Панкратов түрк өндүрүүчүлөрүнө өндүрүштүк кубаттуулуктарын Кыргызстанга алып келүүнү сунуш кылды

4 февраля 2019 Панкратов түрк өндүрүүчүлөрүнө өндүрүштүк кубаттуулуктарын Кыргызстанга алып келүүнү сунуш кылды

Экономика министри Олег Панкратов түрк өндүрүүчүлөрүнө өндүрүштүк кубаттуулуктарын Кыргызстанга алып келүүнү сунуш кылды. Анын сөзү боюнча бул пайдалуу, анткени республика чоң Евразиялык экономикалык биримдиктин мүчөсү болуп саналат, ошондой эле өлкөдө жумушчу күчү жана ресурстар арзан.

Бул сунушту Панкратов 31-январда Стамбулда өткөн Түркиянын экспорттоочулар ассоциациясынын мүчөлөрү менен болгон сүйлөшүүдө айтты.

“Кыргызстандын пайдалуу абалын, арзан ресурстарды жана жумушчу күчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасы мүчө болуп саналган эл аралык уюмдарды, макулдашууларды жана келишимдерди (КМШ, ЕАЭБ, БСУ ж.б.) эске алуу менен, министр Панкратов тарабынан түрк тарапка түрк тарапка кыйла жогорку жыйынтыкрга жетүү үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында өз ишин жүргүзүү максатында Кыргызстанга Түркиядан кубаттуулуктарды алып келүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу сунушталды”, - деп жазат маалымат кызматы.  

Булак: https://economist.kg/2019/02/04/pankratov-predlozhil-tureckim-proizvoditelyam-perenosit-moshhnosti-v-kyrgyzstan/?fbclid=IwAR0ucjebVz7k2ROJDAHGH9QVRx6FQ9T2RUEKEej5mZULWKux_-WbovqpFc4