Экинчи синий кит: Момо менен сүйлөшкөн эки өспүрүм өз өмүрүнө кол салды

30 октября 2018

Акыркы кездери өспүрүмдөрдү суицид чакырган Момо оюну кеңир канат жайган. Бул жолу тармактагы “сырдуу каармандын” курмандыгы 12 жана 16 жаштагы окуучулар болгон деп life.ru сайты кабарлайт.

Колумбияда 12 жаштагы кыз менен 16 жаштагы өспүрүм бала Момо буйрук берген тапшырманы аткармак болуп, өздөрүнө кол салган. WhatsApp аркылуу байланыш түзгөн адам чочуй турган каарман балдарды суицид жасоого түрткөн.

Берилген тапшырма аткарылбаган учурда Момо өспүрүмдөрдү “кара каргыш” күтөт деп ишендирген.

Жергиликтүү ЖМК өкүлдөрүнүн маалыматы боюнча, аталган оюндун айынан көз жумган балдар өз ара тааныш болгон. Ал тургай, 12 жаштагы кызды оюнга 16 жаштагы досу киргизгени да аныкталды. Эки окуучунун өлүмүнүн айырмачылыгы 48 саатты түзгөн.