Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Туризм департаментинин жетекчиси Максат Дамир уулу 2019-жылы тарыхый жайларга туристтерди тартууга басым жасаларын айтты.
Дамир уулу: быйыл 20га чукул тарыхый жайлар оңдоп-түзөөдөн өтөт
2019-жылы туризмди өнүктүрүү максатында бир топ иштер аткарылат. Алардын ичинде туристтик жайларга кемпингдерди куруу, заманбап дааратканаларды көбөйтүү жана тарыхый-маданий жайлардын бир тобун оңдоп-түзөөдөн өткөрүү каралган. Бул тууралуу Максат Дамир уулу Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, өлкө аймагында жалпысынан 450дөн ашуун тарыхый-маданий жайлар бар.
"Туризм департаменти учурда жайкы туризмге даярдык көрүп баштады. Быйыл 20га чукул тарыхый-маданий жайларда оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүнү пландаштырып жатабыз. Максатыбыз мындай туристтик жайлардын инфраструктурасын гана оңдоп койбой, жергиликтүү бийлик менен биргеликте түшкөн акчаны өздөрүндө калтыруу, айланасына кандайдыр бир ишкерлик жүргүзүүгө шарт түзүп берүү болуп саналат. Мындан сырткары, туристтер көп барган жерлерде кемпингдерди куруу, талапка жооп берген дааратканаларды көбөйтүү маселелери да бар", — деди Дамир уулу.
Ал быйыл "Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү" жылынын алкагында кирген туристтердин санын так билүү үчүн чек ара кызматтарына атайын техника орнотууга да аракеттер көрүлөрүн кошумчалады.
Дагы: sputnik.kg, фото-© Sputnik / Бегимай Бакашева