Эркек өзүнө жаккан аялдарды зордуктоо үчүн 3 метрлик чоң жыланды колдонгон

30 октября 2018 Эркек өзүнө жаккан аялдарды зордуктоо үчүн 3 метрлик чоң жыланды колдонгон

Шотландияда өз курмандыктарынын бирин зордуктоо үчүн 3 метрлик жыланды колдонгон зөөкүр 14 жылга эркинен ажыратылды. Ал дагы башка аялды 5 жыл аралыгында миңден көп жолу зордуктап келген. Ал эми эркектин дагы бир курмандыгынын коркуп калганы ошончо, аны полиция таап алган кезде, колуна бычакты кысып кармаган аял шкафтын ичинде бүрүшүп олтурган.

Бул тууралуу Mirror басылмасы кабарлайт.

38 жаштагы Джон 2000-2017-жылдар аралыгында 4 аялды дайыма зордуктап келген. Натыйжада ал беш берене боюнча айылталды. Алардын катарында зордуктоо менен турмуштук зордук-зомбулук бар.

Жабырланган аялдардын бири сотто зөөкүрдүн өзүн коркутуу үчүн жыланды пайдаланганын айтты. Аялдын сөзүндө, соттолуучу аны көп зордуктай турган болгон. Ал тургай, өзү уктап жаткан кезде да зордуктоо аракетин жасаган. Натыйжада эркектин бул аракети курмандыгы үчүн кадимки көрүнүш катары көрүнгөн.

Өз сөзүндө Диксон жабырлануучулар менен мамиледе өтө орой болгонун мойнуна алды. Бирок аларды зордуктаган жокмун, себеби өз ара келишим боюнча жыныстык катнашка бардык, - деди ал.