахтаны кайра иштетүүдө күчтүү болгон Өзбекстан Кыргызстан менен координациялашууда көлөмдөгү продукцияны Орусияга жана чыгыш европа рынокторуна экспорттой алат. Кыргыз тигүүчүлөрү ал жакта жакшы байланыштарга, схемаларга жетишкен, аларда зарыл болгон көлөм, өлчөи жана стандарттар жөнүндө билим бар. Мындан тышкары, Кыргызстанда эки жылдан бери текстиль заводу ийгиликтүү иштеп жатат. Тажикстан акыркы 3-4 жылда байпай, жүн иштетүү кубаттуулуктарын кабылына келтирип, өнүктүрө алды. Мыны менен, Өзбекстан, кыргызстан жана Тажикстан кластер түзө баштады. Фунитура менен байланышкан учурларды иштеп чыгуу, маркетинг иштерин күчөтүү жана ири рынокторго бирдиктүү фронт менен чыгуу гана калды.
Ушундай эле кырдаал тамаш-аш өнөр жайында көздешет. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын мөмө-жемиштеринин маанилүү бөлүгүн тажик ишкерлери салып алып, кургатып, андан кийин Орусия менен Казакстанга дүңүнөн сатышат. Региондо бирдиктүү агрохолдингди түзүү (кем дегенде Өзбектснадын, Тажикстандын, Кыргызстандын катышуусу менен) өндүрүштү ирилештирүүгө, таңгактоонун, маркировкалоонун кыйла жогорку стандарттарынны сапатына жетүүгө жана маркетингге маанилүү каражатты коротууга мүмкүндүк берет. Мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу керек. Кытайга Кыргызстан аркылуу мөмө-жемиштердин чоң көлөмүн экспорттоо керек. Анткени, Борбор Азияда Кыргызстан Кытай менен “жашыл коридор” жөнүндө макулдашуусу бар жалгыз өлкө. Республика бул мүмкүнчүлүктү колдоно албайт, анткени керектүү товардык көлөмгө, ошондой эле өтө өзгөчүү кытай рыногундагы маркетинг үчүн каржы каражатына ээ эмес. Мисалы, өзбек ишкерлери менен кызматташтык бирдиктүү рынок түщзүүгө мүмкүнчүлүк жана Кыргызстандын маркасы астында Кытайга же ЕАЭБдин 180 миллиондук рыногуна мөмө-жемиштерди жөнөтө бермек. Анткени, Өзбекстанда бүгүнкү күндө жүздөгөн гектарларга алма жана алча өстүрүлөт, анын үстүнө кыйла бирдей жана тутумдуу өстүрүлөт.
Өзгөчө жеңилдиктер жөнүндө айта турган болсок, 2016-жылдын башында Кыргызстан Евро биримдиктин Баарына жалпы өзгөчө жеңилдиктердин схемасы+ (БЖС+) статусуна ээ болгон. Ал кыргыз өндүрүүчүлөрүнө Европага нөлдүк тариф чен менен 6,5 миң товардык позиция боюнча экспортоо укугун берет. Муну менен, регион үчүн бир нече миллиондуу европанын рыногуна чыгууга жол ачылып жатат.
- Сиз регион инфра түзүмдүк, баарынан мурун – энергетикалык жана транспорттук долбоорлорго муктаж деп айттыңыз. Азыркы учурдун кайсы долбоорлору, сиздин көз карашыңызда, Борбордук Азиянын бардык өлкөлөрүнө пайда алып келет жана андан аркы экономикалык интеграцияга таасирин тийгизет?
- Кыйла келечектүү CASA-1000 долбоорун эсептөөгөө болот. Долбоор Кыргызстандан жана Тажикстандан коңшу Ооганстанга жана Пакистанга электр энергиясын экспорттоону карайт (келечекте Индияга дагы). Долбоорду ишке ашыруу 1 миллиард АКШ долларынын тегерегиндеги акчаны түзөт. Бүткүл дүйнөлүк банктын, Европа инвестициялык банктын жана Ислам өнүктүрүү банкынын насыялык каражатына куруу пландалып жатат. Бир катар ири дүйнөлүк банктар андагы өтө чоң тобокелдиктерди көрүп, каржылоодон баш тартты.
