Орусиядагы кыргыз диаспорасы Азизбек Бекназаровдун билдирүүнө жооп берди

25 января 2019 Орусиядагы кыргыз диаспорасы Азизбек Бекназаровдун билдирүүнө жооп берди

“Регион.kg” басылмасынын редакциясына Орусия Федерациясындагы Кыргызстандын диаспорасынын өкүлөрү орус тилинин расмий статусу жөнүндөгү ченемди Кыргыз Республикасынын Конституциясынан алып алып салуу демилгесин көтөрүп чыккан саясий күчтөргө кайрылууну жайылтуу өтүнүчү менен кайрылышты. Орусиянын түрдүү шаарларында жашап жаткан диаспоралардын 53 мүчөсүнүн колу коюлган тексттин оригиналын сунуштайбыз.

Конституциялык реформа боюнча конференциянын катышуучуларына

КАЙРЫЛУУ

Урматтуу конференциянын катышуучулары!

Кыргызстандын бүгүнкү абалына Сиздердин такыр тиешеңиздер жок деп айтуу туура эмес болуп калат. Анын натыйжасында миллиондон ашык биздин жарандар чет өлкөдө иштешип жүрүшөт, алардын өтө чоң бөлүгү Орусияда эмгектенип жүрүшөт. Биз алар бир гана өздөрүнүн үй-бүлөлөрүн багып жатканын эле эмес, республиканын социалдык туруктуулугун камсыз кылууга чоң салым кошуп жатканы тууралуу да унутпашыбыз керек.  

Миңдеген мигранттардын көйгөйүнө көңүл буруңуздар, алар республикадагы тез-тез кайталаган жаңжалдардан жана жумушсуздуктан улам Орусияга жумуш издеп кетип калышты. Аларга шайлоо укугун толук кандуу камсыз кылып бербегендигине карабай, адам чыдагыс кыйынчылыктарды башынан кечирип жатышат, алар эч кимге арызданышкан жок жана бөтөн жерде эмгектенип жатышат.

Орус тилине карата өзүңүздүн билдирүүңүз менен Сиз такыр башка дүйнөдө жана башка чындыкта жашап жаткандыгыңызды көрсөтүп жатасыз. “Башы оорубаган адам кудайды эстеп да койбойт”, - деген макалга тете иш кылып жатасыз.

Азыр бардык Орусиядагы мекендештер: “Чын эле, Кыргызстандын саясий элитасында орус тилинен расмий статусту алуудан башка көйгөйлөр калбай калдыбы?” – деген суроо берип жатышат.

Мындай популисттик маселелерди көтөрүүнүн ордуна экономиканы көтөрүп, жумушчу орундарын түзүшпөйбү, мына ошондо жетиштүү каражат пайда болот, маданияттын жана тилдин маселелери жеңил жана бат эле чечилмек.

Чынында эле, бүгүнкү күндө экономиканын өнүгүүсүнө орус тили тоскоол болуп жатабы? Тескерисинче, миллиондун тегерегиндеги мигранттар орус тилинин жардамы менен өздөрүнө нанга акча таап, үй-бүлөлөрүн багып, өлкөнүн экономикасына чоң салым кошуп жатышат. Орусия Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү жана республиканын ЕАЭБге мүчөлүгү мигранттар үчүн өзүнүн артыкчылыктуу жемиштерин берет.

Ал эми Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө болуусунан кийинки экономикадагы кыйынчылыктар бул ошол мезгилдеги чиновниктердин жоопкечилигиндеги маселе болчу. Алар экономиканы тийиштүү деңгээлде даярдай алышкан жок жана республиканы ЕАЭБге ойлонбой туруп айдап барып кошуп салды.

Популисттик маселелерди көтөрөрдөн мурун Сизди экономиканын өнүгүүсүнө жана жер-жерлердеги элдин жашоосун жакшыртууга багытталган конкреттүү иштер менен алектенүүгө чакырабыз. Кыргызстанды саясий эксперименталдык лабораторияга айлантууну токтотууга убакыт келди! Урматтуу конфоренциянын катышуучулары Кыргызстандын элине зыян алып келе турган эмес, пайдалуу иштер менен алектенгиле!

Терең урматтоо менен, Жалпы Орусиялык “Кыргыз конресси” коомдук уюмунун жетекчилери:

Кожоев К.Ш. (Москва)

Салахунов М.Ж. (Москва)

Осмонов О.М. (Москва)

Кутунаев К.К. (Санкт-Петербург)

Калмурзаева А.Т. (Калининград)

Каримов А.Ж. (Псков)

Аргымбаева А.М. (Краснодар)

Кыпчакбаев А.Т. (Ростов-на-Дону)

Чекиров Н.А. (Астрахань)

Бусурманкулов Р.А. (Курск)

Атакулов М.А. (Волгоград)

Арыкбаев К.Ч. (Ярославль)

Ходжаев А.А. (Иваново)

Ырысбеков Н.Ш. (Липецк)

Юлдашев К.С. (Тверь)

Алимов А.А. (Рязань)

Кармышева С.Т. (Вологда)

БаетовК.Б. (Владимир)

Айтиев Д.С. (Тула)

Осмонов Ж.М. (Салехард)

Ибрагимов А.И. (Воркута)

Айткулов А.К. (Ноябрьск)

Худайбергенов Т.Х. (Уренгой)

Бакыев Т.Ш. (Саратов)

Апатаев А.А. (Самара)

Конокбаев Б.Ж. (Ульяновск)

Акмурзаев А.М. (Нижний Новгород)

Сариев З.А. (Казань)

Топчубаев Т.Т. (Оренбург)

Алиева С.А. (Уфа)

Алымкулов А.А. (Пермь)

Абдрахманов Ж.А. (Курган)

Бакирова З.А. (Челябинск)

Полотбеков М.Т. (Екатеринбург)

Айдаров К.К. (Сургут)

Сманова К.Н. (Тюмень)

Стамкулов А.Ж. (Томск)

Тойтуков Ж.Э. (Новосибирск)

Асанов А.М. (Омск)

Жунусалиуул Б. (Кемерово)

Чериков А.А. (Абакан)

Садыков Ж.К. (Горно-Алтайск)

Жорокулов Э.Ы. (Красноярск)

Карабаев М.А. (Чита)

Абдылдаев Т.А. (Иркутск)

Омонов Ш.О. (Улан-Удэ)

Мырзабаев К.С. (Хабаровск)

Ормонова Э.Н. (Владивосток)

Тобаев Э.Б. (Сахалин)

Керимбаев Н.А. (Петропавловск- Камчатск)

Мамбетова Р.Ж. (Магадан)

Орунбаев А.Т. (Якутск)

16.01.2019-ж.

WWW.KYRGYZY.COM 

Булак: http://region.kg/index.php?option=com_content&view=article&id=2969%3A2019-01-17-06-59-27&catid=5%3Aobshestvo&Itemid=6&fbclid=IwAR2Lz8_EVTAIGXVbxfLHwkgbaMPukaBMT3L0NvtWK7db7HUyRkgx-aCNA9w