Видеоблогер кыз көбүрөөк катталуучунун көңүлүн буруу үчүн келбетин өзгөтүп, операция жасаткан.
Лю деген ат менен таанымал болгон кытайлык блогер кыз бетине пластикалык операциядан кийин жанын кыйганын South China Morning Post басылмасына таянуу менен РИА Новости жазды.
Андан бир күн мурун 23 жаштагы кызды күйүп жаткан имараттын ичинен күчтөп алып чыгышкан. Бийкеч бетин жаап, кыйкырып-өкүрүп, кимдир бирөөнүн аны көрүшүн каалабай жатканын айткан.
Видеоблогер кыз көбүрөөк катталуучунун көңүлүн буруу үчүн келбетин өзгөтүп, операция жасаткан. Бирок натыйжа тилекке каршы ал күткөндөй болбой, таптакыр үйдөн чыкпай отуруп калган. Анысы аз келгенсип, жигити да таштап кеткен.
Ошондон кийин да кыз бир нече ирет өмүрүнө кол салган.
Дагы: sputnik.kg, фото-© AFP 2019 / Mahmoud ZAYYAT