Кыргызстандын мыйзамында диний же улуттук түшүнүктөн улам зомбулук жасоого чакырык экстремисттик ишмердүүлүк катары каралат.
Ысык-Көлдүн эки айылында дин саясатын, конфессиялар, улуттар ортосундагы ынтымакты бекемдөө, коомдогу стабилдүүлүктү сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүрөт. Бул туурасында Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиядан кабарлашты.
Андан сырткары, диний жана этникалык негиздеги экстремизмдин алдын алуу зарылдыгы боюнча адистер эскертүү берет.
Иш-чара Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия, ИИМ, Этникалык мамилелер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу агенттигинин демилгеси менен өткөрүлүүдө.
Түшүндүрүү иштери Ананьево айылында 23-январда, ал эми Тамчы айылында 24-январь күнү болот.
Эске салсак, 11-январда саат 20.30да белгисиз бирөөлөр көрүстөндөгү чырым белгилерин, эстеликтерди, тосмолорду сындырып, гүлчамбарларды ар тарапка ыргытып кетишкен.
"Биз бардык динге бирдей мамиле жасалган светтик мамлекетте жашайбыз. Адам диний же этникалык негизде кемсинтүүгө учурабашы керек. Кыргызстандын мыйзамында диний же улуттук түшүнүктөн улам зомбулук жасоого чакырык экстремисттик ишмердүүлүк катары каралат. Биз андыктан ар кыл диндин өкүлдөрүнүн диалогу менен бири-бирин урматтоосун өнүктүрүшүбүз керек", — деп айткан Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Закир Чотаев.
Sputnik калкынын саны тез өскөн Кыргызстандын аймактары туурасында инфографика жасаган.
Дагы: sputnik.kg, © Фото / пресс-служба УВД Жалал-Абад