Серепчи венесуэланын оппозициясы “чыныгы досторунун” планы жөнүндө айтып берди

31 января 2019 Серепчи венесуэланын оппозициясы “чыныгы досторунун” планы жөнүндө айтып берди

“Венесуэла менен болуп жаткан кырдаалда, эгер аларды басып алууну каалабаса, эч ким акча салгысы келмек эмес”, - деди ВЗГЛЯД гезитине саясат таануучу Дмитрий Абзалов. Ал эгер Венесуэланын бийлигине оппозиция келе турган болсо, Орусия менен түзүлгөн аскердик келишим жокко чыгарылат же кайра каралып чыгат, ал эми аскердик техниканы сатып алууну АКШ менен жүргүзөт.

Стратегиялык байланыштар борборунун президенти Дмитрий Абзалов венесуэланын оппозициясынын Орусия менен түзүлгөн аскердик келишимдер кайра каралып чыгат, ал эми техниканын өзү кымбат баа боюнча сатылган жана айтылган сапатка жооп берген эмес деген билдирүүсүнө таң калган жок. Серепчи оппозиционерлер бийликке келген учурда бардык келишимдерди карап чыгат жана орусиялык техниканы сатып алуудан баш тартышат деп ишенет.

“Эгер кимдир бирөө жеңил шайлоо жолу аркылуу бийлик алмашып, ал жаңы бийликтин колуна келишимдердин сакталуусу менен өтөт деп ойлосо, бул өтө чоң жаңылыштык, ал Бразилияда ушундай эле маневрларды жаратып жатат”, - деп эсептейт серепчи.

Анын божомолу боюнча, биринчи кезекте энергетикалык келишимдер каралып чыгат жана Венесуэлага батыштын нефти компанияларын, баарынан мунун ConocoPhillips жана ExxonMobil компанияларын кайтаруу менен жүрөт. Экинчи кезекте аскердик өнөр-жайды түзүүчү келишимдерди токтотуу менен башталат. Орусиялык курал-жарактарды сатып алуунун ордуна Венесуэла американыкын сатып ала баштайт, деп ишенет Абзалов.

“Эч ким Венесуэлада болуп жаткан кырдаалга, эгер аларды басып алууну каалабаса, акча салмак эмес. Анын схемасы төмөндөгүдөй болот: эгер өлкөнүн бийлиги алмашса, анда Венесуэле нефте өндүрүүнү өстүрө баштайт жана күнүнө 2 млн баррали өндүрүү деңгээлине жетет. Энерго алып жүрүүчүлөрдүн негизги бөлүгү Кытайга багытталбашы анык. Ал эми андан түшкөн акча каражаттарына американын аскердик техникасын сатып алуу күчөйт”,  -дейт серепчи.

Оппозициянын Венесуэланын “мыкты досторунун” тизмесин өзгөртүп, “өзүбүздүн чыныгы досторубузга кайтабыз” деген убадасы тууралуу айта турган болсок, деп белгилейт Абзалов, анда кол үзүү биринчи Каракас менен Пекиндин ортосунда жүрөт, анткени Кытай менен Венесуэланын ортосундагы жалпы каржылооунун көлөмү 60 млрд долларды түзөт.

“Ушул жаңы достор ким болору – азыр эле түшүнүктүү. Декабрда Гуайдо (өзүн Венесуэланын убактылуу президенти деп жарыялаган парламенттин спикери Хуан Гуайдо) Бразилияга, Колумбияга жана АКШга барган. Колумбия – Вашингтондун стратегиялык өнөктөшү. Бразилияда жетекчилик алмашып, ал жакта “тропикалык Трамп” (президент Жаир Болсонару) пайда болгон, ал сырткы саяси курсту кайра түздү. Схемасы болжол менен төмөнкүдөй: улутташтырууну торпедалоо аракети болот жана “америкалык кесиптештерин” кайтаруу аракети болот”, - деп болжолдойт Абзалов. Венесуэланын Боливаялык альянстан (АЛБА) чыгышы да мүмкүн.

ВЗГЛЯД гезити билдиргендей, Орусия менен болгон курал-жарак келишимдерин карап чыгуу жана аскердик продукциянын сапатынын төмөндүгү, ошондой эле “достордун тизмесин” карап чыгуу жөнүндө Вашингтондо венесуэланын оппозициясы тарабынан дайындалган атайын өкүл Америка мамлекетинин уюмунун алдында Густаво Тарре Брисеньо билдирди. Анын версиясы боюнча, Москванын алдындагы Каракастын карызынын негизи “куралдануунун” жогорулатылган баасы түзөт имиш. Тагырагы, “Сухой” бомбалоочу учактарын өткөрүп берүү толугу менен ачык болгон эмес экен, ал эми учактардын өздөрүн оппозиционер технологиялык планда “мыктылардан эмес” деп атады. Ошондой эле, орусиялык тик учактардын сапаты төмөндүгүнө даттанды, анткени алардын үчтөн эки бөлүгү жараксыз абалга келген имиш.      

Булак: https://vz.ru/news/2019/1/30/139567.html