2018-жылдын сентябрында Алма-Ата шаарында биргелешкен жумушчу топтун жана CASA-1000 долбоорун ишке ашыруу боюнча Өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги отуруму өттү. Бардык болжолдуу шарттар аткарылгандыктан, жолугушууну катышуучулары Башкы макулдашуунун күчүнө кирүүсү жөнүндө сүйлөшүштү.
Долбоордун расмий сайтында көрсөтүлгөндөй, долбоорду ишке ашыруу үчүн төмөнкүлөрдү куруу керек:
- 500 кВ кубаттуулугу менен “Датка” көмөк чордонунан “Сунг-500гө” чейинки электр өткөрүү чубалгыларын (477 км);
- Сангтудда 1300 мВт өткөрүү жөндөмдүүлүгү менен конвертердик көмөк чордон;
- Сангтуддан Новшерге чейин 750 кмге созулган туруктуу агым менен жогорку вольттуу электр өткөрүү чубалгыларын;
- Новшерде 1300 мВт өткөрүү жөндөмдүүлүгү менен конвертердик көмөк чордон.
Эми демилгелүү пландарды толук кандуу ишке ашыруу үчүн эки гана нерсе жетишпейт – каржылоо кепилдиги жана Ооганстандын аймагы боюнча коопсуз коридор. Ийгиликтүү ишке ашса, бул электр энергиясын сатуудан валюталаык киреше алып келген Кыргызстан менен Тажикстандын таңкыс бюджетин толуктоого мүмкүндүк берет.
Ушул долбоорду ишке ашырууга баарынан да Тажикстан абдан кызыктар, ал акыр аягы өзүнүн “кылымга тете курулушун” дээрлик бүтүрдү жана Рогун ГЭСинин биринчи агрегатын ишке киргизди. Рогун келечекте электр энергиясын чет өлкөгө экспорттоо максатында курулган, ушул жол менен гана бүткүл Тажикстандан акча чогултулуп курулган кымбат баалуу ГЭС өзүн өзү актай алат.
Борбордук Азиянын ГЭСтеринин бир кемчилиги бар, бул суу тартылган мезгил (негизи кышкысын), анда чоң көлөмдөгү электр энергиясын иштеп чыгуу мүмкүн болбой калат. Бул туруксуз жеткирүүлөргө алып келет. Келечекте бул көйгөйдү жарым-жартылай Өзбекстан чечиши мүмкүн. Ал Орусия менен атомдук электростанциясын куруу жөнүндө макулдашууга жетишти. Теориялык жактан АЭСтен жеткирүүлөр тажик жана кыргыз ГЭСтеринен төмөндөгөн мезгилдик кубаттуулуктардын ордун толтура алат. Бийликке Шавкат Мирзиёев келгенден кийин расмий Ташкент регионалдык долбоорлордун өнүгүүсүнө кызыктар экендигин көрсөтүүдө жана аларга катышууга даяр. Ошондуктан, бул багыттагы сүйлөшүүлөр абдан келечектүү.
“Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жол магистралы
Миң жыл мурун Борбордук Азия аркылуу ислам мамлекеттери жана андан ары Европага Кытайдан Улуу жибек жолу өткөн. Деңиз соодасынын өсүүсү менен ушул байыркы соода жолу иштебей калган. Эми азыр аны кайра жандандыруу мүмкүнчүлүгү пайда болду.
