АКШ “бүрсүгүнү” деген эсеп менен конфигурация түзүп жатат жана “пешкаларды” курмандыкка чалышы толук мүмкүн

27 января 2019 АКШ “бүрсүгүнү” деген эсеп менен конфигурация түзүп жатат жана “пешкаларды” курмандыкка чалышы толук мүмкүн

Өткөн аптада АКШ президенти Дональд Трамп АКШнын Сириядагы ИМди (Орусияда тыюу салынган) жеңгендиги жана америкалык аскерлерди өлкөдөн чыгаруу жөнүндөгү корутундуну жарыялады. Бул чечим тынчтык үчүн күрөштө америкалык курал салтанаты катары тартууланганына карабай, иш жүзүндө анчалык деле реакция жараткан жок: АКШнын Коргоо министри Джеймс Мэттис кызматтан кетти, ал эми The Washington Post гезити кырдаалды “Трамптын тушунда Вашингтондун өлчөмү боюнча катастрофалык окуя” деп атады. “Жогорку экономикалык мектептин” профессору Дмитрий Евстафьев «Eurasia.Expert» журналына берген маегинде  америкалык президент Сирияга эмне үчүн чекит койду жана бул Орусия жана КМШ өлкөлөрү үчүн эмнени билдирет, ошондой эле АКШнын башка аймактардан, мисалы, Жакынкы Чыгыш же Украинадан өз алдынча чыгарууга болобу деген суроолорду талдады.

- Америкалыктардын Сириядан чыгып кетүүсүн Орусиянын жеңиши катары карасак болобу?

- Болот. Орусия аскердик күчтүк куралдарды колдонууда чоң чечкиндүүлүгүн, артыкчылыктуу багыттарда күчтү топтоо жөндөмдүүлүгүн, саясий сүйлөшүүлөр технологиясынын жогорку деңгээлин көрсөтө алды. Анткен менен, албетте, мисалы, кадимки каталар тууралуу айтпаганда деле пропагандада олуттуу каталар жана эсептен жаңылышуулар болду. Сириядагы Орусиянын аскердик эмес, дал ушул стартегиялык артыкчылыгын камсыз кылган башкы фактору биринин артынан бирин аскердик-саясий маселелерди чечүүдө, болуп келген кырсыктарга жана жеңилүүлөргө карабай, саясий эрктин болушу өзгөчөлөнүп калды.

Мына ошон үчүн америкалыктардын сириядан кетүүсүн Орусиянын жеңиши катары караса болот.

Бирок, анын кереги жок. Сириянын жана коңшу өлкөлөрдүн экономикасында биздин өлкөнүн үстөмдүк кылган позициясынын бекемделиши, Орусия коопсуздук жаатында тейлөө көрсөтүп жаткан Мейкиндикти кеңейтүү менен байланышкан экономикалык жана саясий бонустарды мультипликациялоо, регионалдык коопсуздук системасын түзүүдө Орусиянын лидрелик позициясы, анын артынан экономикалык өз ара байланышы Орусиянын толук кандуу жеңиши болот. Мына ушул чынында толук кандуу жеңиш болот.

- Азыркы АКШнын кетүүсү Жакынкы Чыгыштан толук кетти дегенди түшүндүрөбү?

- Кайдан. АКШ үчүн Жакынкы Чыгыш кызыкчылыктардын негизги региону бойдон кала берет, жок дегенде Иранга карата АКШнын кыска мөөнөттүү саясаты жана Тегеранга каршы аскердик күчтүк акциянын келечеги толугу менен түшүнүктүү болмоюнча. Бирок, ушундан кийин деле АКШнын региондо болуусу сакталып калат. Дүйнөлүк сооданы регионалдаштыруу дээрлик ишке ашкан факт катары саналган шартта АКШ өзүнө маанилүү болгон регионалдык, андан ары глобалдык тенденцияны “башкаруу” мүмкүнчүлүгүнөн баш тартарын элестетүү кыйын.

Керектүү АКШнын долбоорлорунда сауд нефтедолларларынын нефти жана кайра инвестициялоо рыногуна өзү үчүн жагымдуу Сауд Арабаясынын саясатын камсыз кылуу АКШ үчүн принципиалдуу маанилүү.

