Александр Шустов: “Евразиялык пенсия”: жыңы эрежелер боюнча төлөмгө кимдер талапкер боло алат?

29 января 2019 Александр Шустов: “Евразиялык пенсия”: жыңы эрежелер боюнча төлөмгө кимдер талапкер боло алат?

21-январда биримдиктин башка өлкөлөрүндө иштеп иштеп жүргөн ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жарандарына пенсия төлөө жөнүндө келимди мамлекет ичиндеги макулдашуунун аяктагандыгы тууралуу белгилүү болду. Эми ар мамлекет – биримдиктин мүчөсү өзүнүн аймагында кызматкердин иштеген мезгили үчүн пенсиялык төлөм жүргүзөт. Бирок, ага бардык эрежелер боюнча жумуш берүүчү менен өзүнүн эмгек келишимин түзгөн адам гана талапкер боло алат.

Пенсиялар алууга даяр

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн пенсиялык фонддорунун жана ведомстволорунун өкүлдөрү менен болгон жолугушууда “Евразиялык экономикалык биримдиктин мүчө мамлекеттеринде эмгектенип жүргөндөрдү пенсиялык камсыздандыруу жөнүндө макулдашуунун” ички макулдашуусу бүткөндүгү тууралуу ЕЭКтин экономика жана каржы саясаты боюнча министри Тимур Жаксылыков билдирди. Мамлекет ичиндеги макулдашуу, анын сөзү боюнча, аягына чыккан жана жакынкы арада документ ЕЭКтин Коллегиясы жана Кеңеши тарабынан каралат, андан кийин аны кол коюуга жөнөтөт. Кандай болгон күндө дагы, жакынкы жылдар аралыгында макулдашуу макулдашылат жана кол коюлат, андан кийин мыйзамдуу күчүнө кирет.

Пенсиялар – саясий жана социалдык мамиледе абдан сезимтал маселе, анын көрүнүктүү дадили катары Орусиядагы эң акыркы пенсиялык реформа саналат.

Акыркы жылдын аралыгында ЕАЭБдин өнүгүүсүндө биримдиктин интеграциянын жаңы тепкичине көтөрө турган анчалык жарып чыккан долбоорлор болгон жок. Катардагы жаранжардын маселелерин жашоосун козгогон долбоорлор андан да аз. Анан калса, сурамжылоолор калктын евразиялык интеграция темасына кызыгуусу төмөндөгөнүн көрсөтөт. Бул кырдаалда ЕАЭБге оң динамиканы көрсөтүү абдан маанилүү, ал кадимки адамдарга жакшы таасир этмек жана аларга биримдиктин керектигин көрсөтмөк.

Келишимден макулдашууга чейин

Өзүнүн мамлекетинен тышкары иштеп жүргөн ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жарандарына пенсия төлөп берүү мүмкүнчүлүгү Астана шаарында 2014-жылдыг 29-майында кол коюлган биримдикти түзүү жөнүндө келишимде каралган. Ушул келишимдин 98-беренесинин 3-пункту мындай айтылат: биримдиктин өлкөлөрүнүн жарандарын пенсиялык камсыз кылуу ички мыйзмадарга ылайык, ошондой эле айрым эл аралык келишимдерге ылайык ишке ашырылат. Биримдикти түзүү учурунда ушул маселе боюнча карама-каршы пикирлер жөнгө салына элек болчу жана аны чечүү кыйла кийинки мөөнөткө калтырылган. Пенсия төлөө жөнүндө макулдашууга келүү ЕАЭБ түзүлгөндөн кийин беш жыл өткөндөн кийин гана мүмкүн болду.

ЕЭК “евразиялык пенсия” боюнча келишим жактырылгандагы жөнңндө 2016-жылдын декабрында кабарлаган. Бирок, чечим акыркы болгон жок жана келишимдин долбоорунун Кллегия тарабынан жактырылышы жөнүндө буйрук 2018-жылдын 26-июнунда гана пайда болду.

Документ биримдиктин башка мамлекеттеринин аймагында иштеп жаткан ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жаранжарын “жергиликтүү” калк сыяктуу шарттарда пенсия менен камсыз кылууну, ошондой эле жашаган жерине карабай аларды төлөп берүүнү карайт.

Пенсияны экспорттоо жөнүндө жобо биримдиктин башка өлкөлөрүндө иштеген ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жарандары тарабынан аны алуу мүмкүнчүлүгүн ачат.

Пенсия кимге берилет

Макулдашуу долбоору пенсия алуу укугун эмгек стажына ээ болгон мамлекеттин аймагындагы ички мыйзамдар аныктары айтылат (7-берене, 1-пункт). Эгер ошол стаж жетишпесе, ЕАЭБдин башка өлкөлөрүндө топтолгон стажы, эгер алар убактылары боюнча дал келишпесе, эске алынат (1-берене, 2-пункт). Орусияда дагы СССРде топтолгон стаж эске алынат. Деги эле пенсияга талапкер болуу үчүн аталган мамлекеттин аймагында 12 толук айдан кем эмес иштөө керек. Пенсиянын көлөмү тууралуу айта турган болсок, ал ал баарынан мурун бир гана ички мыйзамдар менен аныкталат.

Макулдашууда каралган пенсияны төлөө ал күчүнө киргенден баштап гана ишке ашыралат жана ошол мезгилден баштап топтолгон стаж үчүн гана төлөнөт.

Ушул мезгилге чейинки стаж үчүн пенсия 1992-жылдын 13-мартында Москвада кол коюлган КМШ өлкөлөрүнүн жарандарын пенсиялык камсыздандыруу жөнүндө макулдашууга ылайык эсептелет. Анда мындай деп айтылат: өздөрүнүн жарандарына пенсия төлөөгө Шериктештиктин мамлекеттери өздөрү түздөн-түз жоопкерчиликтүү. Аларга бардык зарыл болгон каржы чыгымдары жүктөлөт. Эгер пенсионер жашаган өлкөсүн алмаштырууну кааласа, анда пенсия ага мурдагы өлкөнүн мыйзмадары боюнча төлөнөт.

Али күчүнө кире элек “евразиялык пенсия” жөнүндө макулдашуунун бардык революциялуулугуна карабай, анда бир негиздүү шарт бар. Пенсияга талапкерлик кылууга стаж мыйзамдуу таризделген болушу керек. Башкача айтканда жумуш беръъчълөр эмгек келишимин түзүп, бюджетке бардык тиешелүү салыктарды жана төлөмдөрдү төлөшө керек. Демек, мында мыйзамдуулукка жана мыйзамдардын сакталышына эмгек мигранттары өздөрү кызыктар болушу керек. Болбосо аларда пенсия алууга эч кандай мыйзамдуу негиздери жок болот.

Александр Шустов, эл аралык баяндамачы, тарых илимдеринин кандидаты

Булак: http://enw-fond.ru/ekspertnoe-mnenie/9752-aleksandr-shustov-evraziyskaya-pensiya-kto-mozhet-pretendovat-na-vyplaty-po-novym-pravilam.html?fbclid=IwAR0yAmb2tiiSsoOEPSZm6R66eO0gbUWp3AcPNVnCcsvB94mlLNKeYP6eK0Y