Кытайдан Кыргызстанга жана андан ары Өзбекстанга, башка өлкөлөргө темир жол куруу жөнүндө сүйлөшүүлөр жыйырма жылдан ашык жүргүзүлүп келет. Кытай өзүнүн товарларынын экспортун диверсификациялоого аракет кылып жатат. Анткени, экспорттун чоң бөлүгү деңиз жолу аркылуу ишке ашырылат. Ал мүмкүн болуучу АКШ жана башка деңиз державалары менен жаңжалдан улам начар болуп саналат.
2002-жылы кытай тарап долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин даярдап чыккан, темир жолдун болжолдонгон маршруту аныкталган. Тоолуу рельефтен улам курулуштун эң татаал участогу Кыргызстанга туура келет, Кыргызстан боюнча маршруттун узактыгы 268 километрди түзөт. Долбоор ондогон көпүрөлөрдүн жана тоннелдердун курулушун караштырат. Буусы 2 миллиард долларга бааланган – Бишкек үчүн абдан чоң сумма.
Экспортко багытталган кытай экономикасы үчүн Жакынкы Чыгыш жана Европа өлкөлөрү менен соода мамилесин сактап калуу абдан маанилүү. Бирок, темир жолдун курулушу жолдун көлөмүнөн каржылоонун кепилдигине чейин барып такалат. Пекин долбоорду толук каржылоого даяр, бирок инвестор катары эмес, насыячы катары салым салууга ниеттенүүдө. Аны менен салынган каражаттардын кайтарылуусун, же кен байлыктарды иштетүүгө кепилдиктерди талап кыла алат. Бул дароо эле Кыргызстандын калкынын нааразычылыгын пайда кылды.
Долбоор ишке ашып калса, жаңы темир жол Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн Иран, Түркия жана түштүк Европа багытындагы жаңы рынокторду ачып берет, алардын жеткиликтүүлүгү логистикалык жактан жеңил болот. Индустриалдык жактан жаңыдан өнүгүп жаткан өзбек экономикасы өндүрүштү өнүктүрүү үчүн жаңы дем алат, бул башка өлкөлөрдү өзүнүн артынан тартууга коломотив болуп калышы мүмкүн.
- 2018-жылдын күзүндө мамлекет башчыларынын деңгээлинде Делиде өткөн индия-орусия бизнес-саммитинин аякташы боюнча көптөгөн ЖМКлар Индия, Орусия жана Кытай Борбордук Азия мамлекеттеринде өздөрүнүн кызыкчылыктарын активдүү айкалыштырып жатат деп жазышкан эле. Ар бир аталган өлкө менен кызматташтык азыр кандай баскычта турат?
Борбордук Азия жана Кытай
- Пекин Борбордук Азияда “Бир алкак – бир жол” концепциясын активдүү жана кыйла ийгиликтүү жайылтып келет. Кытай үчүн бул альтенативдүү тарнспорттук оридорлорду куруу боюнча зарыл болгон чаралар, алар келечекте Деңиз Жибек жолунун маршрутун толуктайт.
Муну менен, Кытай контингенттин ири рынокторуна өзүнө жол ачат: Европалык биримдиктин, Перс булуңунун жана башкалардын рыногуна.
Борбордык Азиянын кыргызстан жана Тажикстан сыяктуу айрым өлкөлөрүнүн жада калса өздөрүнүн долбоорлоруна каражаты жоктугун жакшы түшүнүү менен кытай акырындап ушул көйгөйдү чечип келет. Кытай инфра түзүмгө инвестиция салып, пайдалуу кен байлыктарды калып алуу менен бир жагынан өзүнө зарыл болгон сырьёнун жана энергиянын агымын камсыздап жатат, экинчи жагынан өзүн-өзү жумуш менен камсыздоодо.
