Өткөн аптада АКШ президенти Дональд Трамп АКШнын Сириядагы ИМди (Орусияда тыюу салынган) жеңгендиги жана америкалык аскерлерди өлкөдөн чыгаруу жөнүндөгү корутундуну жарыялады. Бул чечим тынчтык үчүн күрөштө америкалык курал салтанаты катары тартууланганына карабай, иш жүзүндө анчалык деле реакция жараткан жок: АКШнын Коргоо министри Джеймс Мэттис кызматтан кетти, ал эми The Washington Post гезити кырдаалды “Трамптын тушунда Вашингтондун өлчөмү боюнча катастрофалык окуя” деп атады. “Жогорку экономикалык мектептин” профессору Дмитрий Евстафьев «Eurasia.Expert» журналына берген маегинде америкалык президент Сирияга эмне үчүн чекит койду жана бул Орусия жана КМШ өлкөлөрү үчүн эмнени билдирет, ошондой эле АКШнын башка аймактардан, мисалы, Жакынкы Чыгыш же Украинадан өз алдынча чыгарууга болобу деген суроолорду талдады.
- Дмитрий Геннадиевич, АКШнын Сириядан кетүүсү эмнени билдирет? Эмне үчүн бул чечим азыр гана кабыл алынды?
- Мен Сириядагы кырдаалды төмөндөтүү тууралуу чечимди жайында эле кабыл алынган деп ойлойм, анткени стратегиялык эч нерсе жок, жөнөкөй сириялык оппозиянын калдыктарын “жабыштырып жасоо” мүмкүн эмес. Ал эми радикалдарды саясий курулушка “тартуу” аракети оор натыйжаларга алып келиши мүмкүн. Күрттөрдү колдоо америкалык саясатына байланыштуу Анкара менен болгон мамилелердин начарлоосу ого бетер кырдаалды татаалдантты: Сириядагы жана жалпы эле аймактагы америкалык саясаттын бардык таянган жерлери биринчиден бекем эмес (ошол эле күрттөр согуш учурунда эрдик менен аскердик өнөрүн көрсөткөн эмес), коррупциялашкан жана АКШга бардык нерседен түздөн-түз көз каранды, экинчиден алга олуттуу саясий жана имидждик тобокелдерди жаратышат. “Араб жазы” аяктады, “уулуу каражаттарды” чыгаруу убактысы келди.
Мунун көрсөткүчү болуп АКШ контролдогон Ат-Танф районунун жанындагы “ар-Рукбан” лагеринде “качкындарды коргоо жөнүндө” саясий кампанияны жайылтууда АКШнын жада калса жакын союзташтарын өзүнө тарта албагандыгы саналат. Ал жерде америкалыктар калган оппозицияны кайра түзүүнү каалшкан. Сирия өкмөтүнүн көзөмөлүнөн тышкары жана ал пайдаланып жаткан анклавды кармап турууга багытталган бул саясий өнөктүк конституциялык процесте америкалык топтор соодада көзүр катары катышып, Дамасктын саясий эгемендигин талашкан, ал тургай АКШнын эң жакын союздаштары жигердүү катышкан жок. Ушундан кийин Сириядагы “саясий ар тараптуулукту” калыбына келтирүү мүмкүн эмес экендиги ачык-айкын болду. Мындай учурда күч-аракет менен ресурстарды коротуу зарылдыгы барбы?
“Хашогги ишин” өнүктүрүү жана Сириядагы катышуусун кыскартуу тууралуу чечим кабыл алды. Трамптын Эр-Риядга колдоо көрсөтүү боюнча саясаты АКШны жагымсыз тактикалык дилемма алдына койду: же эч нерсени өзгөртпөй Анкараны Москва менен Тегерандын кучагына түртүү, же Вашингтондун союздаштары айтпаш үчүн бир нерсе менен курмандыкка барып, АКШ үчүн кооптуу болгон бул дрейфти токтотууга аракет кылуу керек.
АКШ азыр Түркияны жөн эле жоготкусу келбейт. Бул аймактагы бардык америкалык саясаттын күтүүсүз кыйрашы болот, Ирандагы ислам революциясына караганда алда канча күчтүү.
