Мамбетакунов: соцтармак колдонгон окуучулар 5 эрежени билиши шарт

28 января 2019 Мамбетакунов: соцтармак колдонгон окуучулар 5 эрежени билиши шарт

"Кыргызстан информатиктер ассоциациясы" коомдук бирикмесинин төрагасы, профессор Уланбек Мамбетакунов мектеп окуучулары үчүн социалдык тармактагы коопсуздукту алдын алуунун эрежелерин санап өттү.

Мамбетакунов: соцтармак колдонгон окуучулар 5 эрежени билиши шарт

Социалдык тармакта отурган окуучу негизги беш эрежени эсине түйүш керек. Бул тууралуу Уланбек Мамбетакунов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, төмөнкү эрежелер өспүрүмдүн коопсуздугу үчүн өтө маанилүү.

"Социалдык тармакты колдонгон окуучу профилине өз сүрөтүн койгондон мурда ата-энесинен уруксат суроого тийиш. Негизи эле жаш балдар сүрөтүн койбой эле койгону туура болот. Жеке кат аркылуу бейтааныш бирөө анын телефон номерин, жашаган жерин, ата-энесинин кайда иштей турганын жана электрондук почталарынын сыр сөзүн сураса бербеш керек. Замандын өнүгүшү менен социалдык тармактар жашообузда маанилүү роль ойноп жаткандыктан, бул жаатта балдарыбызга да маалымат берип турууга мажбурбуз", — деди Мамбетакунов.

Ал социалдык тармакка сүрөт жүктөгөндө кайсы жерде жүргөнүн белгилөө канчалык бир деңгээлде коркунуч жаратышы мүмкүн экенин кошумчалады.



Дагы: sputnik.kg, фото-© Sputnik / Табылды Кадырбеков