АКШ жаратылыш газы рыногундагы тенденцияларды башкарууга жана анын башка региондордон, баарынан мурун – Евразиядан жана Жакынкы Чыгыштан европанын рынокторуна келүүсүн чектөөгө аракет кылып келет. АКШ үчүн “Түндүк - Түштүк” глобалдуу логистикалык коридорунун мейкиндигинде ар дайым чыңалууну түзүү маанилүү. Мунун баары региондо бир эле түз саясий эмес, аскердик да катышуусуз жасоого мүмкүн эмес.

Анын үстүнө, АКШ Сириядан толугу менен кетти деп болжолдоо үчүн толук анкоо болуш керек.

Менимче, алар Идлибде жана түштүктө аныкталган позицияларын калтырышат, анткени улуттук күрд райондорунда алар күрддөрдү сатып кеткенден кийин жасай турган эч нерсе калган жок. Бирок, Сириядан жана дал Ирактан алар кетишпейт, расмий болбосо да, узак убакытка калышат.

- Региондо ири жылыштар болобу деп күтүүгө болобу?

- Жок, деп ойлойм. Бардык өлкөлөр жана региондун өлкөлөрү, сырткы оюнчулар өздөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүнүн чегин түшүнүштү. Эми алар региондогу жаңы конфигурацияга көнүүгө аракет кыла башташат. Сириядан башка (ал дагы аягына чейин эмес) бир дагы аскердик-күчтүк жаңжалдын очогу өчүрүлгөн эмес. Белгилүү бир шарттарда алар кайра жанданышы мүмкүн. Бирок, регион жалпысынан башкача кылып өзгөрүүгө жетиле элек. Тескерисинче, мен регионалдык жамааттык коопсуздук системасын куруу боюнча концепцияны жана конкреттүү сунушту жогорулатууга суроо-талапты күтөр элем. Бул жерде мен Орусиянын ордунда бир эле ТИМдин эмес, Коргоо министринин жүзүндө алдыга озунуп чыгуу аракетин көрмөкмүн.    

- АКШнын Украинадан кетүүсү мүмкүнбү?

- Эгер Трамп Украинадан кетүүнүн арты кеңейтилген американын катышуусун сактоого караганда, ал үчүн бузулуусу кыйла аз боло турганын сезсе, ал үчүн негизи болбой турган эч нерсе жок. Анын жеке өзүнүн “украналык долбоорго” байланышы жок. Жана да анда азыркы шартта Украинада кандайдыр бир маанилүү экономикалык кызыкчылыктар пайда болушу кыйын.  

АКШнын Украинада болуусун кыскартуу болушу мүмкүн, анткени орус-америка мамилелерин манипуляциялоо деңгээли Украинадагы “жаңжалды башкаруунун” эсебинен геосаясий жана геоэкономикалык жактан такыр теңсиз “баалуулукка” айланып баратат.

Анын үстүнө, Трамп ушул манипуляцияларды көзөмөлдөй албастыгын жакшы түшүнөт. Аларды маанилүү бир деңгээлде АКШнын саясий бийлиги тарабынан көзөмөлдөнбөй калган фигуралар ишке ашырат. Анчалык көрөгөч же Трамптын өмүрлүк тажрыйбасына ээ болуунун кереги жок. Курт Волкер Украинада АКШнын президентинин саясатын эмес, Трамптын оппоненттеринин кызыкчылыктарын чагылдырган өзүнүн жеке саясатын жүргүзүп жатат. Украинадасы саясий болуунун бардык системасы демократтардын учурунда түзүлгөн, эми колунан келишинче Трампка каршы иштеп жатат.

АКШнын азыр Украинадан кетиши мүмкүн эместиги башка маселе, анткени бул өтө “чуулгандуу” тема жана Сириядагы кырдаалдан айырмаланып, “Украидан жеңилгенин” АКШ али аңдап били элек.

Анын үстүнө, “украинаны сүрөө” өзүнүн потенциалы боюнча “күрд” же “демосириялык” вариантка караганда кыйла күчтүү. Бирок, эгер Петр Порошенко шайлоонун алдында окуялардын логикасын өзгөртүп, “күчтүк вариант” тарапка чечсе, бул учурда оор жеңилүүгө даашар болот. Сириядан “келечексиздиги үчүн” кеткендиги толук актуалдуу болушу мүмкүн.  

