Эки мүнөттө уйкуга кетүүнүн жолдорун билесизби?

30 октября 2018 Эки мүнөттө уйкуга кетүүнүн жолдорун билесизби?

АКШнын аскерлери өз тажрыйбасында колдонгон эки мүнөттө уйкуга кетүүнүн сыры жарыя болду.

Эгер 2 мүнөт ичинде уктап калгыңыз келсе, төмөндөгү ыкмаларды колдонсоңуз болот. Бул ыкмалар жоокерлерди согуш талаасында да уктата турган күчкө ээ.

  1. Эң биринчи бетиңиздин булчуң этин бош кармаңыз. Негизгиси, тил, төмөнкү жаак жана көздүн булчуң эттерин унутпаңыз;
  2. Ээгиңизди болушунча төмөн түшүрүп, колуңузду денеңиздин бою менен бош кармаңыз;
  3. Жай тынчтанып, бутуңузду, көкүрөгүңүздү, ичиңизди бош кармаңыз;
  4. Андан кийин оюңузду ашыкча санаадан тазалап, өзүңүздү жээкте жактандай сезиңиз. Эч нерсе ойлобо деген сөздү кайталап айта бериңиз;
  5. Уйкуга кеткенче ашыкча нерсени ойлоодон оолак болуңуз.