Жаш жигит келбетин өлгөн адамдын баш сөөгүнө окшотуу үчүн кулагы менен мурдун кесип салды

30 октября 2018 Жаш жигит келбетин өлгөн адамдын баш сөөгүнө окшотуу үчүн кулагы менен мурдун кесип салды

Колумбия жашоочусу келбетин өлүк адамдын баш сөөгүнө окшотуу үчүн кулагы менен мурдун кесип салган. 2 жыл ичинде ал бетин өзгөртүү үчүн көптөгөн операция жасаткан. Азыр Эрик Йайнер Хинкапье Рамирес өзүнүн сырткы келбетине суктанып келет.

Бирок, ал мурду менен токтоп калган жок. Азыркы убакта жаш жигит кулагы менен мурдунун төмөнкү бөлүгүн кесип салып гана тим болбой, тилин экиге бөлүп, денесин татуировка менен толтурган. Ал тургай, башына да татуировка жасаткан.

Эрик алгачкы татуировкасын энеси каза болгондон кийин жасаган. 22 жаштагы жигит кичинекей кезинен бери баш сөөктү жактырарын айтат. Бирок, эң сүйүктүү адамын чочуткусу келген эмес. Ошондуктан, энеси каза болору менен Эрик денесин кескин өзгөртүүнү чечкен.

“Денени өзгөртүү – ар кимдин жеке тандоосу. Ошондуктан, аны башкалардын баалап, сынга алгандары туура эмес. Бул аялды көкүрөгүн же жамбашын чоңойткону үчүн соттогон менен тең. Мен үчүн баш сөөк – менин чоң энем, үй-бүлөм сыяктуу. Ага көнүп калдым”,- дейт Эрик Йайнер Хинкапье Рамирес.

Рамирестин сырткы келбети алдынан чыккан адамдарды чочутарлыктай коркунучтуу болсо да, жаш жигит өзүнүн башкалар сыяктуу дени сак, кадимки адам экенин айтып келет.