Аида Салянованын агасы Камила Дүйшөбаеванын иши боюнча АКШда кармалды

25 января 2019 Аида Салянованын агасы Камила Дүйшөбаеванын иши боюнча АКШда кармалды

Милициянын ырасташынча, 2014-жылы 55 жаштагы Калыбек Элтуйбасов 10-мартта сауналардын бириндеги көзөмөл камерадагы жаздырууну өчүргөн. Ошол күнү кыз өлтүрүлгөн.

 Мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын аталаш агасы Калыбек Элтуйбасов Камила Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча АКШда кармалды. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Саляновду Кыргызстандын ИИМинин сурамжылоосу менен кармашкан. Экстрадициялоо маселеси каралып, тергөө иши уланууда. Өлүмдүн башка себептери да такталып жатат.

Паракорлукка шектелип ИИМдин азыркы жана мурдагы кызматкерлери кармалды

2014-жылы 10-мартта белгисиз себептер менен 19 жаштагы Камила Дүйшөбаева өлтүрүлгөн. Кылмыш иши коомчулуктун көңүлүн буруп, ИИМдин мурдагы министри Мелис Турганбаев ишти аягына чыгарууга убада берген.

2016-жылы 21-ноябрда министрликтин кийинки жетекчиси Кашкар Жунушалиев да кылмыш ишин иликтей тургандыгын айткан.

Милициянын ырасташынча, 2014-жылы 55 жаштагы Калыбек Элтуйбасов 10-мартта сауналардын бириндеги көзөмөл камерадагы жаздырууну өчүргөн. Ага эс алуучу жайдын жетекчиси А.Н. жардам берген. Ошол учурда видео милицияларга дагы керек болгон.

Элтуйбасовго өндүрүштүк тергөөгө тоскоол болгону үчүн сыртынан айып тагылган. ИИМдин башкы иликтөө башкармалыгы кылмыш ишин козгоду.



Дагы: sputnik.kg, фото-© Sputnik / Рамиль Ситдиков