- АКШнын Сириядан кетүүсү КМШ өлкөлөрү үчүн эмнени түшүндүрөт?

- Ооганстандан американын кетүүсү же азыркы иран режимин колдоочу учурундагыдай кесепеттери анчалык чоң болбойт. Бул эки учурда КМШ өлкөлөрү үчүн аныкталган шарттарда кээ бир сезгич чакырыктар пайда болушу мүмкүн.

Сириядагы кырдаалдын конфигурациясынын өзгөрүшү Евразия үчүн түз жаңы тобокелчиликтерди алып келбейт, анткен менен Ооганстандагы жана Ирактагы ислма радикализминин чогулган потенциалы менен байланышкан кырдаалды жана анын мүмкүн болгон башкарыла труган толкундоолорун башкарылбай турган Иранга багыттоо мүмкүндүгүн жеңилдетпейт.

Бирок, бул чакырыктар АКШ Сирияда калган учурда деле, ушул мамлекеттин аймагын исламчылар үчүн “оорук базасы” катары колдонуп, улана бермек.

Бирок, таасир бар, алар азырынча оң таасир болуп көрүнүүдө. Биринчиден, бул КМШ өлкөлөрү үчүн тынчтык, конституциялык ортомчулук процессине Вашингтон менен болгон мамилени бузуп алуу тобокелчилигисиз катышуу мүмкүндүгүн ачат. Ал эми айрым мурунку советтик мейкиндиктеги өлкөлөрдүн сирияны жөнгө салууда саясий жана социалдык-саясий бөлүгүндө жакшы таасирин тийгизмек. Экинчиден, Сириянын кабылына келүү процессин жана азыр КМШ өлкөлөрү анча коркпой эле кошула берсе боло турган сирияны экономикасына инвестициялоону башкача ойлонуп чыгуу мүмкүндүгүн берет. Бул, баса, транссириялык нефтегаз долбоорлорунда өзүнүн кызыкчылыктарын кыйла эркин белгилөө үчүн КМШ өлкөлөрүнө мүмкүндүк берет. Бирок, жалпысынан окуя КМШ өлкөлөрүнө басым кыла албайт.

- Кандай жыйынтыктарды чыгарууга болот?

- Жалпысынан мен буга чейин айтып кеткендей Трамптын чечиминде күтүлбөгөн эч нерсе жок. Бул чечимди айтуу формасы бир топ башкача болду. Ал дагы бир жолу американын саясий системасынын кризистик абалын баса белгиледи.

Негизги жыйынтык, чамасы, жүзүн жоготуу стратегиялык маанилүү нерсе катары каралбай калган өзүнүн саясий тарыхынын фазасына келип жеткендигинде.

АКШ кандайдыр бир тактикалык максаттарына жетүү үчүн “жүзүн жоготууга” толук даяр. Улуттук престиж маселеси азыркы жетекчиликти такыр ойлондурбайт. Экинчиден, кырдаал дагы бир жолу Америкада саясий чечимдер бизнес-логика менен бекемделип калганын далилдеди: буга чейин салынган салымдардын көлөмү кирешесиз болгондугу үчүн долбоорду жабуу жөнүндө чечим кабыл алууда мааниге ээ эмес. Бул Орусия үчүн өтө олуттуу чакырык. Анткени, бул такыр башка дипломатия. Үчүнчүдөн, АКШ жада калса ЕБ сыяктуу өнөктөштөрүн тоготпогон жаңы деңгээлин көрсөттү. Анткен менен, бул бизге болгону келечекте “эсиңерде болсун” деген эле нерсе. Акырында, АКШнын аракети бир катар өлкөлөрдө, анын ичинде Сауд Арабиясында “толкундоолорду” баштап жибериши мүмкүн. Бул жерде дагы тактикалык аракет көрүп, стратегиялык ой жүгүртүү керек. АКШ “бүрсүгүнү” деген эсеп менен Жакынкы жана Ортоңку Чыгышта конфигурация түзүп жатат деген ойго түртөт. Ал “пешкаларды” курмандыкка чалышы толук мүмкүн.   

Булак: http://eurasia.expert/prichiny-i-posledstviya-ukhoda-ssha-iz-sirii/?fbclid=IwAR16HFuJ9kP1SjlLBfYq8urG_te_oVDPc-aCVoy-3Trk4V4paE8_Dhsj88M