Бажы кызматы быйыл план толтура албай калды. Себеби эмнеде?

28 января 2019 Бажы кызматы быйыл план толтура албай калды. Себеби эмнеде?

2018-жылга карата 43,5 миллиард сом коюлган.

 Мамлекеттик бажы кызматы тарабынан бюджетке 41,7 миллиард сом түштү. Бул туурасында аталган кызматтын төрагасы Алмаз Оңолбеков маалымат жыйын учурунда билдирди.

Анын айтымында, 2018-жылга карата 43,4 миллиард сом (2017-жылга карата 9,5 мрлд. сомго көп) бекитилген.

"Иш жүзүндө 41,7 миллиард сом бюджетке түштү. Пландын толук аткарылбай калышынын негизи себеби ЕАЭБге кирген өлкөлөрдүн ташып келинген товарлардан бажы алымдарынын толук түшпөй калышы болуп саналат", — деди Оңолбеков.

Белгилей кетсек, Бажы кызматынын төрагасы жана анын орун басарлары кызматтын 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча маалымат жыйын өткөрүп жатат.



Дагы: sputnik.kg, фото-© Sputnik / Табылды Кадырбеков