Гол киргизген Турсунали Рустамов жаңы төрөлгөн кызын көрө элек. Атасынын маеги

23 января 2019 Гол киргизген Турсунали Рустамов жаңы төрөлгөн кызын көрө элек. Атасынын маеги

Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмирлигинин (БАЭ) беттешинде гол киргизген футболчу Турсунали Рустамовдун атасы Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине сезимдери менен бөлүштү.

Азия кубогунун алкагында БАЭ командасынын дарбазасына гол киргизген атамекендик футболчу Турсунали Рустамовдун келинчеги көз жарды. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине спортчунун атасы Хайитмухаммад Рустамов билдирди.

Футболчунун Кара-Балта шаарында жашап, жер-жемиш сатып ишкерлик кылган атасы менен телефон аркылуу байланыштык. 

Курама команданын жарым коргоочусу Турсунали Рустамовдун атасы Хайитмухаммад Рустамов жана апасы Матлюба Рустамова. Футболчу өзү төрт бир тууган.

Ал алгач уулунун чемпионаттагы ийгилигине маңдайы жарыла кубанганын айтып берди. 

Рустамов: уулум 3-классынан тарта футбол менен машыгып, бой тартканда курама командага кошулду

"Оюнду түз эфирден көрдүк. Жалпы командага жан тартып, колдодук. Балдар мыкты оюн көргөздү. Биз курама команда жарым финалга чыкса, керек болсо чемпион болсо деп тиленгенбиз. Балам гол киргизгенде толкунданып, өзүмдү кармай албай калдым. Кыйкырып ийдик. Таякелери, акелери менен отуруп чогуу көрдүк да. Андагы сүйүнүчтү сөз менен айтып бере албайм. Сагынып, күтүп жатабыз. Келсе катуу кысып кучактайм", — деди спортчунун атасы.

Ошондой эле сүйүнүчүнө жаңы төрөлгөн небереси да кошул-ташыл болгонун белгиледи. 

Турсунали бир уул, эки кыздын атасы. Үчүнчү перзенти ал Бириккен Араб ЭМирлигинде жүргөндө жарыкка келди.

"Турсунали оюнда жүргөндө келиним көз жарды. Кыздуу болдук. Телефон аркылуу сүйүнчү айтканыбызда абдан кубанды. Оюн учурунда дем берсе керек. Буга чейин бир уул, бир кызы бар болчу. Баарыбыз Кара-Балтада турабыз. 90-жылдары Тажикстандан көчүп келгенбиз. Турсунали тун уулум. Эки иниси жана карындашы бар. Мен жер-жемиш сатып иштейм. Апасы Матлюба Рустамова үй кожойкеси", — деди Рустамов.

Турсуналинин футболго кандайча келип калгандыгы тууралуу да азын-оолак кеп кылды. 

"Өзүм жаш кезде футбол ойноп жүргөм. Турсунали мени ээрчип ойноп жүрчү. Кара-Балтадагы Сергей аттуу машыктыруучуга 3-классынан тарта бергем. Бой тартканда курама командага кошулду. Азырынча чет элдик клубдарда күчүн сынай элек. Болгону Тажикстанга барып ойноп келген", — деди Рустамов.

Турсунали Рустамов Азия кубогунун 1/8 финалында топ киргизип, эсепти теңеген. Бул турнирге Кыргызстан биринчи жолу катышты.

Эске сала кетсек, Азия кубогунун 1/8 финалында Кыргызстандын футболчулары БАЭ менен беттешип, 3:2 эсебинде утулган. Атаандаштарга топтун алгачкысын Мирлан Мурзаев киргизсе, кийинкиси Турсунали Рустамовго таандык болду.



Дагы: sputnik.kg, фото-© Фото / Facebook / Федерация футбола Кыргызской Республики