Бишкектеги кыргыз-түрк ооруканасы качан иштей баштары белгисиз

25 января 2019 Бишкектеги кыргыз-түрк ооруканасы качан иштей баштары белгисиз

Оорукананын курулушу 2016-жылы башталып, 2018-жылы аяктаган.

 Бишкек шаарынын Фучик көчөсүндө кыргыз-түрк достугуна арналып салынган оорукана быйылтан тарта иштей баштайт. Бирок так күнү тактала электигин Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Кыргыз-түрк достугуна арналган оорукананын курулушу ТИКА уюмунун каржылоосу менен 2016-жылы башталып, 2018-жылы аяктаган.

"2019-жылы ачылат деп күтүлүп жатат. Азырынча так датасы белгилүү боло элек. Жабдууларды алуу жана дарыгерлерди даярдоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Оорукананын имараты курулуп бүткөн", — дешти министрликтен.

Кыргыз-түрк достугун даңазалаган оорукана

Былтыр сентябрь айынын башында Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын Кыргызстанга болгон расмий иш сапары учурунда аталган оорукана биринчи айымдар Айгүл Токоева жана Эмине Эрдогандын катышуусунда ачылганы маалымдалган.

Жаңы салынган имарат "Кыргыз-түрк достук ооруканасы" деп аталары да кабарланган болчу.

Оорукана негизинен 150 кишиге ылайыкташтырылып, заманбап диагностикалык жабдуулар коюлмакчы. Толук курулуп бүткөндөн кийин Бишкек мэриясынын карамагына берилери айтылган.



Дагы: sputnik.kg, фото-© Фото / Пресс-служба Минздрава КР