Иш жүзүндө АКШнын чечими кененирээк болсо, күрттөрдү курмандыкка чалуу чынында абдан “жеңил”, дээрлик табигый кадам болду. Ички америкалык артыкчылыктардан тышкары, анын убактысы айкын тандалган эле: Трамптын ФРС менен болгон жаңжалдын күчөшү жана федералдык өкмөттүн ишмердүүлүгүн тоңдуруу жөнүндөгү оор маселеден кийин, ЖМКлар менен коомдук пикирди бир нерсе менен алаксытуу керек эле. Америкалык аскерлердин Сириядан чыгарылышы – бул албетте америкалык элитанын “патриоттук” бөлүгү үчүн оор, бирок өтө деле эмес.
Вашингтондо дээрлик көпчүлүгү биринчи Обама, андан кийин Трамп Сирияда орусиялыктар менен ирандыктарга “утулганына” бой сунуп калышкан. Коргоо министри Мэттистин бул реакциясы күтүлбөгөн жерден болду. Бул америкалык жетекчиликтин бир гана ички карама-каршылыктын тереңдигин көрсөткөн жок. Бул Трамптын абалынын кыйла начарлоосунун себеби болушу мүмкүн – кантсе да Мэттис – Вашингтондогу кадыр-барктуу жана беделдүү адам.
- Трамптын чечимин аныктаган кээ бир терең себептери тууралуу айтууга болобу?
- Мен “кансыз согуш” тууралуу унута элек, билген адам катары мейли узак убакыт мурда өтүп кеткен болсо да, мындай чечимди кабыл алуусун элестетүү абдан кыйын, эч кандай терең себептер болмок эмес. Албетте, азыркы америкалык саясат өтө кызыктай сюрприздерди тартуу кыла баштады – мисалы, 5 жыл мурун мындай чечимди Пентагондун алдын ала жактыруусу жок кабыл алынганын элестетүү кыйын эле. Бирок, балким, АКШда азыр ушундай мезгил киргизилгендир жана америкалык элитанын конфигурациясы ушундай чыгар.
Трамптын чечиминде стратегиялык жашыруун логика бар деп ойлойм, болгондо да экөө: АКШ бардык кыйынчылыктарга карабай, негизги багыттардагы кыскартылган ресурстарды чогултуп, аймактагы өзүнүн катышуусундагы стратегиялык кайра түзүлүштү ишке ашырууга аракет кылып жатат деп ойлойм. Алар абдан көрүнүп турат: Сауд Арабиясы менен Перс булуңундагы мунай монархиялары, туруктуулугу бир гана Иранга эмес, бүткүл аймакка катыштуу америкалык саясаттынын ар бир нускасы үчүн маанилүү.
Сириядагы американын катышуусун кыскартуу тууралуу чечимди аныктаган факторлор бир Трамптын жеке коркуусу болду деп айтпайм. Бул акыркы чечим абдан тар чөйрөдө кабыл алынды – Сириядагы америкалык коопсуздук күчтөрү коркунучтуу комбинацияны, ал тургай ылайыксыз учурда аскердик чыр-чатакты провакация кылышы мүмкүн. Мисалы, мен американын атайын кызматкерлеринин биринин башына күрттөрдү пайдаланып, “Түркияны кырып-жоюу” креативдүү идеясы келген жок деп жокко чыгара албайм...
Мындай “гамбит”, өзгөчө, эгер ал ийгиликтүү аякталбай калса, АКШнын ички саясий абалына, мисалы, коомдук импичмент кезине даярдануу абалына терс таасирин тийгизет. Эл аралык кесепеттер жөнүндө айтпай эле койсо болот. Эми Трамп эгер америкалык атайын кызматтардын бири өзүнүн карама-каршы комбинациясын ойноого батынган болсо дагы, анда аны тез жана ишенимдүү түрдө жокко чыгарууга мүмкүнчүлүгү бар.
- АКШ өзүнүн дүйнөлүк империясын сактап кала турган абалда эмеспи?
