45 пайыз мигранттардын пикири боюнча, республиканын ЕАЭБге мүчө болуусу Орусияда жумушка орношууну кыйла жеңилдетти.
Миграциялык изилдөөлөр борбору (Орусия) жана Борбордук Азиядагы Америка университетинин Тянь-Шань аналитикалык борбору (БААУ ТАБ) Орусиядагы жана Казакстандагы Кыргызстандан барган эмгек мигранттары кантип жашап, республиканын Евразиялык экономикалык биримдигине киргенден кийин алардын укуктары кантип корголуп жаткандыгы жөнүндө ири изилдөө жүргүздү.
Ушул суроо Орусия Федерациясында дагы чоң кызыгууну пайда кылат, анткени дал ошол жакта мекенинде жакшы жумуш таба албаган кыргызстандыктардын көп бөлүгү жашайт. БААУнун ТАБнын миграция боюнча серепчиси Татьяна Злобинанын сөзү боюнча, аталган тема бүгүнкү күндө абдан актуалдуу.
- Орусияда, түрдүү баалоо боюнча, Кыргыз Республикасынын 600дөн 800 миңге чейин жарандары эмгектенип келишет. Мындай: чынында эле, өлкө ЕАЭБге толук укуктуу мүчө болгондон кийин, аларга Орусия Федерациясында жумуш табуу жеңил болуп калдыбы деген суроо туулат. Бул суроого жоопту биздин изилдөө бериши керек, аны биз Москвада, Санкт-Петербургда жана Екатеринбургда жүргүзгөнбүз, - деп белгиледи Татьяна Злобина.
Бары болуп үч айлык жумуш аралыгында – 2017-жылдын мартынан майына чейин – Кыргызстандан барган 700дөн ашык эмгек мигранттарына, 18ден 60 жашка чейинки эркек жана аял кишилерге сурамжылоо жүргүзүлдү. Мындан тышкары, миграция жаатында орусиялык серепчилер менен маектешүүлөр жүргүзүлдү. Изилдөөчүлөр мына мындай жыйынтыктарга келишти.
Мигранттар барган сайын көбөйүүдө
Республиканын ЕАЭБге мүчө болуусунан кийин Кыргызстандан Орусияга барган мигранттардын саны өсүп жатат. 2018-жылдын июнь айына карата ал дээрлик 640 миң кишини түзгөн. Көпчүлүгү – өлкөнүн түштүгүнөн барган, орто билимдүү, расмий никеде турган айыл жашоочулары. Алар мекениндеги материалдык абалына мындай баа беришет “бардык зарыл болгон нерселерди ала алабыз, бирок акча топтоого мүмкүн эмес”. Суралгандардын үчтөн бир бөлүгү Орусияда туруктуу жашоого калууну пландап жатат, башкасы – кайсы бир убакытка чейин жашап, кийин үйүнө кайтуу ниетинде, дагы ушунча мигрант келип, акча иштеп, кайра республикасына кетип турууну каалашат.
Кайсы жерлерде иштешет
29 пайызы – соодада, 26 – ар түрдүү кызматтарды көрсөтүшөт, 20 – курулуш иштери менен элек. Калгандары транспорт жана байланыш, үй чарбасы, жашоо-тиричилик чарбасында эмгектенишет. Кыргызстандыктардын аз бөлүгү өнөр жайда (2,4 пайызы) жана саламаттык сактоо тармагында (1,3).
“45 пайыз мигранттардын пикири боюнча, республиканын ЕАЭБке мүчө болуусу Орусияда жумушка орношууну кыйла жеңилдетти. Мисалы, Кыргызстандын жарандары Орусияда улуттук айдоочулук күбөлүктөрүн пайдалана алышат. Башка өлкөлөрдүн мигранттарынын алдында алардын артыкчылыгы ушул”, - деп түшүндүрдү БААУнун ТАБдан. Мындан тышкары, кыргызстандыктар Орусия Федерациясынын аймагында иштөө үчүн патент алышпайт.
Изилдөөгө ылайык, мигранттардын көп бөлүгү (74 пайызы) туугандары, достору, тааныштары аркылуу жумушка орношушат жана жыйынтыгында көпчүлүк учурларды алар жумуш берүүчү менен келишим түзүү мүмкүнчүлүгүн карашпай, алдамчылар үчүн жем болуп каылшат.
Баарынан мурун келишим түзүлүшү керек
Аныкталгандай, жумуш берүүчү менен жазуу жүзүндөгү келишимге Кыргызстандык мигранттардын 61 пайызы гана ээ. Ошол эле учурда, 2016-жылы бул сан 71 пайызга жеткен. Өкмөттүк эмес уюмдардын пикири боюнча, эмгек мигранттарынын колдоосу менен иш жүргүзүп жаткандар маанилүү документтин бар же жок экендиги Орусиядагы иш стажынан көз каранды эмес. Жумуш берүүчүлөр – башкы чиновниктер кыргызстандыктар менен расйми келишимди сейрек түзүшөт. Чет элдик жарандарды мыйзамдаштыруу өзү менен кошо кошумча чыгымды жана жумуш менен камсыз кылуу кызматына маалымат берүү зарылдыгын алып жүрөт.
“Изилдөөнүн жүрүшүндө жумуш берүүчүлөр тарабынан чет элдик жумушчулардын паспорттун алуу, аны менен аларга басым жасоонун жолу болгон учурлар азайганы белгилүү болду. Өздүгүн тактаган документ суралгандардын 97 пайында өздөрүнүн жанында болгон”, - деп билдирди Тянь-Шань аналитикалык борборунан.