Мындай узак мөөнөттүү стартегия начар экономикасы бар өлкөлөр үчүн кооптуу, өнөр жай гиганттары үчүн пайдалуу. Коңшулардын өсүп жаткан каржылык көз карандылыгы Пекинге маанилүү долбоорлорду макулдашууда биринчилерди кыйла сүйлөөк кылат. Талаш же тоңдурулган демилгелер бүгүнкү күндө анчалык көп эмес. Бул “Борбордук Азия-Кытай” газ түтүгүнүн төртүнчү батыгы. Ал болжол менен Кыргызстандын жана Тажикстандын аймагы аркылуу өтүшү керек. Кыргызстан аркылуу Өзбекстан жана кытайдын аймагына чейин созула турган темир жол магистралы. Бул долбоорго каршы Москва жана Астана чыгууда. Өлкөлөрдө буга өздөрүнүн геосаясий, экономикалык жана аскердик мүнөздөгү себептери бар.
Борбордук Азия жана Орусия
Орусия Борбордук Азия ъчън негизги өнөктөш болгон жана кала берет. Региондун беш өлкөсүнүн экөө – Казакстан жана Кыргызстан евразиялык экономикалык биримдикке кирет. Бул башынан эле Кытайдын өсүп келе жаткан демилгелеринен өзүнүн экономикасын сактоо максаты менен жеке рынок түзүүнү көздөгөн биримдик.
Тажикстан ЕАЭБге кирбейт. Бирок, анткен менен Москвадан экономикалык жактан олуттуу көз каранды. Анткени тажикстандыктардын бир бөлүгү Орусияда иштеп жүрүшөт, мекенине акча которуу менен өлкөнүн экономикасын бир агымда кармап турушат.
Өзбекстан дагы ЕАЭБге кирбейт. Бирок Орусия Ташкенттин негизги соода өнөктөшү бойдон кала берет. Ачыктык саясатын карманып, өзүнүн экономикасын либералдаштырууга аракет кылуу менен Өзбекстан Москва менен жакындашууга аракет кылып келет.
Борбордук Азия жана Индия
Акыркы жылдары региондо Индиянын активдешүүсү башталды. 2019-жылдын башталышы менен “Индия-Борбордук Азия” диалогунун биринчи отурум менен белгиленди. Отурум Индиянын жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин деңгээлинде өттү. Иш-чаранын алкагында тараптар экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтык маселелерин талкуулашты, ошондой эле Ооганстан менен боюнча кеңири маселелердин спектрин карап чыгышты (тактап айтканда, сөз мамлекетке экономикалык өнүгүүгө жардам көрсөтүү жөнүндө жүрдү).
Индия – бул чоң экономика, болгондо да абдан парадоксалдуу. Орто эсеп менен өлкөнүн керектөөчүлөр рыногу кытайдыкынан бир топ жакыр. Бирок, ал мындан улам кызыгын жоготпойт, анткени Индияда дары-дармектин бир топ сапаттуу жана арзан рыногу бар. Көптөгөн биргелешкен потенциалдуу долбоорлор бар, алар жакынкы учурда ишке кириши мүмкүн. Болгондо да Индия менен өз ара аракеттешүүдөн бир эле казакстан же Өзбекстан гана эмес, бүткүл регион утушу мүмкүн.
- Келечекте Борбордук Азия саясий жактан интеграциялашуусу мүмкүнбү?
- Айрым изилдөөчүлөр мүмкүн болгон биригүү жөнүндө айтып келишет. Бирок, Борбордук Азия – бул саясий жактан ала, көп улутуу жана көп түрдүү регион, өлкөлөр бири-бирине аймак жана суу боюнча көп сандаган дооматтарга ээ. Эгер артка карай турган болсок, регион үчүнчү тараптардын күчү менен гана бирдиктүү боло алган. Ошондуктан, Европалык биримдик же СССРдин деңгээлинде саясий интеграция жөнүндө сөз кылууга туура келбейт. Бул жерде улуттук элиталардын регионалдык кызматташтыкты өнүктүрүү жолу менен калктын жашоосунун сапатын жогорулатууга багытталган туура саясаты мааниге ээ.
- Мазмундуу жана кызыктуу маегиңиз үчүн Сизге чоң рахмат!