Окумуштуулар никенин ден соолукка пайдалуу жагын аныкташты

30 октября 2018 Окумуштуулар никенин ден соолукка пайдалуу жагын аныкташты

Эрланген-Нюрнберг университетинин окумуштуулары никедеги адамдардын ден соолугун сактоого мүмкүндүк көбөйөрүн аныкташты.

Изилдөөнүн натыйжалары Journal of the American Geriatrics Society сайтына жарыяланган.

Ага ылайык, никедеги адамдар картайган кезде алда канча туура тамактанары аныкталды.

Кары адамдар туура, ары убакты сааты менен тамактанууну көп унутуп калышат. Ал эми никеде жалгыз болбогондуктан, бири-биринин тамактануусуна өбөлгө түзүшөт. Мындан тышкары, никедеги адамдар пенсия жашында ден соолугуна жакшы кам көрөрү белгилүү болду.

Окумуштуулар 72-85 жаштагы беш миң адамга изилдөө жүргүзүү аркылуу ушундай жыйынтыкка келишти.