Таанымал актер онунчу жолу ата болду

30 октября 2018 Таанымал актер онунчу жолу ата болду

57 жаштагы америкалык актер Эдди Мерфи онунчу жолу ата болуу астында турат. Комедиялык фильмдердин жылдызы тогуз баланын атасы, кесиптеши Мэл Гипсондон ашып өттү. Бул тууралуу People басылмасы кабарлайт.

Актердун айтымында баласы декабрь айында дүйнөгө келет. Жалпысынан Эдди Мерфинин ар кайсы аялдардан сегиз баласы бар. Мурунку аялы Николь беш бала төрөп берген. Эдди Мерфи Николь менен 13 жыл чогуу жашаган. Мындан тышкары, актердун таанымал Spice Girls тобунун мүчөсү Мел Биден үч баласы бар.

Ал эми онунчу баланын энеси Пейдж Батчер менен Эдди Мерфи алты жылдан бери чогуу жашайт. Түгөйлөрдүн Иззи аттуу эки жашар кызы бар.

Актердун эң улуу баласы 29 жашта. Ал бардык балдары менен жакшы мамиледе.