Huawei смартфондору iPhonе-дон ашып өттү

30 октября 2018 Huawei смартфондору iPhonе-дон ашып өттү

2018-жылдын экинчи бөлүгүндөгү көрсөткүчтөр боюнча, электроника дүкөндөрүнө сатыкка алып келинген iPhone санынан Huawei смартфондорунун саны көп болгон. Бул тууралуу маалыматты Gartner серепчилери жарыялады.

Быйыл керектөөчүлөрдүн суранычы боюнча Huawei компаниясынын смартфондору көп сатылды. Буга байланыштуу, компания “эң көп сатылган смартфондор” рейтингинде экинчи орунга көтөрүлдү. Бир нече жыл бою бул орунда Apple компаниясынын өнүмү турган эле. Кытайлык компаниянын быйыл активдүү иштөөсүнүн таасиринен белгилүү бренд бир тепкичке төмөндөдү. Ал эми топ башында, адаттагыдай Samsung компаниясы турат. Түштүк Корея компаниясы жылдын экинчи бөлүгүндө 72 миллион смартфонун заводдон чыгарып, электроника дүкөндөрүнө өткөргөн.

Азыркы учурда Huawei-дин көрсөткүчүн арттырып турган телефон – Honor 10. Бул субфлагмандын сатыкка чыккан убактысынан баштап 3 эле айдын ичинде 3 миллион даанасы сатылган.