Мода кууган кыздар эми тырмагына тирүү кумурска чапташа башташты

30 октября 2018 Мода кууган кыздар эми тырмагына тирүү кумурска чапташа башташты

Тирүү кумурсканы жабыштырып жасалган маникюр элдин ачуусуна тийди. Социалдык тармактын колдонуучулары бул аракетти жандыктарды кордоого теңешти деп life.ru сайты кабарлайт.

Орусиядагы мода студиясынын чеберлери өз кардарларына жаңы кызмат ойлоп табышкан. Алар сулуулардын тырмактарына тирүү кумурскаларды салып коё турган болушту.

Бул өзгөчө маникюр тармак колдонуучуларынын ортосунда кызуу талкууга түшкөн. Ал эми чеберлер бул кооздукту жасоонун эч кыйынчылыгы жок экенин айтышат.

Биро,к тармактагылардын ачуусунан кийин салон кызматкерлери кумурскаларды эркиндикке чыгарган видеону салууга аргасыз болушкан.