Филиппиндик кыз каза болгон жигитине “турмушка чыкты”

30 октября 2018 Филиппиндик кыз каза болгон жигитине “турмушка чыкты”

Филиппиндик кыз каза болгон сүйүктүүсүнө “турмушка чыкты”, деп RT басылмасы кабарлайт.

Зарин аттуу жаш жигит 22 жашында жол кырсыгынан каза болгон. Анын өлүмүнө кайгырган 19 жаштагы сүйүктүү кызы жигиттин жаназасын чыгарган кезде “той” өткөрдү. Ал жигити менен коштошууга ак көйнөк кийип келип, “нике кыйуу” аземин өткөргөн. Зарин анын манжасына нике шакегин такмак болот, бирок тага албайт. Андан кийин жигиттин колуна коёт.

Жергиликтүү ЖМКнын билдирүүсүндө, жигиттин туугандары өзгөчө салтанатка каршы болбой, каза болгон уулуна “турмушка чыгууга” уруксат беришкен.