Орусиядагы кыргызстандыктар алган орточо маянасынын көлөмү 29796 рублди түзөт. Бирок, мыйзамдуу иштегендердин айлыгы кыйла жогору.
Кайсы жерде кантип жашашат
Негизинен миграттар турак-жайды ижарага алып, ага орточо эсеп менен айына бир киши үчүн 7,7 миң рубль төлөшөт. Бир бөлмөлүү квартирага үч-төрт киши болуп жашашат. Бул тууралуу суралгандардын 90 пайызы ушундай жооп беришти. Мигранттардын эки пайында өздөрүнүн жеке үйлөрү бар, болжолдуу жети пайызы – негизинен эркектер – иштеген жерлеринде – базарларда, курулуштарда жана башка жайларда жашашат.
Ден соолугу кандай
Кыргызстандык сурамжылоого катышкан мигранттардын чоң бөлүгү өздөрүнүн ден соолугун канааттандыраарлык баалашты, акыркы жылда алардын 78 пайызынын ден соолугу начарлаган эмес. Акы алуучу медициналык камсыздандыруусу бар экендиги тууралуу суралгандардын 13 пайызы жооп берди. Алар медициналык жардамга өтө муктаж болгон учурда кайрылышат.
- Кыргызстандыктар Орусияда милдеттүү медициналык камсыздандаруу полисин алууга укук бар экендиги жөнүндө кабары аздыгын изилдөө көрсөттү. Эгер мыйзамдуу эмгек келишими бар болсо, анда жумуш берүүчү алар үчүн бардык салыктарды төлөйт, - деп белгиледи Татьяна Злобина. – миграция маселеси боюнча серепчилер бекер милдеттүү медициналык камсыздандаруу маалымат ЕАЭБ өлкөлөрүнөн келген мигранттар арасында жарнамаланбайт жана жайылтылбайт.
Кыргызстандан барган мигранттарга 2015-жылдан баштап Орусияда жумушка орношуусу үчүн патент алуунун кереги жок болгондугуна байланыштуу медициналык кароодон, анын ичинде флюорографиядан жана АИВ-инфекциясына тестирлөөдөн өтүү алар үчүн милдеттүү эмес. Изилдөөнүн маалыматы боюнча, бул алардын ден соолугунун абалы жөнүндө кабардар болуу деңгээлине терс таасирин тийгизип жатат. Суралгандардын 32 пайызы гана кургак учукка жана 29 пайызы адамдын иммунно жетишсиздик вирусуна текшерүүдөн өтүшкөн. 2016-жылы бул сандар 49 жана 51 пайызды түзгөн.
Орусиялыктардын мамилеси кандай
Орусияда жергиликтүү калк Кыргызстандан барган мигранттарга карата оң көз карашта. Минтип суралгандардын 60 пайыздан ашыгы эсептейт. Дагы 26 пайызы бейтарап мамилеси тууралуу айтып беришти. Каршылашуу өтө сейрек кезедшет жана ал биринчи кезекте жумуш орунуна болгон атаандаштык менен байланыштуу.
Бирок, жергиликтүү калктын жакшы мамилесине карабай, оор учурларда көпчүлүк мигранттар (75 пайызы) туугандарына жана жердештерине жардам сурап кайрылышат. Бул “параллелдик коомчулук” түшүнүгү Орусиядагы Кыргызстандын жарандарында толук колдонуларын далилдейт.
- Өздөрүнүн тааныштары аркылуу аракеттенүү республиканын ЕАЭБге киргенден кийинки кыргызстандыктар алууга мүмкүн болгон эмгек укуктарын коргоо механизмдеринин зарыл эместигине алып келет, - деп белгилешет БААУнун ТАБда.
Чечимдерди издөө
Татьяна Злобинанын сөздөрү боюнча, изилдөөлөр мигранттарга, анын катарында Кыргызстандын өкмөтүнө сунуштарды иштеп чыгуу максатында, чиновниктер көйгөйлүү маселелерди билип, аларды активдүү чечүүнүн жолдорун издеп, ал эми мигранттар барган өлкөсүндө кыйынчылыктарга туш болбосунда деп жүргүзүлгөн. Аналитикалык борбор чыгарган негизги жыйынтык – “республика ЕАЭБге мүчө болуп киргенден кийин түзүлгөн Кыргызстандык эмгектенип мигранттардын укугун коргоо механизми азырынча чектелген натыйжа менен иштеп жатат”.
Маалымкат
Миграциялык изилөөлөр борбору Москвада жайгашкан. Миграция жаатындагы изилдөөлөрдү уюштуруу жана жүргүзүү менен алектенет. Борбор ар дайым конференцияларды жана семинарларды уюштурат, мурунку советтик өлкөлөрдөгү жана Орусиядагы миграциянын түрдүү аспектилери боюнча публикацияларды чыгарат. Миграциялык изилөөлөр борборун Дмитрий Полетаев жетектейт.
Баса
Изилдөөнүн маалымтары боюнча Орусиядагы кыргызстандыктар Борбордук Азия өлкөлөрүнөн барган башка эмгек мигранттарына караганда оозеки орус тилин жакшы билет. Бирок, ошол эле учурда суралгандардын 52 пайызы гана жазуу жүзүндөгү орус тилин жакшы билерин көрсөтө алышкан.