- АКШ өзүнүн дүйнөлүк империясын эчак сактай албай калган, эгер бир нерсе жөнүндө сөз болуп калса, каржы жана инвестициялык мейкиндикти көзөмөлдөө аркылуу каржылык тармактардын колун айландырып рамкага чыгат. Эске салсак, АКШ узак аскердик чыр-чатакка карата өзүнүн ишин артка тартуу мүмкүнчүлүгү жаралган жагдайда гана токтотууга аргасыз болду.
Салыштырмалуу кыска мөөнөттүү күч кыймылдар иш жүзүндө көрсөтүлдү, мисалы, Сирия объектилеринин канаттуу ракеталар менен болгон чабуулу – америкалыктарга да жетиштүү болду, бирок узак убакытка созулган жаңжал аларды чынында эле абдан коркутуп койду.
“Америка империясынын” проблемасы – ал бир катар маанилүү глобалдуу институттарды контролдоо менен түзүлгөндүгүндө. Ал аркылуу АКШнын кызыкчылыктары алгач “жамаатык Батыштын” кызыкчылыгы катары берилип, камсыз болуп келген, адан кийин “дүйнөлүк коомчулукка” таандык болгон.
Бирок, кайсы бир учурда АКШнын өзү бул институттарды алсыратып баштады, мисалы, “жетини”, МВФ, монополиялык үстөмдүккө умтулат. Эми аларга артка кадам басууга жана “алдын ала даярдалган позицияга” жетүүгө өтө кыйын болот. Аларга атүгүл НАТОго да таянуу кыйын.
“Америкалык империянын” азыркы абалындагы негизги көйгөйү – башкаруу натыйжалуулугу жана анын институционалдык бүтүндүгүнүн деңгээлинин төмөндөшү, ал ички америкалык саясий консенсустун кыйроосун күчөтөт.
Бул чын эле дүйнөдөгү Американын таасиринен алсыраган узак мөөнөттүү фактор, эгер албетте бир керемет болуп кетпесе, кийинки шайлоодо “эки жактуу консенсустан” Трампка каршы чыккан кандидат жеңишке жетет. Бирок, АКШдагы ички саясий консенсус калыбына келтирилсе, биз абдан агрессивдүү Америкага туш болобуз, буга дагы даяр болушубуз керек. Ошондуктан, көйрөң айла-амалдардан сактанса болот эле.
Биринчиден, тажрыйба көрсөткөндөй, дүйнөлүк каржыландырууда АКШнын дарамети азырынча дээрлик бардык ири дүйнөлүк оюнчулардын, ал тургай Кытайдын колун бурап чыгарууга жетет. Негизи, Кытайдын глобалдуу экономикалык системага абдан “батып кеткенине” баары күбө, ал азыр өзүнүн геоэкономикалык маселелерин өзү чечип жаткандыгы АКШ үчүн терс роль ойноп жатат.
Экинчиден, ал тургай АКШнын ширешкен күчтөрүнүн акциясы АКШ аскердик күч оюндарынын “классы” жалпысынан сактап калганын көрсөтөт, бирок, албетте, өтө жөнөкөйлөтүлгөн түрдө жана булгангандыкты ашыкча пропаганда кылуу менен. Рональд Рейгандын мезгилинде мураска калган бул “классы” АКШны “өлгөн арстан” деп чечим кабыл алгандарга абдан олуттуу (саясий, экономикалык жана аскердик) зыян келтирүү үчүн жетиштүү.
Үчүнчүдөн, АКШнын аскердик-саясий элитасы бардык карама-каршылыктарга карабай, улуттук аскердик курамдын стратегиялык алсыроосун түшүндү. Аскердик күчтөрдүн үстөмдүгүн калыбына келтирүү үчүн олуттуу аракеттерди көрүп жатат. Бул убактылуу маселе болуп саналат, стратегиялык башкаруу системасынын натыйжалуулугун арттыруу жана артыкчылыктарды туура тандоонун маселеси. Акыркысы, буга чейин айтылгандай, эң кыйын.