Жакындан бери кыргыз коомунда өлкөнүн конституциясы менен бекитилген орус тилинин статусу жөнүндө сөз кыла башташты. Кызыгы бул тууралуу 2020-жылга пландалган өлкөдө өтө турган парламенттик шайлоого бир жыл калганда айта башташты. Мундан улам ушул сыяктуу демилгелер саясий упай топтоо жана шайлоочулар арасында улутчулдук маанайда колдоо үчүн көтөрүлөт деген пикирлер айтылууда. Ушундай эле пикирлер коңшу өлкөлөрдүн мамлекеттик жана коомдук жашоосунда орус тилин колдонуу маселесин өзгөртүүлөр жүрдү. Муну менен катар Кыргызстанда орус тилинин расмий статусун алып салуу республикада Орусиянын басымын төмөндөтүү үчүн жасалып жатат деген да пикирлер бар. Ошондой болсо да, серепчилер коомунун чоң бөлүгү мунун баарынан эч кандай логиканы таба алышпайт, анткени орус тили, алардын сөзү боюнча, көп ултуу Кыргызстанда пикир алуусунун жана биримдиктин тили катары пайдаланылат. Серепчилер орус тилинин жардамы менен башка – мурунку Советтер Союзу боюнча өнөктөш өлкөлөр менен түрдүү деңгээлде сүйлөшүүлөр жүрөрүнө таянышат. Мындан тышкары, орус тилин расмий статустан ажыратуунун техникалык меселени пайда кылат, анткени бул үчүн өлкөнүн Конституцияны өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл болот. Бул, серепчилердин пикиринде, азыркы учурда ишке ашпай турган нерсе, анткени парламент мындай кадамга барбайт, анын үстүнө Башкы мыйзмага өзгөртүү киргизүүгө мараторий киргизилген, бул маневрлар үчүн антты дагы кыскартат. Серепчилер акыр аягында бул мамлекетке зыян алып келерин, биздин жарандардын бир миллиондон ашыгы эмгектенип жүргөн Орусия менен болгон мамиленин начарлоосунан башка эч нерсе бербестигин кошумчалашты.
Бул боюнча мамлекеттик башкаруу маселелри боюнча саясат таануучу серепчи Шерадил Бактыгулов ар бир пикир орус тилинин статусу боюнча адамдар тобунун түшүнүшүнө негизделгендигин айтат. Мисалы, ал Казакстандагы тилдин статусунун өзгөрүшү жөнүндө сөз кылган адамдар казак тили коңшу өлкөдө колдонуларын түшүнбөстүгүн айтат.
“Ал жакта 15 жыл мурун казак тилин өнүктүрүү стратегиясы кабыл алынган. Мисалы, биз азыр күбө болуп жаткандардын баары, латын тилине өтүүнү кошкондо, ошол стратегияда жазылган. Ага ылайык, убакыт келгенде Казакстандын Президенти стратегияда жазылган процесстерди мыйзамдаштыруу үчүн тиешелүү жарлыктарды чыгарат”, - дейт саясат таануучу. Ага кошумча, “ушул себептен Казакстан менен Кыргызстандын кырдаалдарын салыштыруу – бул алма менен апельсинди салыштырууга барабар” деди.
Кыргыз коомчулугунда айтылган орус тилин статусунун ажыратуу зарылдыгы жөнүндө лозунгдарга көңүл буруу менен, серепчи, мындай билдирүүлөр 2020-жылга белгиленген парламенттик шайлоонун алдында айтылганын көрсөтөт. Ошондуктан азыр лозунгдарды иштетүү жүрүп жатат, ал коомчулуктун көңүлүн бурат, шайлоочулардын түрдүү топторунун, мекенчил маанайдагы шайлоочуларды кошкондо, колдоосуна ээ болуу мүмкүнчүлүгүн берет, - дейт Бактыгулов.
“Бул чоң чыгымдарды жана чоң күчтү талап кылбаган лозунгдар”, - деп белгилейт мамлекеттик башкаруу боюнча серепчи.
Ошондуктан, мындай сөздөр болуп келген жана боло берет, дейт ал.
