Кыз оюн деп эсептеген тойдо чын эле никеге турганын билбей калды

30 октября 2018 Кыз оюн деп эсептеген тойдо чын эле никеге турганын билбей калды

Гонконгдун жашоочусу байкоосуздан никеге турду. Аны тамаша катары алдап, кол койдуруп алышкан.

21 жаштагы кыз жалган тойдо колуктунун ролун ойноп жатам деп ойлогон. Бирок, кийин мыйзамдуу түрдө никеге турганын түшүндү.

Ал полицияга арыз жазганы менен, керектүү далилдин жетишсиздигинен, полиция тараптан жардам болгон жок. Кызга жергиликтүү кеңеш берүүчү уюмдан жардам суроого туура келген.

Май айында кыз тармактан визажист адистиги боюнча тажрыйбадан өтүү тууралуу билдирүүнү окуп, ага байланышкан. Бир жума тренингден кийин компания ага тамашуу тойго катышууну сунуштаган. Ошону менен окуусу бүтөрүн эскерткен.

Кыз ага макул болуп, той учурунда документтерге кол коёт. Компания никенин жалган болорун эскерткен.

Кыз азыр ким менен никелешкенин да билбейт.

“Кызды колдонгон. Ал тойдун чын өтүп жатканын билген эмес”, - дейт кеңеш берүүчү уюмдун адистери.

Гонконг полициясы жыл сайын ушуга окшогон 1000 ишти каттайт. Кытай жарандары Гонконг жарандарына үйлөнүп, кийин Гонконг шаарына көчүүгө мүмкүнчүлүк алууга аракет кылат.