Тажикстандын президенти жакындары менен никелешкен элин катуу сынга алды

30 октября 2018 Тажикстандын президенти жакындары менен никелешкен элин катуу сынга алды

Тажикстан президенти жакындары менен никеге турган калкына таарынычын билдирди. Ал өлкөдөгү балдардын майып болуусунун башкы себептеринин бири да ушул экенин айтты, деп ca-news.org сайты кабарлайт.

Мамлекет башчысы өлкөдөгү беш баланын бири оорулуу экенин айтып ачууланды. Ал никеге турган жаштардын медициналык текшерүүдөн өтүүсү баланын аман-эсен дүйнөгө келүүсүнө оң таасир этерин белгиледи.

“Жыл сайын өлкөдө 1300-1400 майып балдар катталат. Алардын 55-60 пайызы жакын туугандары менен үйлөнгөн жаштардын балдары болуп чынат”, - деди Эмомали Рахмон.

Ошондой эле, президент бир майып баланын чыгымы жылына 14 миң сомони (1,5 миң доллар) экенин, ал эми мамлекет бир жылда мындай балдарга 24 миллион сомони (2,5 миллион доллар) жумшарын айтты.

Белгилей кетсек, 2016-жылдын январь айында Тажикстанда жакын туугандардын ортосунда нике кыюуга тыюу салынган.