Саясат таануучу дагы мындай лозунгдар шайлоочулардын жана коомчулуктун көңүлүн өздөрүнө өтө бурууну каалаган саясатчылар тарабынан шайлоого бир жыл калганда айтыларына көңүл бурду. Бактыгулов мындай идеяларды көтөргөн саясатчылар 2011 жана 2017-жылдардагы президенттик шайлоолордо эң төмөнкү орундары ээлеген жана ээлеп келе жаткандыгын эске салды. Ал эми 2010 жана 2015-жылдардагы парламенттик шайлоолордо алар жетектеген партиялар эң акыркы орундары ээлеген.
“Ошондуктан, саясий технологиялардын көз карашынан алганда, бул каржылык планда өзүнө максималдуу көңүл бурдуруунун чыгашасыз ыкмасы болуп саналат. Башкача айтканда, ушундай саясатчылар бар экендиги жөнүндө бекер промо”, - дейт серепчи.
Кыргызстанда орус тилин расмий статустан ажыратуунун процедуралык учуруна тиешелүү Бактыгулов бул үчүн орус тилин азыркы статустан ажыратуу маселеси коюла турган Конституциялык референдум өтөкрүү зарылдыгына макул болду. “Муну дагы депутаттар кыла алышат”, - дейт серепчи.
Бирок, бул маселеде бир илинчек бар, ал, Бактыгулов көрсөткөндөй, ал Кыргызстанда 2020-жылга чейин Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө болбой турган ченем бар экендиги менен байланыштуу.
“Бирок, аны айланып өтүп, өзгөртүүлөр киргизилген учурлар болгон, мисалы, депутаттардын статусу жөнүндө, ошондой эле акыркы референдум, анын жыйынтыктары боюнча азыркы Башкы мыйзамга өзгөртүүлөр киргилген”, - деп эске салды саясат таануучу.
Бактыгулов ошондой эле, Кыргызстанда орус тилин расмий статустан ажыратууга багытталган акыркы демилгеде демилгечилер Конституциялык референдум өтөкрүүнү талап кылып жатканына көңүл бурду. “Бирок, бул жерде саясий технологиялык нерсе бар, анда референдум кыйкырыгы, коомдо резонанс жараткан мындай ызы-чуу менен башка тартиптеги меселелер келип чыгат. Бул жерде өкмөттүн, парламенттин ыйгарым укуктарын өзгөртүү сыяктуу мамлекеттик башкаруу системасына тиешелүү өзгөртүү, алардын ыйгарым укуктарын көбөйтүү же азайтуу сыяктуу маселелер болушу мүмкүн”, - дейт Бактыгулов.
Демилгелеген топтун кызыкчылыктарына дал келген кыйла спецификалык формаларды көтөрүү үчүн бир коомдук резонанстуу маселе коюлган учурда мына ушундай эски практика мурункудай эле колдонулуп келет, дейт Бактыгулов, аталган учурда дагы бир жолу орус тилин расмий статустан ажыратуу жөнүндө маселе.
Саясат таануучу аталган демилге мамлекет үчүн пайдага караганда көбүрөөк зыян алып келет дейт.
“Албетте, ар бир референдум, ар бир ушул сыяктуу саясий талкуулар олуттуу маселелерден алаксытуу болуп саналат”, -дейт серечию
Ал аны менен катар бул маселеде көйгөй эмнеде экенин түшүнүү зарыл деди. Бактыгулов 2016-2017-жылдары Борбордук Азиянын 4 өлкөсүндө изилдөө жүргүзгөн Эберт фондунун көрсөткүчүн мисал келтирди, анда Кыргызстанда 14 жаштан 29 жашка чейинки жаштар арасында мамлекеттик тилди билүү деңгээли абдан жакшы экени белгиленген.
“90%дын тегерегиндеги суралгандар кыргыз тилин билерин, анда сүйлөп, жаза аларын айтышкан. Дагы 3% кыргыз, орус жана англис тилин пайдаланарын айтышкан. Бул суралгандардын 70% этникалык кыргыздар болгон учурда ушундай көрсөткүчтү берген. Башкача йатканда, жаштар арасында көйгөй чечилип жатат. Кыргыз тилин билүү көйгөйү өлкөнүн улуу муунуна жана Чүй областындагы шаар калкынын арасындагы адамдарга тиешелүү. Ошондуктан, мындай демилгелер пайда болгон учурда кандай маселени чечүүгө аракеттенип жаткандыгыбызды жана эгер орус тилин толук алып салсак эмне болорун кароо керек”, - дейт ал.
