28 января 2019
Издөө иштери 28-январь күнү улантылат.
Бишкектин Свердлов районунда 27-январь күнү Чоң Чүй каналына түшүп кеткен төрт жашар кыз табылбай жатат. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.
"112" кызматына кабар түшөрү менен ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгынын куткаруучулары жерине барып, издөө иштерин баштаган.
Тилекке каршы, натыйжа болгон эмес. Издөө иштери 28-январь күнү улантылат.
Дагы: sputnik.kg, фото-© Sputnik / Табылды Кадырбеков