Бактыгулов Кыргызстанда кыргыз тилин колдонбоо көйгөйүнүн негизи мамлекеттик тил маселени толук кандуу бере албагандыгында экендигин белгиледи. Мисалы, саясат таануучу мектептердеги окуу китептерини кыргыз тилинде жоктугу боюнча маселелерге көңүл бурду.
“Келгиле, меселенин бетине карайлы. Атап айтканда, химия, физика, математика боюнча кыргыз тилинде жашы эмгектер, методикалар барбы бизде? Анткени, ушул сабактар боюнча китептерди кыргыз тилине которуп эле коюу жетишсиз да, алар жеткиликтүү болуш керек, алардын музмуну балдарга түшүнүктүү болшу шарт. Окуу китептерине ойду жеткирүү үчүн баяндоо тили, түшүнүктүүлүк деген талаптар болушу керек. Ал эми бизде азырынча жаттоо гана жүрүп жатат, алар кийин бекемдөөсүз унутулуп калат”, - деп белгилейт серепчи.
Мамлекеттик башкаруу масалелери боюнча серепчи мамлекеттик тилди киргизүүдө каржылык моделине жана өлкөнүн ИДӨсү мунун эсебинен кантип өсөрүнө дагы көңүл буруу керектигин айтты.
“Мисалы, Казакстанда дал ушундай кылышкан. Алар казак тилин киргизүү Казакстандын ИДӨсүнүн өсүүсүнө тийгизген таасирин карашкан. Ошондой эле, бул жумуш орундарына, башкача айтканда котормого да тиешелүү болгон. Ал жактагы мамиле түшүнүктүү болгон, анын үстүнө казакстанда котормочу – өз ишин жакшы билген квалификациялуу адам. Анын үстүнө бир котормочу үч тилде иштей алат – казак, орус жана бир чет тилинде. Ал эми бизде мындай иштер жүргүзүлгөн эмес. Бизде котормочулар бар, бирок алардын көпчүлүгү кыргыз тилинен орус тилине, же тескерисинче которуп иштешет. Эгер бир киши 3-4 тилде иштесе, анда котормонун сапаты адабий эмес, тиричилик же оозеки тилдин деңгээлине түшүп калат. Көбүнчө мына ушундай котормонун айынан сабак менен объекттин мааниси жоголуп кетет”, - деп белгилейт серепчи.
Ал дагы иш кагаздарын эки тилде жүргүзүлгөнүнө карабай, артыкчылык мамлекеттик тилге берилет жана 5-7 жылдын аралыгында өлкөнүн жашоочулары толугу менен мамлекеттик тилде сүйлөп калышарын кошумчалады. Ушул себептен, Бактыгулов мындай суроо берет – эмнеге орус тилинин статусун алмаштыруу керек? Аталган демилгени аткаруу өлкөнүн ИДӨсүн канчалык жана кантип көтөрөт? “Мигранттар үчүн орус тили керек экенин аталган демилгенин автору өздөрү жакшы билишет. Маселелни көтөргөндөрдүн негизги дооматы эмнеге иш кагаздарын эки тилде – кыргыз жана орус тилинде жүргүзүшүбүз керек? Бирок, кайра эле эгер иш кагаздары эки тилде жүргүзүлбөсө, анда орус тилин колдоно билүү жөндөмдөрү жоголот”, - деп кошумчалады саясат таануучу.
Аягында Бактыгулов көйгөй тилде эмес, тилге болгон мамиледе экендигин белгиледи.
“Бир тилде баары сабаттуу жазып калгандыгынан эч нерсе өзгөрбөйт. Эгер биз ушул жол менен барсак, бул өзүн-өзү обочолоонун эмесменти болуп калат. Кыргыз тилин өнүктүрүү керек, бирок орус тили сыяктуу башка тилге, ошол эле учурда кыргыз тилине зыян келтирбөө керек. Ушул тең салмактуулукту таап, сактап калуу зарыл”, - деди саясат таануучу, мамлекеттик башкаруу маселелри боюнча серепчи Шерадил Бактыгулов.